15-БОЛУМ.
Экзамендер башталып окуучуларда убакыт жок.Баары жакшы тапшырып алууну көздөп китеп колдорунан түшпөйт.Жакшы жетишкендиктер менен тапшырып алсак жогорку окуу жайына кирип окуйбуз деген ниетте баары аракет кылып жакшы баа алууга умтулуп жатышты.Бир гана Зинагүл эптеп эле бүтсөм болду,бааңардын деле кереги жок дегендей эптеп эле экзаменге келип кетет.Мамат менен болгон иштен кийин окууга эле эмес жашоого да кызыкпай калды.Апасынан күндө уруш угуп берип тажап да кетти .Себеби ,үйүндө бар менен жоктун ортосунда болуп жүрө берди.Кааласа туруп үй жыйнайт ,каалабаса кечке эле турбай жата берет.Оюнун баары Маматта.Эмнеге менин тагдырым ушундай болуп калды,күнөөм эмнеде.Кайсыл күнөөм үчүн жазаладың деп жараткан кудайына да нааразы болуп кетет.Баарына Мамат күнөлүү деп кайра Маматты күнөөлөйт Бул тууралуу милицияга арыз жазсамбы деп да ойлонуп көрдү.Анан ,кайсыл бетим менен көчөдө басып жүрөм деп коркту.Апасы укса эмне дейт,тирүүлөй сойбойбу.Өлгөн атамын да арбагы нааразы болот го.Мен жетимдин багы жокко дагы жок дегендей,багыма балта чапкан Мамат оңбосун,деп эстегенде ушуларды сүйлөп көзүнүн жашын төгүп алат.Күннүгө ар жака кете берчү Зинагүл,такыр үйдөн чыкпас болуп калды.
Анара такыр Зинагүл менен сүйлөшө албады.Бир бирине кез келчүү учур болбоду.Экзаменден чыгып эле Зинагүл үйүнө шашып кетип калып жатты.Анын үстүнө Мырзабек мени ушул кызга алмаштырып ,мени алдап кетти деп жүргөн үчүн булардын жашоосуна кызыкпай калды.Экзамен бүтсө эле шаарга барып окуумду улантам анан буларды такыр эстебей калам ,деп өзүн өзү ушуга көндүрүп жатты.Бирок,Мырзабекке болгон тун сүйүүсүн эстегенде жакшы күндөрүм артта калды деп Мырзабек менен бак аралап сырдашып жүргөндөрүн эстеп ичи ачышып кетет.Мырзабек жакшы бала деп ички дүйнөсү айтканы менен угуп көргөндөрү басымдуулук кылып ал оюн жолотпой кууп салат.
Мырзабек Анараны сүйсө да эркектик намысын сактап алдына кайра кайра бара бербеди.Бир эки жолу кат да жазып,укчу деп алдынан тосуп көрдү.Такыр уккусу жок Анараны тынч коюп өз жашоосу менен жашап калды .Анаранын артынан оор улутунуп алып ,,эх,жаным неге түшүнбөйсүң,сага болгон тун сүйүүм аруу таза эле бойдон болчу.Эң биринчи махабатым сенсиң,»деп күбүрөнүп алып тиктеп кала берчү.Экзамендерине кызуу даярданып жатып кыйнап жаткан ойлорунан алыстап,баарын ийгиликтүү тапшырып алсам экен деп умтулуп жатты.
Бул күндөрү Мамат экинчи планына даярданып жаткан.Булардын окуусу бүтөөр менен эле Анараны ала качып кетсемби деген ой келип достору Шакен менен Эсенге кеп салып көрдү.Бирок булар мурунку окуядан кийин чочуп калганы үчүн мындай иштериңе бизди аралаштырба деп коюшту.Анын сүйгөнү бар го жөн койсоңчу дешти эле Мырзабек менен Анара сүйлөшпөй калган деп койду.Мейли алсаң койсоң өзүң бил,эрк өзүңдө,бирок кыз ала качууга катышпайбыз дешип Маматтын оюна кошулушпады.Мамат менен жүрүп жаман жолго кирип барышканын кийинчереек түшүнгөн Шакен менен Эсен ,Маматтан оолак болууга аракет кылып кошулбай калышкан эле .Апасы бул экөөнөн шектенип урган ушулар болуп жүрбөсүн деп милицияга кайта кайта суракка чакырткан үчүн такыр алыстап кетишкен.
Бул достору көнбөгөндүктөн өзүм эле барып сүйлөшүп көрсөмбү деп ойлоп Анараны үйүнө кетчүү жолунан күтүп алып торуп көрдү.Анара Маматты көргөндө дене бою жылаан көргөндөй дүркүрөп кетти да Мамат сүйлөгөндө алыстан айланып качты.Жапайы деп сүйлөнүп алып аркасынан жете келип ,,Токтосоң,Анара,сөзүм бар эле»,-десе да укпаган адамдай жооп бербей эле шашып кетип баратты.Сүйлөшөм деген аракети текке кетип ичинен сөгүнүп ,,көп көргөм сендей кол тийбестерди.Өзүң жалынып келет турган кылбасам элеби»,-деп кекенип коюп кетип бараткан Анараны карап кала берди.
Бул жолу мектептен чыгып бир кыз менен келе жатканда алдынан чыкты.Салам айтып кыздар менен учурашкандан кийин ,,Анара бир аз койо турсаң «-деди.Шыпылдап өтө берген кыздар токтоп калды.Мамат,,Сен бара бер «,-деп жанындагы кызды айтты эле Анара аны такыр коё бербей айта бериңиз деди.Экөө колтукташып кармашкан боюнча Маматты тыңшап калышты.Тигил кыз кетпешин билгенден кийин такыр башкача сүйлөп койду:
—Сенин окууңду аякташы менен куттуктап кафеге чакырып койоюн дедим эле,макул сен деле келе бер ,деп кууланып тиги кызды дагы,ушинтсем экөө тең барып калабы деген үмүт эле.Бирок ,Анаранын ,,өзүнө мен сени көптөн бери жактырып жүрөм ,сени тигил Мырзабек деген туруксуз бала жолуңан адаштырды.Мен берчүү бакытты ал бере албайт.Кел экөөбүз жакындан таанышып дос болуп жүрөлү,»демекчи эле.Тиги кыз кетпей койгондуктан,ал оюн айтпай башка сөздү сүйлөгөнү ошол болчу.
Маматтын кафеге чакырганын угуп Анаранын ачуусу келип кетти:
—Сиз мага кимсиз кафеге чакыргыдай,өз теңиңизди чакырыңыз., деди да басып кетти,анан артына кайрылып туруп-Мындан кийин алдыман тосуп чыкпаңыз ,деди.
Эч кимден мындай кагуу жебеген Мамат арына келип кетти.Кыздарды каалагандай калчап ойноткон Мамат ,ушул кызга тили өтпөй ачуу тилин угуп,укса да эч нерсе дей албай тили байланып калганына өзү да таң калып жатты.Демейде буга каршы сүйлөгөн кыз болсо шатырата сөгүп же шапалак менен тартып жиберчү.Бир дагы кыз Маматтын мүнөзүнө туруштук бере алчуу эмес.Оюндагысын ишке ашыргандан кийин көрсөткөн кыялын билген кыздар ,жолобой качып кетишет болчу.
Алдынан тосуп сөз айтса уккусу келбеген Анарага башкача мамиле кылуу керек экендигин ойлоду да ,,шашпаа «,деп койду.
Экзамендер аяктады.Ийгиликтүү тапшыргандар мактоого татышты .Анара эң жакшы баалар менен тапшырып ,мектеп тарабынан мактоо баракчасын алды.Мырзабек да кем калышпай жакшы тапшырып алды.Билими тууралуу аттестаттар жазылып бүткүчө мектепте бүтүрүчүлөрдүн коштошуу иш чараларын өткөрүү үчүн даярданып жатышты.Анара мектепте уюштуруучу болгондуктан ар бирине тийиштүү тапшырма берип аларды бүтүрүүчүлөрдүн кечесине даярдап жатты.Мырзабек мен катыша албайм десе Зинагүл убактым жок ,деп жолободу.Анара Зинагүл менен мамилеси келишпей экөө сүйлөшпөй калгандан бери анын катышканын деле каалаган жок.
Мамат бул күндөрү апасына үйлөнмөкчү болгон оюн айтты.Кубанган апасы адатынча чоңоюп калган эле баласын эркелетип кирди:
—Ананып кетейин балам,үйлөнөм деген тилегиңен сенин.Кыз таптыңбы ,ким экенин эле айтып кой мага ,кимдин кызы болсо да алып берем,деп айланып тегеренип жиберди.Кимдин кызы экенин айтканда эле апасынан кабагы бүркөлө түштү да,,ии малчы Сейитбектин кызы экенби?-деп ойлонуп турду да :,,Балам ,аяш атанын кызын көрбөйсүңбү?-деп,сөздү башка жака бурганга аракет кылды.Бирок ,Мамат ,,мага ошол кыз жагат «,деди эле ,анда атаңа айтайынчы деди.
Бул сөздү уккан атасы букача челди:
—Бул балаң катын бага алабы?Же көчөдөн тоноп келген акчасы менен жашайт бекен?-деп,аялын кошо урушту.Баласынын бейбаштык кылып жүргөнүн билет болчу.Аялы эле жаап жашырып сүттөй таза деп актап жиберчү.Арызданып келгендерди осол кылып беттен алып кетиргенин билген күйөөсү аялынын айынан баласы ушундай бейбаш чыкканын айтып ачууланчу.
—Эркелетип жүрүп сен мунун тарбиясын тайкы калдың,десе.
—Жалгыз бала болсо эркелетпегенде анан эмне кылмак элем, деп кеп жечүү эмес.Күйөөсү билгениңерди кылгыла ,балаң бир нерсенин ичинен чыкса сен күнөөлүсүң, деп басып кетечү.Мамат бир эки жолу милицияга түшүп калганда күйөөсүн арбап жатып акча бердирип чыгартып алган.
Баласы үйлөнөм дегенин уккан күйөөсү нааразы болгонун көрүп,, коё тур катын качпайт,атанын ачуусу таркасын «,деп Маматтын көңүлүн көтөрүп койду.Бирок ,Мамат жакында Анара мектепти бүтсө шаарга кетерин билет,ошол бойдон көрүшпөй каларын да сезди.Ошондуктан башка чара колдонуп алып калуум керек деп ойлонуп жатты.
Белгиленген күн келип бүтүрүүчүлөр даярдаган концерттик программа тартууланды.Аябай сонун даярдалган концерт баарынын купулуна толуп көпкө чейин сүрөп кол чаап турушту.Анара чеберчилик менен бийди аткарганына көрүүчүлөр ыраазы болуп мактап жатышты.Андан соң мугалимдер чыгып калоо тилектер айтышып бүтүрүүчүлөдү жаңы дүйнөгө кадам таштап жатканын куттуктап үлгүлүү болуп мектепти жакшы жетишкендиктер менен куттуктап тактоо баракчаларын тартуулады.
Зинагүл сахнада ырдап бийлеп жаткан классташтарын көрүп ичи ачышты.,,Мен да ушулардай болуп ойноп кулсом болмок эле.Кайдагы бир зөөкүрдүн алдаганына ишенип тагдырымды өзүм талкалап алдым.Баарына Мамат күнөлүү.Ушул Анара менен Мырзабектин да ак сүйүүсүн бузулушуна ошол себепчи.Мейли мени да күнөөлөп жек көрүшсүн ,бирок эми жашырып жүрө албайм.Өмүр бою жүрөгүмө так кылып жүргүм келбейт.Баарын айтып берем,башка чыдабайм»-деп Зинагүл көзүнүн жашын мөлт мөлт агызып алды да ары жакта отурган Мырзабекке келди да сөзүм бар деди.Зинагүл көптөн бери эч ким менен иши жок болуп эч ким менен сүйүшпөй жүргөн.Өзу келип сөзүм бар десе Мырзабек таң кала карап туруп калды да эшикке Зинагүлдүн артынан эрчип жөнөдү .Эшикке чыкканда Зинагүл Мырзабекти карап калды да:
—Мырзабек,мен силерге айтчуу сөзүм бар?-деди.Эмне сөз деди эле Анара экөөңөргө айтам ,сен бир бош класска барып тур деди .Мырзабек,, Анара экөөбүзго тиешелүү эмне сөзү бар экен «-деп таң кала,макул деди да бир кабинетти айтып ошондо болом деп басып кетти.Мен азыр Анараны ала барам деген Зинагүл Анараны күтүп калды.
Анара сахна жактан кийимдерин колтуктап келе жатканда Зинагүл алдынан утурлай тосуп чыкты да Анара сенде сөзүм бар деди.Анара мен азыр бош эмесмин кийинишим керек, деди эле ,Зинагүл ой боюна койбой бир азга эле сага тийиштүү сөздөр бар, деп Мырзабек керип кеткен кабинетке жетелеп жөнөдү.Кабинетке кирер менен Анара Мырзабекти көрүп Мырзабек чакыртырган экен да деп ойлоп.:
—Эмне ,башка айла таппадыңбы деп Мырзабекке корс этти да бурулуп жөнөмөкчү болду.
—Ал чакырган жок мен чакырдым.Бир аз өзүңдү басып менин сөзүмдү угуп турчу ,деди Анарага.Макулчу деп барып орундукка отуруп алды.Кана айтчы эмне дегендей тыңшап калды .
—Силердин алдыңарда күнөөлүүмүн,деди.
—Аны сен айтпасаң деле билебиз,деп Анара ачуулана түштү.
—Коё турчу али баарын биле элексиң,деди Зинагүл.Анан кандай болгонун баштан аяк ыйлап айтып берди.Муну уккан Анара менен Мырзабек алгач ишенбей жатты эле далили менен айтып берди . Анара менен Мырзабек эстери ооп эле Маматты жүзү кара деп урушуп жатты.А түгүл кызууланып жатып мас кылып абийрин да ачып салганын айтты эле боору ачыган Анарада мурунку жек көрүүсү жок болуп кетип өксүп ыйлаган Зинагүлду кучактап соорото баштады .
—Мен силердин алдыңарда күнөөлүүмүн.Бирок мен эч нерсени билбепмин.Мага жакшы сүйлөп ойнотуп жүрсө эле анын арам оюн сезбепмин ,анан өзү шылдыңдап айтып берди ,сен ошондой кат жазгычка эле жарайсың деп.
—Саатты дагы ошол максатта алып берген экен.Мырзабек мага эч кандай саат берген эмес ,Мырзабек менен мамиле да кылган эмесмин ,деп экөөнү карады.
Сырлар ачылып Мырзабек күнөөсүз болуп чыкканына сүйүнсө,Маматтын ушунчалык жүзү каралык менен Анара экөөнүн ортосуна от коюп сүйүүсүн бузганына ачууланып жатты.
—Анара,мени укпай койдуң,менин актыгымды күнөөм жок экенин билдиңби,деди
—Ооба ,кечирип кой Мырзабек ,ошол маалда мен ошондой акыбалда болчум.Эч кимди көргүм келбей калган.Мен да ошондо аябай бул дүйнөдө жалгыз калгандай азап тарттым,деди.Мырзабек азыр эле барып Маматтын адебин колуна карматкысы келип кетти эле кыздар кеч болду бизди үйгө жеткир дегенинен кайра калып калды .Анара менен Мырзабек бир бирин кечиришти.Зинагул ортодогу сырды ачпоого экөөнүн убадасын алды .Маматты кудай алсын,мендей болуп зарлап калсын деген Зинагүлду сооротуп Мырзабектер үйүнө чейин күзөтүп коюшту.
УЛАНДЫСЫ БАР….