АБАККА ТҮРТКӨН СҮЙҮҮ 14 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=40571&preview=true Кызыктуу окуялар.

АБАККА ТҮРТКӨН СҮЙҮҮ

14-БОЛУМ.

 

 

Эки үч сааттан кийин Зинагүлду Мамат үйүнө алып барып койду.Мурдагыдай маанай жок коштошпой эле үйүнө кирип кетти.Түндө болгон окуяны эч кимге оозунан чыгарба деп дайындады.Билинип калса өзүң эле уят болуп каласың ,деп коркутуп да койду.Үйүнө кирген Зинагүл жатып алды да түнкү өзүнүн абийрин төгүлгөнүн эстеп алып аябай шолоктоп ыйлап алды.

,,Эми кантем,өтө берилип сүйгөндүгүмөн ушул болду.Эмнеге ишендим экен,Мамат акеден мындайды күтпөдүм эле.Сизге болгон таза тунук сүйүүүмдү бир күндө тебелеп кирдетип ,айыкпас жарага айлантыңыз.Жүрөгүмдүн ар бир согушу ,сиздин атыңызды айтып сокчу эле.Махабаттын күчү керемет экен,бал татыган эриндериңиздин даамы башымды айлантты.Жылмайып күлгөнүңүз бир өзгөчө болуп,белимден кармасаңыз кумарлуу көзүм менен карап бир гана сизди көрчүмүн.Кучагыма толо гүл кармап келин көйнөгүн кийип,кыз каадасы менен турмушка чыгам дечу элем.Бек кучактап айдайым ,назигим, суйууктуум десениз менден башка бактылуу адам жок деп , өмүр бою сиз менен гана жашап өтөм дечүмүн.Ойлогон оюмдун баарын быт чыт кылдыңыз,тагдырымды талкалап бактысыз кылдыңыз»,-деп ыйлап жатып уктап калды.

,,Зинагүл «деген апасынын үнүнөн чочуп ойгонуп кетти.Терезени караса эчак эле кеч кире баштаптыр.Тура калып шишиген көздөрүн күзгүдөн карап алды да чачтарын оңдоп кийимдерин түздөп,,эмне апа ,деп чыгып барды да ,апасын көрүп иштен келдиңизби «деди.Анасы Зинагүлдү көрүп эле урушуп кирди:

—Каяктан журосуң,эй кыз,түндө каякта болдуң.Эмне айтпай дебей жок болосуң «,деп апасы урушуп кирди.Туулган күнгө бардык эле апа классташтар менен ,деди калп айтып.

—Туулган күнүң качан бүтөт,кеч келесиң,үйдө түнөбөйсүң,деги эмне кылып жүрөсүң,деп апасы урушуп жатты.Үйгө келсең же тамак жок,деди наалып сүйлөнүп .Азыр ,апа деп Зинагүл тамак кылганга киришти.

Эрте менен сабакка барбайм деп үйдө калды.Апасы ,эмнеге деген суроосуна ооруп жатам ,анын үстүнө бүгүн сабак жок, деди калп айтып.Анда тентибей үйдө отур ,деп апасы жумушка кетип калды.Зинагул сабакка барса баары билип калып бетине түкүрүп бузулган шуркуя деп айтчудай болуп балдардын көзүнө көрүнгүсү келбей бекинди.Ошол бойдон бир жума үйүндө жатты.Ооруган жерлери басылып ,бирок жүрөк тагы айыкпас илдетке айланды.Ушул күндөрдө Мамат бир дагы кабар албады.Келет деп күткөн Зинагүл Маматтын көздөгөн максатына жетиш үчүн эле торуган экен да ,деп анын ой максатын эми түшүнүп,Мамат менен жолугушуп жүргөнүнө өкүндү.

Сабактар бүтүп экзамендер башталганга эжей эмне келбей жүрөт деп кыздарды Зинагүлгө жөнөттү .Эки классташ кыздары келип эжей жөнөткөнүн эртең экзаменге келсин деди ,деп айтышты да эмне мынча жүдөп арыктап кеткенсин деди.Ооруп жатам деди аларга да калп айтып .Эртең барам макул ,деп аларды кетирип жиберди.

Бул күндөрү Анара Зинагүлдун сабакка келбей жатканын Мырзабек менен сыры ачылып калганга ,мени менен бет келип ачыктаганга эрки жетпей качып жатат деп ойлоду .Мырзабек сүйлөшпөсө кат аркылуу түшүндүрүп жазайын деп ,,бул каттарга тиешем жок,эч кимге эч кандай саат да берген эмесмин.Анара сүйлөшчу мени менен ,мен баарын далилдеп берейин эч бирине тиешем жок»,деп кат берип жиберди эле,Анара окуусада жооп бербеди.

Мейли өзү билсин,бир күнү ачыгы билингенде менин ак экенимди билеер,деп Анарага кайра кайра айта бергенин токтотту.Экзамендери башталып суроолоруна даярданып алаксып кетти да Анарага болгон сагынуусу ,ансыз көңүлсүз өткөн күндөрү экзаменден түйшүгү менен аралашып кетип унута баштады.

Экзаменге келген Зинагүлду эжей аябай урушту.Сабактарга келбей эч даярдыгы жок келген Зинагүлду эжей директорго алып кирди.,,Сабакка келбей жүргөнү аз келгенсип экзаменге чакыртып жүрүп келтирдим,бир дагы даярдыгы жок,суроолордун бирине да жооп бере албады,буга кандай чара колдонобуз агай» деп Зинагулду директор чечсин деп талкуусуна койду.Сиз бара бериңиз мен сүйлөшөйүн деп эжейдин кетирип жиберип Зинагүлду алып калды.

Анара дагы бир жолу саат жөнүндө сурайын деп Зинагүлду экзаменден кийин жолугушууга чакырайын деп камынып жаткан.Мырзабек менен чындап эле жүрөсүңбү,бал муздакта экөөңөрдү көргөм деп көргөндөрүн айтып аныгына жетейин деген.Эжей урушуп директорго алып кирген соң класска кирбей эле кетип калыптыр.

Директор аябай уяткарып ,он жылдык мээнетиң текке кетет,экзамендериңди тапшыра албай калсаң билимиң тууралуу аттестатка ээ боло албай каласың.Кыз деген аракетчил болуш керек,классташтарыңан үлгү ал.Кыз баланын мындай кылганы болбойт.Кийинки экзамендерин жакшы даярдык менен кел ,деп жөнөтүп жиберди.Көчөгө чыккан Зинагүл Маматты издеп жөнөдү.Эч жерден таппай келип калабы дегендей бал муздак сатчуу жерде көпкө отурду.Бирок ,бул күнү таппай маанайы жок үйүнө барды да апасы келгиче тамак жасаганга киришти.

Эртеси издеп жүрүп таап алды.Зинагүлдү эле көрүп кабагын бүркөп , бүгүн колум бошобойт.Башка күнү жолук..Азыр сени ойнотуп келгенге убактым жок, деп зекип кетүүгө кам урду.Зинагүл болбой эле машинасына чыгып алды.Түш кет деп ачуулана баштады эле,,эмне кылгылыкты кылып коюп эми менден качып жатасыз,сүйөм жагасың деген сөзүңүз кана» деп урушуп жатты .Мамат каткырып күлүп:

—Эй келесоо,мен сени эч качан сүйгөн эмесмин.Сенин ушундай кыз экениңди мурда эле байкагам.Өөп койсом тим эле сүйөт экен деп ээрип жатып калдың беле.?

—Сүйбөсөңүз эмне менин башымды айлантыңыз ,абийиримди ачып бактыма балта чаптыныз,деп Зинагүл ыйлап жатты.

—Сени ушунча күндөн бери ойнотуп ,каалаган неселеринди алып берип ,анан жөн калмак белем .Алмактын бермейи бар,ошо карызынан кутулдуң, деди камырабай шылдыңдагансып.

Эки бетин басып Зинагүл ыйлап жатты,,.Акмак экенсиз,ылайым жакшылык көрбөңүз,кызыңыз да мендей кор болуп калсын,деп карганып жатты эле,ачуусу келген Мамат жакасынан кармап өзүнө тартты да.:

—Эй,бети жок, өзү эркеке жабышса эмне болорун апаң үйрөтпөдү беле.Өзүң ошону кааладың,менде эмне күнөө,деп койо берип, түш машинадан, мен кеттим мени издебе. деди.

—Пайдаланыш үчүн эле менин башымды айланттың беле ?

—Ооба,максатым ошол болчу.Сенин жардамың менен Мырзабек менен Анаранын ортосуна от коюп,аларды бөлүп тындым деди эле,бул сөздү угуп ыйын токтотту да Маматты карап ,,кандайча»-деди.

—Сен келесоо,кат жазып берип жатып ,ошол кат аркылуу,деди кылган ишине маашырланып каткыра күлүп.

—Жазү кара ,акмак,деп Зинагүл ургулай баштады эле колун кармап алып дагы сүйлөп жатты :

—Саатты эмнеге алып бердим эле,?Ошол саатты мага да берген деп жазып өзүн бербедиң беле.Сенин да күнөөң бар алардын сүйүүсүнүн бузулушуна.Айтсаң сен да күнөлүү болосуң..

—Бал муздак жеп отурганында Мырзабек бар беле?Ошондо алыстан Анара силерди көрүп ушул экөө жүрөт экен деп түңүлүп ,анан сүйлөшпөй калган.Бул менин биринчи жеңишим.Албетте сенин жардамың менен,деп сырларын мактангандай баарын ачыктап салды.

—Акмак экенсиз,алардын сүйүүсүнө бузуп эмне таптыңыз,деп Зинагүл ыйлап кайра бышактап отурду.Алдын ала эле план түзгөнүнө ачуусу келип жатты.

—Мырзабектен өч алдым.Анараны ал болбосо өзүмө каратып алмакмын ,ошол тоскоолдук кылды.

—А,менин күнөөм эмнеде эле,аларга өчөшсөңүз менин тагдырыма эмнеге балта чаптыныз ,деди Зинагул.Каткырып күлгөн Мамат ,,сендей кыздар ошондой кат жазгычка же түнкү эрмек кылууга эле жарайт,деди да ,машинанын эшигин ачып туруп ,,туш эми,мени издебе,издесең баарына кечеги окуяны айтып салам. Анан бети кара болуп көчөгө баш көтөрүп чыгып көр «,деп түшүрүп жиберди да катуу айдаган боюнча чаңытып кетип калды.Чандын баары Зинагүлду каптаган боюнча таркады .Маматтын азыркы сөзүнөн кийин Зинагүл алданып акмак болгон экенмин деди да, Мырзабек менен Анаранын сүйүүсүн бузганга өзүнүн да катыштыгы бар экенин билип өзүн айыптуу сезди да ыйлаган боюнча үйүнө жөнөдү.

 

УЛАНДЫСЫ БАР….

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️