11-БОЛУМ.
#АбаккаТуртконСуйуу
Зинагүл үчүн жаңы жашоо башталгандай болду.Маматка жоолуккусу келип сабактан чыкканда эле көчөдөн анын машинасы көрүнөбу деп издеп эки жака көз жүгүртөт.Машинасы көрүнбөй калса артыман келатабы дегендей кылчак кылчак карап үйүнө жетет.Мурда кыздар Мамат аке бейбаш экен ,кимге болсо да тийиштик кылып анан балдарды тонойт экен деп сүйлөшүп калышчы эле,эми байкаштырып андай сапаттары жок экен го жөн эле ушак окшойт деп ойлоп жатты.
Мурда сабактан кийин бошобойм,уйдөгу жумуштарды кылам,дем алыш күнү эле бошмун дечү Зинагүл эми кайсы күнү Мамат келсе да үйүнөн чыгып кайсыл жака жүр десе да кете берди.Мамат алгач сейрек кездешүүчү эми Зинагүлдун бош убактысын карабай эле машинасына салып алып кетип жатты.
Сабактан чыгышын аңдып отурган Мамат Зинагүл сабактан чыгаары менен машинасына салып алып дагы баягы эле көнгөн балмуздак сатуучу жерге алып барып сүйлөшүп отурду.Адатынча күлдүрүп отурган Мамат Зинагүлдун көзүнө тике карап :
— Ээ,Зина,бара бара сени көргүм келип эле сен жака чуркайм да,кел экөөбүз достуктан өтүп кыз жигиттик болуп жүрөлү.
—Коюңузчу ,сиз Анараны сүйөм деп айттыңыз го,деп өзү ошону кааласа да билдиргиси келбей.
—Анараны сүйгөнүм менен мага эмне пайда,ал эми башканыкы да,деди Мамат чындап жетпей калгандай түр көрсөтүп капа болгондой кабагын чытып.—Мен ушунча чуркасам да мени карап койбоду ,деп ыйлап жиберчүүдөй түр көрсөттү.
—Коюңуз эми капа болбоңуз, сулуу сулуу эмес сүйгөн сулуу дейт го.Бири бирин жактырышып жатса сиз эмне кылмак элеңиз ,деп Зинагүл боору ачыгансып.
—Ооба,мен да ошону айтам да,эми кеч болду .Анараны сүйбөй калдым.,, Аа «деген Зинагүл Маматтын сөзүнө ишенип калды.Кел, ал ,ич ,деп суусундук,бал муздак алып берип Зинагүлду болушунча сыйлап жатты.
—Сен жагып калдың ,чоң кыз,сүйбөгөнгө сүйкөнмөк белем.Өз теңим менен эле жүрөйүнчү.Мен сени тандадым ,деп кооз сөздөрдү сүйлөп Зинагүдун башын айлантып салды.
Эптеп башын айланткан Мамат Зинагүлду үйүнө жеткирип бетинен бир өөп коштошуп машинасын буруп айдап кетип калды.Бетинен бир өпкөн Маматты машинасын айдап кетип жатканын карап өзүнчө кубанып турду.Өпкөн жерин колу менен кармап уялганынан бети албырап чыкты.Биринчи жолу эркек кишинин эрини бетине тийгенге денеси дүркүрөп титирегенсип кетти.Маматтын өзүнө кылган сыйын көрүп бул дүйнөдө Маматтай адам жоктой туюлду.
Экөөнүн достугу уланып жатты.Мамат сүйүп калдым, деп Зинагүлдун башын айлантып аз аздан белек да бере баштады.Зинагул ишенгенсип калды.Чындап эле Мамат сүйүп калды деп ойлоп кыз жигит болгонго макулдугун бербесе да чакырган жагына макул болуп эле барып жатты.Коштошкондо Зинагүлдүн бетинен өөп жатып көндүрүп койгонго,өзү да өбүшүп коштошконго көнүп калды.
Бир күнү даяр текст көтөрүп келди да Зинагүлгө көчүрүп жазып берчи деди . Эмнеге деген суроосуна керек деп койду.Муну эмне кереги бар дебей эле көчүрүп жазып берип койду.Мамат жазылган текстти колуна алып окууду да сонун деди кубанып.Зинагүл билбеген бойдон кала берди.Мамат Зинагүлду жеткирип койду да булар менен эле чогуу окуган Жолон деген балага жолукту.Бул бала жоош ,алсыз болгондуктан коркутуп коюу оңой эле.Атайын ушуну тандаганы аны пайдалануу болчу.Ар бир кылган кызматыңа акча берем деп айтып көндүрүп алды.Бирок жан адамга билдирбе,эч кимге айтпагын деп коркутуп да койду .Мурда Маматтын ар кимди эле уруп тоноп жүргөнүн билгендиктен мурда эле буга жолугушуудан кача турган.Эми жанаша отургандыктан айтканына макул болуп эле титиреп отурду.Зинагул жазган кагазды Жолонго берди да Мырзабектин китебинин ичине салып кой ,деди.Ал кагазды Анара да окуугудай болсун деп дайындады.
Жолон кагазды алды да Маматтын эмне ою бар экенин билбей эле макулдугун берип кетип калды.Эртеси сабакка барган Жолон танапис убагында тигил кагазды Мырзабектин китебине салып койду.Көптөн бери Мырзабек Анара экөө бир партада отуруп калышкан болчу.Ортого коюшуп китептерин окуп сабакка даярданышар эле.Анара ортодогу китепти барактап отуруп жазылган кагазды таап алды да эмне экен деп көз жүгүртүп калды.Кагазда мындай деген жазуу бар болчу:,,Келчи,мурдагыдай жакын бололу,менден алыстап кеттиң.Мен сени мурдагыдай эле жакшы көрөм.Эсиңдеби биздин мурунку махабатыбыз.Дайыма сени келеби деп экөөбүз жолугушуучу жерден күтөм.Мага деген мурдагы сезимиң болсо кел.Мен дагы эле ошол жерден күтөм.»,деп аты жазылбаган кат таап алды.
Катты кайра кайра окуп жатып көздөрү чымырап кетти да келе жаткан Мырзабекти көрө коюп баракты салып китепти жаба койду.Мырзабек эч нерседен кабары жок келип эле сумкасын чукулап дептерин сууруп чыкты да бир нерселерди жазып калды.Анара унчукпай Мырзабекти карап тура берди.Мырзабек бир нерселерди чиймелеп жазып ,жазган жерин айрып чөнтөгүнө салып кайра эшикке чыгып кетти.Анара Мырзабектин бул аракетин көрүп кайрадан катты алып окууду да ичинен,, жооп жазып көтөрүп кетти го ,»ким экен ал сүйгөнү,» деп ойлой ыйлагысы келип араң турду.Сабак бүткөндө сурайм деп жаткан Анара, Мырзабектин балдар менен футболго барабыз сен кете бер ээ деген сөзүн угуп ,кат жазган сүйгөнүнө кетти, деп чындап эле ишенип катты ким жазды экен деп ачыгын биле албай араң турду.
Зинагүл Маматтын ар жака алып барып ойнотуп жүргөнүнө эле жетине албай ачыла берди.Кучактап койсо кучагында эркелей кыналыша басат ,мурда тартынып атса азыр Маматтан тартынбай деле калды.Маматты түшүндө да көрүп өзүнүн сүйүп калганын билди.Мамат жанында болсо баары эсине чыгып түн киргиче да жүрө берчү.Апасынын урушуп үйдө бол деген сөзү кулагынын сыртынан чыгып баратты.Апасы кечке жумушта болгону үчүн Зинагүдун каякта,эмне иш кылып жүргөнүн да билчүү эмес.
Маматтын,, Анара кантип жүрөт, Мырзабек менен болгон мамилеси кандай,дагы эмне жанылык болуп жатат, бир бирин чындап сүйүшөбү,эмне белектерди берип жатат болду экен,»деп Зинагүлгө суроолорду берип жатып акырындан Анара менен Мырзабектин эмне менен дем алганына чейин билип алды.Зинагүлдүн куулук менен иши болбогон үчүн билген маалыматын берип жатты.Өзүнчө ,,жетпей калган сүйүүсунө ичи ачышып жатса керек» деп ,ал бере албаган сүйүүнү мен бере алам деп ,Мамат ушунча кыздын ичинен өзүн тандаганга корстон болуп койчу.Маматтын ойлогон ою акырындан ишке ашып баратты . Зинагүлгө дагы бир кагазга мындай деп жазып берчи деп калды.,,Сааты бир эле мага берди деп жүрөсүңбү?Андай саатты мага да белекке берген.Мен сенчилеп мактанбайм.Кийин өкүнүп калба,ал баары бир меники болот»,мындай жазуунун эмне кереги бар сизге десе,Мамат күлүп эле ,,керек менин кол жазмам жаман ошого сага жаздырып жатам «деп ,кайра Зинагүлдү мактаса эми эле берип жаткан суроосун унутуп калды.Анара Мырзабек берген сааты тагып жүрчү,кыздар саатты көрүп ,,ой иий сонун саат экен сатып алдынбы «деп сурашса ичинде кири жок неме бир чети мактангандай Мырзабектин белеги деп айтып кыздардын ичин күйгүзгөн.Аны көргөн Зинагүл ичи күйүп менин да ошондой саатым болгондо деп кыялданып,анан мага ким бермек эле деп капа болуп кеткен.Арзымат саат бермек түгүл Зинагүлгө жолобой калган болчу.Бир күнү эле ошого окшош саат алып берип Зинагүлдун колуна тагып койду.Зинагул сүйүнгөнүнөн Маматты катуу кучактап туруп бетинен өөп өөп алды да рахмат,сиз менен жүргөнүмө сыймыктанам деп койду.Мамат ичинен ,,ээ,акылсыз кыз,сенин кызматынды пайдаланышым үчүн эле керексиң.Анарадай болуш кайда,ага сен жетпейсиң.Белек берсем эле ,өзүңдү берип жиберүүдөн тайбай окшойсуң,»деп,ичинен шылдыңдай карап Мырзабек менен Анаранын сүйүүсүн бузууга жардамы тийип жатканына кубанып.Саатты эч кимге мени берди деп айтпа,оозунан чыкпасын.Уксам капа болом,деп катуу дайындады.А түгүл апасы да кимдики деп сураса да айтпай,кыздардыкы деп койду.Башка бирөөгө Мамат аке берди деп айтсам угуп калып капа болуп мени менен сүйлөшпөй койсочу деп Маматты таарынтып албайын деп жоготуп алуудан коркту.
Мырзабек балдар менен футбол ойногону башка мектепке кимдер барат деп физкультура сабагынын мугалими барчуу балдарды жазып кел дегендиктен ,футболго катышып ойноп жүргөн балдардын тизмесин жазып алып барып берди.Ошол тизме боюнча сабактары бүтө элек эле баарын чакыртып алып кетти.Мырзабек да шашып кеттим деп кетип калганда ансыз деле жарыла албай отурган Анара тигил катты жүз жолу окуп жиберди.Тытып салгысы келди эле бирок күбө болчу нерсени жок кылбай турайын ,ким менен сүйүшүп жүрөсүң деп айтайын ,мойнуна албаса бул катты көрсөтөйүн деп сумкасына салып алды..Мырзабекти ал күнү көргөн жок.Эрте менен Мырзабек үйүнөн чыга электе эле чакырбай өзү келе берди.Мектепке даярданып чыккан Мырзабек жолду карап Анараны күндөгүдөй күтүп жатып кечигип келди.Бугун барбайт окшойт деп ойлоп келген Мырзабек Анаранын эчак эле келип калганын көрүп таң кала түштү.Эмне кечигип жүрөсүң,отур деген эжейдин сөзүн угуп келип өз оордуна отуруп калды да Анарага келип калдың беле,эмне чакырбадың деди.Анара анан сүйлөшөбүз деп коюп эжейдин сабагын кунт коюп угуп отуруп калды.Капа болгон түрүн көрүп үйүндө бир кеп болгон окшойт деп ойлоп койду, кептин бары өзү жөнүндө болоорун сезген жок.
Танапис убагында Мырзабек Анарага эмне болду деди эле, Мырзабектин сүйлөшүн күтүп турган Анара жүр деп эшикке чыгып кетти.Таң калган Мырзабек артынан чыга жөнөдү.Артынан келе жаткан Мырзабекти көрүп колу менен бас дегендей булгалап ишарат берип эч ким жок коридордун эң четине барып туруп калды.Артынан жете келген Мырзабек эмнени айтаар экен деп сөз күтүп калды.Анара бир аз унчукпай турду да ,,кечее каяка бардың «деп суракка алды.Аны эмнеге сурап жатканын түшүнбөгөн Мырзабек,жай гана футболго деп койду.
—Кечее кимге кат жаздың?
—Кандай кат,эмне болгон кат?,деп кайра өзүнөн сурады.
—Ошону мен сенден уккум келип жатат, деп Анара Мырзабектин жообун күтүп калды.Мырзабек ойлогондой бир аз турду да :
—Түшүндүрүп айтчы,эмне болгон кат,кимге жазыпмын?,деди.
—-Макул,түз эле айтайын,ким менен сүйүшүп жүрөсүң,ким менен бүтпөгөн махабатын бар эле,деп ыйлап жиберчүүдөй болуп кетти .Мырзабек Анарадан мындай сөз укканда мээсине эч кандай сөз келбей жалдырап туруп калды.Анара айтпайсыңбы,же сүйгөнүңдү ачыктай албай жатасыңбы деди.Мырзабек эч кандай сүйгөнүм жок ,эч ким менен махабатка баткан эмесмин дей баштады эле,чөнтөгүндөгү кагазды алып чыгып бул эмне деп Мырзабектин көзүнө такап көрсөттү.Мырзабек колуна албай эле барактагы жазууну бир сыйра окуп чыкты да кайдан алдың деди.
—Эмне ,мени көрбөй калат дедиң беле,шибегени капка ката албайсың .Сенин китебиңен алдым ,,актанбай эле кой ,деп тез тез басып класска кирип кетти.Колуна кармаган кагазды ким жазды экен деп он сыйра окуп да ,эмне максатта жазганына башы жетпей туруп калды.
УЛАНДЫСЫ БАР….