АБАККА ТҮРТКӨН СҮЙҮҮ 12 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=40571&preview=true Кызыктуу окуялар.

АБАККА ТҮРТКӨН СҮЙҮҮ

12-БОЛУМ.

 

 

Катты кайра кайра окууган Мырзабек класска кирди да Анаранын капа болуп отурганын көрүп ,,мен бул катты билбейм ким жазганын,көргөн да эмесмин»-деди.Анара Мырзабекти карап сүйлөгөн жок.Азыр бул тууралуу чечишип алчуу жер эмес дегендей эжейдин сабагын угуп жазгыла дегенин жазып жатты.Мырзабек суроосуна жооп күттү эле Анаранын жооп берүүгө аракет кылбаганынан сабака көңүл буруп калды.Бирок ою катта болчу,эмне максатта жазды экен,баарынан бул ким болду экен деген ой мээсине жеп жатты.

Коңгуроо болгондо Мырзабек Анарага ,,ким жазганын билбейм «,дей баштады эле сабактан чыкканда сүйлөшөлү деп уккусу келбей китебин карап отура берди.Тынчын алайынчы деген Мырзабек сабак бүтүшүн күтүп калды.Күннүгө шайырданып кыздарга ар нерсени айтып турчу Анара бүгүн суз болуп деерлик эч ким менен сүйлөшкөн жок.Мырзабек бир нерсени жашырып жаткандай туюла берди.Сүйүүлөрүн ачыкка чыгара электе класс боюнча тоого эс алууга чыкканда кыздар Мырзабекти колтуктап жүргөндөрүн эстеп кетти.Анда Анара Мырзабек менен досторчо эле мамиле кылып жүрчү.Кыздар биринен өтүп бири Мырзабекке жабышып ,,ай чарчадым,көтөрүп алчы»- деп ,тийишип кучактап алгандары көз алдына тартыла түштү.Бирок кимиси экенине башы жетпеди.Бири колтуктаса,бири кучактап эле тийишип жаткан.Муну классташтардын арасындагы эле тамаша деп түшүнгөн.Марзабекти баары сыйлап ,минтип тийишип жатканынан жакшы бала экен,баары сыйлаган деп жактырган.Эми ошолордун кимиси менен ыссык махабатта болду экен деп башын катырып ,кыздарды бири сыйра көзүнөн өткөрдү.

Сабак бүтүп окуучулардын баары үй үйлөрүнө таркашты.Мырзабек жашаган тарапка кетчүү балдар баары сүйлөшүп чогуу баратышты. Катарында Анара да кыздар менен кетип жатты.Бирок,мурункудай сүйлөп баарынын көңүлүн өзүнө бурдурбай эле катарда баратты.Бир бирден калып жатып акырында Мырзабек экөө эле калышты.Катардаш басып келатып унчукпаган Анарага Мырзабек сөз баштады.

—Анара,тиги кат жөнүндө эч нерсе билбейм,атайын бирөөлөр бизди уруштурмакка менин китебимде салып койсо керек.

—Мурдагы махабатың бар экенин билбепмин.Ал махабатыңды кыя албасаң анда мени менен болгон мамилени үз,-деди Анара.

—Эмне деп жатасың,кандай махабат?Мен эч ким менен жүргөн эмесмин.Эч ким менен махабат курган эмесмин,-деп,Мырзабек Анарага минтип айтканына таарына түштү.

—Макул Мырзабек,азыр тартышканыбыз менен аныгына жетпейбиз.Мен байкаштырып сураштырып көрөйүн.Эгер бирөөлөр мамилебизди бузмакка жазган болсо кечиримдүү,андай болбой чыккан болсо мамилебизди токтотконубуз оң,-деп коштошпой эле кетип калды.

Мырзабек бир ордунда каткан боюнча эле көпкө туруп калды.,,Бул кайсы бузуукунун кылганы болду экен,эмне максатта жазды» ,-деген ой башын оорутуп ойлонуп жатып үйүнө кирди.

Зинагүл Мамат менен жүрүп жатканына өзүнчө эле жетине албай эле сүйүнүп жүрдү.Экөөбуздун мамилебизди жан адам билбесин дегенинен эч кимге батынбады.Ачыкка чыксак эмне болот деген суроосуна, Мамат,,азыр сен окуучусун,мугалимдерин укса жашын жете элек деп сени да урушат,мени болсо милицияга чакырышы мүмкүн.Мектепти аякта,анан ачыкка чыгабыз , кааласаң үйлөнүп да алабыз.Сабыр кылып бир аз чыдап тур деп,Мамат айтканы үчүн оозунан сөз чыкпады.Апасы жокто Мамат менен жолугушуп ,алып барган жагына да барып жүрдү.Кечинде апасы жумуштан келгиче келип калат да тамак кылып үй жумуштарын жасап калат.Ушундай бактылуу күндөр биринин артынан бири уланып Маматка болгон сүйүүсү күчөй баштады.Машинадан түшпөй экөө көпкө өбүшүп анан таркачу болду.Мындай күндөр Зинагүлгө жагып жаткан болсо,Маматка зээриккенден эптеп ошол күнун ушул кыз менин өткөрүп жатты.

Жолонду чакырып дагы бир тапшырма берди.Зинагүлгө жаздырып алган катты берди да Анаранын сумкасына салып коюшун буйруду,акысына бир аз акча берип койду.Анан Мырзабек менен Анаранын мамилеси кандай дагы эле биргеби деп сурады.,,Ооба ,жакшы эле го,эмнеге «деди Жолон.,,Ишиң болбосун жөжө,бар тапшырманы аткар,мен айткандай кылсаң дагы акча аласың «-деп кетирип жиберди.Мамат айткандай эле Жолон Анаранын сумкасына тиги кагазды салып койду да эч нерсе билбегендей сабак окуп жүрө берди.

Анара кыздардан,, Мырзабек мурда бирөө менен мамиледе болду беле деп ,»-бир экөөсүнүн сурап көрдү.,,Андайын билбедик,бирок Мырзабек көрүнгөнгө чуркай берчуу бала эмес.Биз анча мынча жакшы көрүп эле тамашалап тийишип коёбуз .Сен бизден кызганба .Биз эң жакын дос катары эле мамиледебиз.Бирок ,Мырзабек бир кыз менен жүрдү дегенди укпадык»-дешти.Бул сөздү уккан Анара демек ,бузуукунун кылган иши экен да ,деди чындыкты айткан кыздардын сөзүнө ишенип .Мырзабекке бул жөнүндө айтпай эле кайра жакшы сүйлөшүп калышты.

Үйүнө барган Анара сабак окумакчы болуп сумкасынан бардык дептер китептерин чыгарып жатып куш тилиндей кагаз көзүнө урунуп эмне кагаз экен деп ача коюп ,,Саатты бир эле мага берди деп жүрөсүңбү?Андай саатты мага да белекке берген.Мен сенчилеп мактанбайм.Кийин өкүнүп калба ,ал баары бир меники болот»-деген мазмундагы катты окуп бир саамга мээси катып калды.Кечее эле мамилеси жанданган Мырзабектин сырлары ачылып жатканына ачууланып өзүн коёрго жер таппай жатты.Колун күйгүзүп жибергендей колундагы саатын чечип сумкасына салып койду.Сабак окугусу келбей китептерин жыйнап койду да жатууга али эрте болсо да уктоочу бөлмөгө кирип жатып алды.Чай ич кызым деген апасына,башым ооруп жатат, деп жооп берип чайга чыкпай койду.,,Кундун ыссыгынан болсо керек,кызым .Даарыдан ичип ал,»деп коюп апасы чыгып кетти.Апасы чыгып кеткен соң жуурканды жамынып алып ыйлап кирди.,,Мырзабек сенин ушундай өнөрлөрүн бар беле.Мага калп айтып жашырып жүргөн экенсиң да.Мен сага ишенип жүрдүм эле.Сүйгөнүнөн арыла албай жүргөн экенсиң да белекке саат берип «,деп Мырзабекти күнөөлөп үнүн чыгарбай ыйлап жатты.Классташ кыздар Мырзабектин мурунку махабатын жашырып айтпай койгон экен да.Мурдатан классташы болуп жүргөн кыздары ,мага караганда Мырзабек жакын да,мен кечее эле келсем мен тарап болмок беле?»деп ар ойдун башын ойлоп сүйлөнүп жатты. Классындагы кыздардын кайсы бирине саат берди экен деп ойлонуп жатып эч биринен саат көрбөгөнүн эстеди.Башка класстан болду бекен деп өзү тааныган кыздардын баарын көз алдына элестетип чыкты.Башын ооруткан ойлор менен уктабай таң атып кетти.

Эртеси сабакка барган Мырзабекке ме сүйгөнүңө бер деп саатын колуна карматып койду да ордун которуп башка отуруп алды .Колуна саатын кармаган Мырзабек эмне болгонун түшүнбөй ,эмнеге мындай кылганына да акылы жетпей башы эңги деңги болуп туруп калды .Алдына басып барып Анара эмне болду деди эле,, эч нерсе»-деп башка сөз сүйлөбөдү.Сабак башталып кетип ордуна отуруп калган Мырзабек,бир кагазга ,,Анара эмне болду,түшүндүрүп берчи.Мен эч нерсеге түшүнгөн жокмун.»-деп жазып Анарага узатып койчу деп алдыда отурган окуучудан катты берди эле ,катты алган Анара жалт карап алып окубай эле китептин ичине салып койду.Эмнеге мындай кылып жатат деп Мырзабек сабак бүткүчө тынчсызданып ою онго бөлүндү.Анара менен Мырзабек таарынышып кеткенин баары билгендей эле болушту.Күндө бир биринин жанынан чыкпаган бул экөө,эки башка отуруп алганынан эле сезишти..Башканын жашоосуна башкалар кийлигише алмак беле ,эч кимдин булар менен иши да болбоду.

Сабактан кийин Мырзабек Анаранын жанына барып дагы бир ирет сурап көрдү эле ,сүйгөндөрүңө саат берип көнгөн экенсиң,алдагы саатты да сүйгөнүңө берип кой деп кетип калды.,,Сенден башка эч кимге берген эмесмин, эмне деп жатасың,дагы кимге берипмин,сага ким айтты «-деп артынан эрчип айтып көрдү эле такыр укпай койду.

Мырзабек булардын ортосуна от жагып уруштуруп жаткан бирөө бар экенин сезип жатты .Бирок ,ким экенин такыр билбей койду.Байкаштырса Мырзабекке каршы аракет кылган эч ким жоктой,баары менен эле мамилеси жакшы.Анан табышмактуу катты ким жазып,ушакты ким Анарага айтып жатканын билбеди.Ушуну Анарага түшүндүргүсү келди эле такыр укпай да сүйлөшпөй да койду.

Анараны бир эки күн тынч коюп сөзгө келер деп жолободу.Ушул күндөрдө Мырзабек өзү изилдеп ишеничтүү деген балдардан сураштырып ,ушу ишти бирөө уюштуруп жатат,байкасаңар мага айткыла деп дайындады .Бирок алар деле мындан эч кабары жогун айтып ,байкаштырабыз деп убадасын беришти.

Мамат Мырзабек менен Анаранын ортосундагы таарынычтарды угуп бул жаңылыктан кабардар болчу.Ойлогон ою ишке ашып баратканын байкап жаткан.Буга Зинагүлдү аралаштырып жатканынан шек өзүнө келбесин билген.Жарым жеңишке жетишкенин сүйүнгөндөй ичинен кубанып түбүңөргө жетем,али да болсо өчүмдү алып бүтө элекмин ,деп Мырзабектерге ызырынат.Маматтын ою Мырзабекти баш көтөргүс кылып Анаранын абийрин айрандай төгүү.Ушуга жетүүгө бардык аракетимди жумшайм деп койот.Зинагул Маматка бир отоло көнүп алды .Мурда күндүзү эле Мамат мен сейилдеп ойноп келсе,эми түнү да чыгып калчуу болду Апасына түрлүү шылтоолорду айтат.Бүтүрүчү класс болгондуктан ар нерсеге даярданабыз ,деп апасына калп да айтчуу болуп калды.Маматтын айтканын кың дебей аткарып калды.Зинагул жакындаган сайын Маматтын ою бузулуп жатты.Сага үйлөнөм деп койсо Зинагүл Маматка бир отоло ишенип сабакка да кееде барбай машинасына түшүп алып эч ким жок талаага барып кечке экөө отуруп анан кайтчуу болушту.Зинагулгө асылып өпкүлөсө каршылык кылбай туруп берип ,махабаттын туу чокусуна чыкканынан рахат алып жүрө берди.Ушинтип Зинагүлдү көндүрө берди.

Мырзабек Анарадан түшүндүрүп берүүсүн сурады эле ,алакандай катты карматып койду да ,сүйлөшкүсү келбей кетип калды.Катты окуп бирөөлөр көрө албастык менен экөөнүн арасын иритип атканын билди.Бирок ушуну Анара түшүнгүсү келбей жатканына капа болду.Мырзабек келип сүйлөсө эч жооп бербей эле басып кетип калып жатты.Мырзабек сырдуу каттарды ким жазганын таап акырына жетип далилдеп берем ,деп -аракеттене баштады.

Ушул күндөрү сабак учурунда экөөнө тең окшош алакандай катты кичине класстын балдары берип кетти.Кимден десе айтпай эле чуркап кетти .Экөөнө эки башка бергени үчүн бир бириникин билген жок.,,Бал муздак саткан жерге кел бир сырды билем «-деген окшош жазылган кат болчу.Саат мынчага деп Мырзабекке бир саат эрте,Анарага бир саат кеч жазылган.Сабактан чыгып эле эмне сыр деген ойдо бал муздак саткан жерге барып бир аз орундукка отуруп ким чакырды экен деп күтүп эки жакты байкаштырып калды.Зинагул келди да Мырзабекти көрүп ,,ии, сен эмне кылып жүрөсүң «деди.Бирөө чакырды эле ошону күтүп отурам деди да бир нерсени ойлой калып же сен чакырдыңбы деп сурады.Жок,эмнеге чакырсак элем сени деп бал муздак алып келип жей баштады.Эмнеге сабакка барган жоксун деген Мырзабектин суроосуна жумуштарым чыгып калды деп койду.Анара да бир саат кеч келип алыстан эле Мырзабек менен Зинагүл экөөнүн орундукта бал муздак жеп отурушкан көрүп ыйлагысы келип,, аа,көрсө сүйгөнү ушул экен да» ,деп ыйлаган боюнча үйүнө жөнөдү.Мырзабек Зинагүлдун жанында бир аз сүйлөшүп отурду да эч ким келбегендиктен ким чакырды экен деген боюнча коштошуп үйүнө жөнөдү.Мунун баарын Мамат уюштуруп Мырзабектин келерин болжолдоп машинасындагы Зинагүлду ,,сен барып бал муздак жеп тур мен бир жерге барып келе койоюн,» деп акча берип жөнөттү да өзү алыс кетип калып далдаада туруп туруп эле Мырзабектин кеткенин алыстан байкап туруп анан кайра келди.Келгенин көргөн Зинагүл отурган жеринен машинага барды да ,,келдиңизби,Каяка барабыз ,»деди.Үйүңө жеткирейин ,бүгүн жумуштарым чыгып калды деди да машинасын айдап Зинагүлдү үйүнө жеткирип койду.Өбүшүп коштошордо Мамат саатынды эмне такпай жатасың деди.Уялып эле деген жоопту угуп Мамат үзбөй тагып жүр.Мен бергенимди гана эч кимге айтпа деп койуп машинасын буруп туруп кетип калды.

 

УЛАНДЫСЫ БАР….

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️