АБАККА ТҮРТКӨН СҮЙҮҮ 7 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=40571&preview=true Кызыктуу окуялар.

АБАККА ТҮРТКӨН СҮЙҮҮ

7-БОЛУМ.

 

 

Таяк жеген Мамат кыйладан кийин ордунан туруп кан болгон бети башын аарчыды .Эки досу тургузууга аракет кылып антсең болмок,минтсең болмок деп,жоо кеткенден кийин кылычын ташка чаап жатышты.Кучу жетпей бүркүттүн чеңгелинен чыгалбай туйлаган түлкүдөй болгонун өздөрү деле көрүштү ,бирок өзү аттан түшсө да буту үзөңгүдөн түшпөптүр дегендей жеңилүү ызасын тартса да өздөрүнөн кичүү балдар тизгиндерин тартып койгонун мойнуна алгысы келишпеди.Булардын доору бүтүп тең тайлашуучу жаштар чыкканына ичтери күйүп оңой оокатты колдорунан чыгарып жибергенине ичтери ачышып жатты.Кайра эле барып көптөп сабап жибергиси да келди, бирок бир чети Алымбек аганын сүрүнөн коркушса ,бир чети Мырзабектин ишеничтүү достору бар экенинен тайсалдашты. Мурда каратып туруп эле бир бирден ичке ,башка койгуласа да мындай кылып баш көтөрө алчуу эмес.Эми булардын таяк жегенин көрүшкөн балдар алсыз экенин билишип Мырзабекчесинен теңме тең мушташып уруп да коюшу мүмкүн.

Бир көзү жабылып оозунан каны аккан Мамат машинасынын күзгүсүнө барып өзүн көрдү да тааныбай калды.Денелери да жанчылып Мырзабектин мушу тийген көкүрөгү ,бети көгөрө түшүптүр.Суу куюлуучу идиштеги сууну алып бети башын жууп кан болгон жерлерин кетирди да, ичиндеги кегин жашыра албай ,,шашпаа»деп койду.Эсен менен Шакен Маматты жуунуп бүткүчө карап турушту да бүткөн соң:

—Эми эмне кылабыз Мамат,биздин үйүбүзгө барып тура тур бир эки күн ,аяш апабыз көрсө ким урду деп чак челекей чыгарат.Анан Алымбек ага уят болобуз деди.Маматтын апасын булар билчү.Кичинесинен эле болушуп бирөөлөрдөн таяк жесе урган баланын үйүнө барып баласына кошуп апасын да урушуп тилдеп жетер жерине жеткирчү.Мындайын билген аялдар теңелип урушпастан басып кете турган .Күйөөсү өмүр бою чоң кызматта иштегендиктен дымагы күчтүү болуп башкаларды башкарып кирчуу.Айылдагы той тамашаларда дароо эле бий болуп башкара баштайт турган өнөрү бар эле.Баласына туура тарбия бере албай көптүргөн өздөрү болчу.Мамат бирөөлөрдү уруп ,ата энеси арызданып келсе эркек ошондой болот,эркек болсо урсун силердин да балаңар, деп кеп жечүү эмес.Ушуга сүйлөгөн кайран сөз деп,кол шилтеп кетип калышчу.Мына эркек чыгып баласын уруп салды.Эми эмне деер экен?Бирок колунда бийлиги бар чалына айттырып эле милицияга каматтырып салат.Бул аялдан баары айбыкчу.Ошого Эсен менен Шакен апасына көрүнбөй турууну айтышты.Апасынын кыялын билген Мамат да ушул кебетеси менен кирип баруудан айбыгып турган.Эгер билчүү болсо күнөө өзүмдө десе да ,өз билгенин кылмак.

Жели чыккан Мамат Эсендин үйүнө барып турууну чечти.Маматтын үйүнө барып машина оңдотуп атабыз издебей эле койгула деп коюшмак болду.Ушундай чечимге келишип бети талкаланган Маматты,жарасы айыкканча беките турмак болушту.Машинаны айдап талаадан төмөн кеткен жолду чаңытып жай түшүп баратышты да жолго чыккан соң Эсендин үйүнө көздөй бет алышты.

Мырзабектин жеңишине кубанган достору үйүнө чейин узатып келишти да бир эки күн сабакка барбай эле кой,биз айтып койобуз,бетиндеги көгөргөн жерлерин кетсин дешти.Мырзабектин чечкиндүүлүк менен Маматка коркпой урушам деп чыкканына бир чети ыраазы болушту.Антпесе ,жолуккан жерде эле буларды уруп согуп,тамекиге акча ,аракка акча деп жүдөтүп жиберген.Күчү жетерин билишсе дагы үчөөлөп уруп саларын көргөн балдар тайсалдап мушташка чыга алчуу эмес.Мырзабектин тапкычтыгына да баа беришти.Эгер Алымбек ага менен Маданбек агалар болбогондо дагы эле баягыдай уруш болмок.Оң келген бирөөсүн чаап ,алсыздарды тепкилеп түлкүнү талаган иттей болушмак.Ортодо болгон кагылышуу кайра күчөмөк да ар бир тарап бала топтоп мушташ чыгып, тополоң тоз болмок.Мырзабектин ойчулдугунан эч ким жапа чеккен жок ,эки адамдын ортосунда эле маселе чечилип ,урушту эч ким билбей калды.

Үйүнө киргизип коюп дагы бир сыйра куттуктаган достору кетип калышты.Үйгө кирген Мырзабек күзгүгө каранды эле бетинен эки үч жери кызарып көгөрүп калыптыр.Оң жаагына тийген муштан бир аз шишип оозун ачса оорутуп жаратты.Кызуулук менен байкабаган экен Маматтын да колдору тийип бир кыйла жерин көгөртүп салыптыр.Чуркап келип катуу сүзгөнгө кабыргалары кол тийгизбей ооруп чыкты.Машыгууну бир аз өздөштүрүп алганы жакшы болгон экен,пайдасы тийди.Болбосо,таяк жеп калуусу да мүмкүн болчу.Жыгытып алып үстүнө чыгып уруп атканда бетине тийген эки муштан көзүнөн от чагыла эсин жоготуп койо жаздады.Уят өлүмдөн күчтүү деп өз убагында ыкманы туура пайдаланганы өзүнө жеңиш алып келип берди.Маматтын жеңилиши бир жагы Мырзабекти баягыдай эле урсам жалтанып качат да ,десе,бир жагы арак ичип , тамеки тартканга күчү кайтып баратканы болчу.Машыгуусу жок эле сөз менен коркутуп үйрөнүп калган Мамат ,мага бирөө тик карай албайт деген ишеними күч эле.

Өзүн бир сыйра күзгүдөн карап алган Мырзабек душка барып муздак сууга түшүп келди .Бир аз жата турайын деп уктап кетти ,,Мырзабек» деген апасынын үнүнөн ойгонуп кеткен Мырзабек кечкирип баратканын байкап малдар келчүү убакыт болгон турбайбы деп эшикке чыга калды.Уйлары дагы огородко кирип кеткенин көрүп инисине,,Байламайынча эшикти ачып огородко киргизбе» деп,сүйлөнүп жатып баарын байлап ,апасын күтүп калды.Чакаларын көтөрүп келаткан апасы ,Мырзабектин бетин көрүп эле уйларын унутуп калды да ,,Ай иий,мобу бетиңе эмне болду «деп баласынын бетин кармалай баштады.Апасынын колун тийгизбей башын ала качкан Мырзабек жөн эле апа машыгуудан эле болду ,деп койду.

—Алда балам ай,ушул машыгууңду таштасаңчы.Ушу кинону чыгарбай эле койбоптур.Ошолорду туурап эле балее болдуңар го,деп кейип калды.

—Эч нерсе эмес апа,аскерге барганда керек болот,деп койду ,Мырзабек.

Ушул машыгуу пайда бергенин каяктан билсин апасы .Машыгуунун артынан Маматтардан коркуп ,көчөдөн дайым акчасын алдырган балдарга тынчтыкты камсыздап бергенин билбейт да.Кийинчереек ,эгер ушул окуя угулуп калса, Мырзабек зөөкүр Маматты уруп салган деген сөз көпкө айтылмак.Бирок ,ооз ачпагыла деген эскертүүнү баары уккандыктан эч ким деле,башкага айтууга батынышкан жок.

Анара Мырзабектин районго мелдешке барам дегенине ишенген эмес .Мамат менен мушташат бейм деп болжолдогон.Бирок, ачык айтпай эле ,,ии,жакшы ийгилик каалайм «дегени эле болбосо,бул жерде бир мандем бар деп ойлогон .Кечеегиде мага Мамат тийиштик кылганды уккандан бери,Мырзабек башкача болуп жүрдү,ошондон соң машыгып жатканын көрдүм.Демек, Мамат менен мушташууга камынып жаткан экен да ,деп ,Анара өзүнчө ой жүгүртүп койот.Булардын урушу мен үчүнбү?Мени Маматтан коруп Мырзабек ошол ишке барды бекен?Бирок мага эч кимиси жүрөлү деп айткан эмес да.Мен да эч ким менен сүйүшө элекмин.Өзүлөрүнчө эле талаша береби,деп, өз ою өзүнө кызык угулуп күлүмсүрөп койот.Мырзабек жакшы бала,бирок мага азыр кыз жигит болуп жүрүүгө эрте.Мен дагы окуушум керек.Билимими жогорку окуу жайда улантышым керек.Сүйүүгө азыр эрте,кийин деле жетишем ал нерсеге,дегени менен Мырзабекти көргөндө көздөрү жайнап кетерин өзү да сезчуу.Бирок,окуйм деген кыялы менен баарын жеңчүү да ,сүйүү дегенди башына жолотчу эмес.Ошентсе да Мырзабекке ишенип каяка жүр десе да коркпой бара берчү.Аз аздан Мырзабекке үйрөнүп,жок болсо издеп калганын байкабай бараткан.

Кечинде Мырзабек чакырганынан Анара сыртка чыкты.Учурашып алган соң.Мектепке дагы эки үч күн барбай турушун айтты да,сен коркпой сабакка бара бер,мындан ары сенин алдынан эч ким тоспойт дагы,тийишпейт дагы,деди.

—Анара,кандайдыр тоскоолдуктар болсо тартынбай айта бер,сен үчүн баарына даярмын ,деди.Минтип айткан себеби, жагасын деген сөздү шак эле айта салбай аз аздан көндүрө баштаганы эле.Бул айткан сөзүн Анара сезди да сөздөр андан ары уланып кетпесин дегендей дароо эле,, макул мен кирейин атам урушат» деп ,кирип кетти.Сөздү баштаганда эле,,атам урушат»кирип кеткени Мырзабекке сүйүүңду билдирбей эле койчу дегендей туюлуп кетти да унчукпай эле кала берди. Караңгыда Мырзабектин көгөргөн жерин байкабаган бойдон кирип кетти.Мырзабек да ошону каалап аткандыктан ,караңгыда келип өзүң коркпой бара бер деп айтканы келген эле.

Үч күндөн соң Мырзабектин ооруган жери басылып,бетиндеги көгөргөн жерлери кетип калды.Мектепке барар менен эле баягы чогу барган балдар Мырзабекти ороп алды да сен тузуксунбу ,бир жерин оорубадыбы деп сурашты.Жок, баары жакшы ,эмне болду деди.Балдар четке алып чыгып, Мамат ооруканага жатып алыптыр,ким урду деп милициялар издеп жүргөн имиш, дешти.

—Анан?

—Мамат өзү эч нерсе айтпай жатыптыр,мас болуп калыпмын ,билбейм дептир.

—Шериктеричи?

—Аларды суракка алган экен,биз жанында жок элек,билбейбиз, дептир.

Буларды угуп болк эткен жүрөгү өзүнө келе түштү.Көрсө,Эсендин үйүндө жатып акыбалы начарлаган экен,тез жардам чакырыптыр.Анан тез жардам алып кетип ата энесин чакырган экен,алар издөө салып жатыптыр.Мас болуп билбей калыпмын,ким экенин билбейм тепкилеп кетишиптир,деп жатыптыр.Эсен менен Шакен жолдо ушундай акыбалда таптык,ата энесине кабар берүүдөн коркуп эки күн бактык деп ,эмне болгонун алар да айтышпаптыр.

— Сен дагы бир эки күн көрүнбөй турчу,дешти , балдар.Себеби ,милициялар көчөдө жүргөндөрдү кармап сурап жатыптыр.Мектепке да келгенин көрүшүптүр.Мугалимдерге келип түндө чыгып тентектик кылган балдар кимдер деп сурашып да кетишкен имиш.Биздин эжей Мырзабек эмне эле мектепке келбей жүрөт деп сурады.Эптеп бир шылтоо айттык дешти.

Анарага жоолугуп койоюн деп ойлоп класска кирип барды да Анараны көрүп сагына түшкөнүн сезди.Бир нерсе жазып отурган Анарага келип ,,кандайсын Анара»десе ,Мырзабекти көрө калып сүйүнүп кеткендей көздөрү жайнай түштү да ордунан тура калды.Мырзабектин жүзүнө тигиле калып учурашкандан ордуна эмне болду деп сурап калды.Али да болсо бетиндеги көктөрү толук кете эле эле.Мырзабек эки жакты карап баары ары карап отуруп китептерин алып даярданып жатышып буларды эч ким карабады.

—Жөн жай эле машыгуудан ,деп жооп берди Мырзабек.

Оозун Мырзабектин кулагына жакындатып ,,мен билем «деп жылмайып койду.Мырзабек таң калгандай ким айтты дегендей Анаранын көзүнө тигилди да сөөмөйүн оозуна жакындатып чушшш,деп эки жагын карап койду Азыр андай маалыматты таратуу коопту болчу.Анара түшүнгөндөй башын ийкеп койду.Мен кеттим үйгө,жумуштарым чыгып калды, деп коюп,коштошуп эжей келгиче класстан чыгып кетти .

 

УЛАНДЫСЫ БАР….

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️