Өчпөс сүйүүм 18 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=7148&preview=true Кызыктуу окуялар.

ӨЧКӨН СҮЙҮҮМ, БҮТПӨС АРМАН
……………18-БӨЛҮМ………………….
Сайкал күнүмдүк оокатка алаксып кетти, дайыма дүкөнгө чогу чыгып калган кошуна Түрк бала Сайкалдын артынан чуркап баштады. Жүрөгүнө Таланттын атын түбөлүк сактап алган кыз, башкага көңүл бөлө албай койду. Ал бала артынан калчу түрү жок, Сайкалдын айласын кетирди. Биринчи дос!-деп анча-мынчада чогу киного барып коюп жүрдү. Айпери бул Сайкалдын жалгыз жакыны, Нежланы да жакшы көрөт бирок, ал убактынча эле мамиле куруп жүргөндөй сезилет. Кантсе да азап тарткан күндөрүнүн башталышынан аягына чейин толук билген Айпери. Экөө сырдашат, бирин-бирисиз тура алышпайт. Чыныгы дос ушундай болот, Айперинин ата-энеси Сайкал тууралу миштерди угуп, кызына аны менен дос болбо дешкен. Бир жолу Айперинин атасы ооруп жатам!-деп алдап чакырып алган. Мунун баары кызын Сайкалдан алыстатуу үчүн экенин түшүнүп калгандан кийин, кайра кетип калган. Айперинин үй-бүлөсү кедей турушат, азыр болсо кичине мал байлап, май жалап калышты Айпери жиберген акчага. Күндөр өтүп Сайкал түрк бала тууралу Айпериге айтты. Айпери акылдуу кыз эле, ал кызда кызганыч, көрө-албастык, ичи тарлык такыр жок болчу.
—Айпери Кемалды тааныйсыңбы? Дайыма жанымда басып калатко, маңдайыбызда эле жашайт.
—Тааныйм, Кемалга эмне болуптур?
—Артымдан чуркап жүрөт, баягы күнү Нежлага турмушка чыгуусун суранган жатам!-дептир. Эмне кылышты билбей жатам, кетип калсам болбойт, мага жумуш керек. Калып калсам Кемалдын шагын сындырган соң көзүнө кантип карайм? Таланттын көз жашы менин мойнумда, араң көтөрүп жүргөндө Кемалдыкы кошулуп жыгылып калууну каалабайм.
—Койчу досум, азыр эркектер ыйлачудай сүйбөй калышкан. Жүрөкө жакын алба, каалабасаң жок де, анын эмнеси бар эле. Жашоо токтоп калмак беле, анын көзүн карабасаң жашай албайсыңбы же, түшүнбөйм да сени. Бирөө үчүн эле эмнеге жылуу ордуңду таштап кетишиң керек экен. Бирок, ойлонуп көрсөң Сайкал. Кыргызстанга кайтсаң сени ким, эмне күтүп турат? Туугандарыңдын акыбалы тиги болсо, бул жакта жүрө бер. Кемалга баарын ачык айт, төрөй албашыңды айт ал дагы ойлонуп көрсүн.
—Андай сүйүү бар, сүйүшөт азыр да. Болгону сага сүйүү келе элек.
—Жок мен ишенбейм Сайкал.
—Мейличи, сүйүп калганда анан сени менен сүйлөшөм. Төрөбөйт экенимди айткам башында эле..
—Анда эмне болуптур. Турмушка чыга бер, жумушуң жаныңда, Кемал сени сүйөт.
—Жинди болбочу, ошол эле калды эми кылбаган. Сенден кеңеш сурасам кайдагын айтасың да.
—Сайкал ойлонсоң, тытынып иштеп жатасың туурабы? Эмне кыласың чогулткан акчаңды?
—Туура иштеп жатам, үй алам..
—Ким үчүн? Ачуу чындыкты айтам, ыйласаң да угушуң керек.
—Азыр жыйырмага чыга элек болсоң да каарылык баарыбир келет. Каарылыкта жалгыз шүмүрөйүп калгың барбы? Ошентип кала турган болсоң сага үйдүн эмне кереги бар? Каарылар үйүндө деле жашай бер, жалгыз жашаганча. Мына ушундай келечек күтүп турат сени, эгер жалгыздыка баш байлай турган болсоң. Кемалдын улуту башка болсо эмне экен, ал сени сүйөт анан мусулман эң башкысы. Бирөөлөрдүн сөзүн, оюн эмне кыласың? Тийип ал, ал сенин төрөп бербешиңди билип алам!-деп жатат. Каарыганда, азыр жалгыздыкты билбей жашайсың. Биздин жигиттерди жаман дебейм, болгону алардын баарына бала керек. Мейли бирөөгө турмушка чыккан күнүңдө дагы, ал мурунку кардарларыңдын тууган же тааныштары болуп калсачы? Кайненең эки жыл төрөбөсө туубас атка чыгарып, келиндерин айдап жаткан кайненелерден болгон болсо дагы жүрөгүң жараланат. Андан көрө жакшылап ойлонуп көрчү, сен самаган бакытты ушул жерден таап жүрбө курбум. Мен сага жамандык каалабайм, болгону бактылуу болууга акың бар алтыным.
—Маакул Айпери рахмат кеңешиңе, ойлонуп көрөм. Айтканыңдын жөнү бар, чын эле ошентсемби.
Ошентип ойлонуп койгондон көп өтпөй, Кемал Сайкалга үйлөнүү тууралу сунуш киргизди. Бул дагы эсте калаарлык жагдайда болуп өттү. Сайкал маакул болду, бир жылдай акча топтоп үйлөнүү тоюн кылышмай болушту. Сайкал тойго чейин этегин ачпашын айтып, шарт койду. Баардыгы жакшы болуп жатканда Кемалдын Англияда жашап жүргөн байкеси келип калды. Эшиктин коңгуроосу басылганда Сайкал Кемалдын үйүндө болчу. Кемалды келди экен деп, жүгүрүп барып эшикти ачты. Кемалга окшош бирок, чачы бир аз суюк бала турду. Түрктөр да окшош болот экен деп ойлоп жиберди. Сайкал Түрк, англис тилин өздөштүрүп калган болчу. Кемалдын байкеси менен кенен сүйлөшүүгө акыбалы жетти. Кенан Сайкалды жактырган жок. Кемал мурун бир да жолу кыз менен олуттуу мамиле түзбөгөн болчу. Байкеси аны мыкты билчү, Сайкалды да жеңил ойлуу кыз же үй кызматчысы деп ойлоп койду.
—Кемал кана? Сен кимсиң?
—Мен Сайкалмын, Кемал азыр келип калат. Жумуштан келе элек. Сиз өзүңүз кимсиз?
—Мен Кемалдын агасымын, анан сенин жумуш күнүң бүттү. Кете берсең болот!-деп Сайкалга акча карматып койду.
—Сиз мени туура эмес түшүндүңүз, мен Кемалдын сүйгөн кызымын. Жакында үйлөнөбүз, таанышканыма кубанычтамын.. Ишенбеген жаман көз мене акшыя карады Сайкалды.
—Болушу мүмкүн эмес, улутуң ким?
—Кыргыз…
—Дааа… Укканмын… Чоң кыз кел сүйлөшүп алалы, сен Кемалды жайына койосуң мен сага көп суммадагы акча берем. Анан сен Кемалдын жашоосунан жок болуп кетишиң керек. Орус, Күрк болсо башка кеп, Кыргыз менен үйлөнүүсүнө жол бербейм. Кыздын колуна оролгон долларды карматып койду.
Эмне үчүн мени дайыма сатып алышат? Эмне үчүн !-деп ыйлаган бойдон чыгып кетти. Акчаны албай калтырып кетти. Талант менен да эми табышып кележатканда байкеси ортого түшүп, ажыратпады беле. Азыр дагы Кемалдын байкеси акча берип, Сайкалдан кутулгусу келип жатат. Артынан келген Кенан ооруп жаткан кемпир менен ал-акыбал сурашып калды. Мурун Кемалдын үй-бүлөсү ушул жерде жашап Нежланын апасы менен Кемалдын апасы жакын курбулардан болушчу экен. Сайкалга көңүл да бурушкан жок, экөө эне баладай жылмайып сүйлөшүп жатышты. Кенан бир кагазга бир нерсе жазып анан чыгып кетти. Ал Сайкалдын карточкасынын номери эле. Көп өтпөй Сайкалга билдирүү келди, банктан экен. Бирөө Сайкалга чоң суммадагы акча которуптур. Нежла деп ойлоду, көбүнчө азык-түлүктүн акчасына кошуп, айлыгын да салып койчу. Ой жок эле үйдөгү жумуштар менен алышып жүрдү. Бир маалда Кенан жини кайнап кирип келди, ыйлап алыптыр..
—Сайкал сага акча керек беле? Эмнеге мага айткан жоксуң? Мени сүйбөйт экенсиң да, кантип биздин сүйүүнү саттың. Мен сени кечире албайм, алдадың.. Кенан Кемал келеери менен колундагы банктын кагазын көрсөткөн. Сайкалга акча бергени тууралу кагаз болчу, бул акчаны Сайкалдын кетип калуусу үчүн бергенин айткан. Кемал болсо байкесине ишенип, Сайкал менен урушуп кетти. Жанагы келген акчаны Кенан которгон экен да көрсө .
—Кемал кааласаң ишен, каалабасаң жок. Мен агаңдан акча алган жокмун, берди албай койдум. Кийин чыгып банктан которуп коюптур.
—Сенин картаңдын номерин кайдан билет? Эмнеге алдайсың, алган акчаң аздык кылып жатабы?
—Билбейм кайдан билеерин, мен айткан эмесмин..Кемал ишенбей кетип калды, жарашууга аракет кылса да Кемал унчукпай койду. Көп өтпөй орус кызга үйлөнүп алды. Кемалдын бул кылганын көтөрө албай, Сайкал Кыргызстанга кетип калды. Бул жака келгенден кийин, жанагы Кемалдын агасы берген акчага жашап жатты. Баатир ижарага алып, жумушка кирди. Окууга тапшырды, түндөсү тез жардамда иштеп жүрдү. Чын эле адамдын жашоосун сактап калган эң жакшы экени жүрөгүн жылытып турду. Айлыктын аздыгына карабай, шүгүр кылып жумуштан чыккан жок. Санжар болсо Батма менен ажырашып кетиптир, мунусунда Батма эмес Санжар башка аял таап алыптыр. Айылдагы тайкеси болсо Айгерим жеңеси аркылуу кичине оңолуп, Сайкалды өзү издеп келип кечирим сурап кетти. Сайкал атасынан кабар алууга көтөрүнүп, мурун карызга алган акчасын алып барды. Мурат чын эле аз эле убакытта башкача болуп кетиптир. Сайкал келсе ыйлап жиберди, Мураттын аялы да жакшы кабыл алды..
—Кызым, кечирип койчу мени. Акылсыздык кылыптырмын, менин күнөөмдөн, зөөкүрдүгүмдөн жаралган периштем десе. Күйдүргүдөн, сүйдүргү болдуң сен. Апаңдын алдында чоң күнөөм бар, бул арабада миң жыл олтурсам да күнөөм жуулбас. Эми кетпей биз менен жаша, жакшы жер чыкса узаталы сени кызым..
—Жок ата, мен бактымды тапкам. Ал менин жумушум, адамдарды куткаруу, ажал менен алышуу.
—Мейли кызым өзүң бил, катташып турсаң болду. Үч бир тууганың бар.. Биринчи жолу атасы менен кучакташып ыйлады, атасынын тизесине башын коюп эркелеп жатты. Баары жайына келгендей, бир эле нерсени эсептебегенде. Жанында Таланты жок, сүйгөнү жок.
Бир күнү өзүнө тааныш дареке чакыруу келди. Уккан кулагына ишенбей жатты, бул деген Талант экөө жашаган үй болчу. Жүрөгү чыгып кетейин деди. Талантты көрөм!-деп эмес. Талантка эмне болду!-деп. Адаттагыдан шаштырып айдатты шопурду. Жетип барса мурунку урайын деген үй асман тиреп, заңгырап кетиптир. Үйдү бир кыз ачты, кулагына эч нерсе угулбай телтеңдеп эле кол шилтенген жака кете берди. Кирсе тоголонуп сыздаган боюнда бар келин жатыптыр. Дароо алып, төрөт канага жеткирип кетишти. Ооруканага жетпей, жаш келин төрөй баштады. Мурун төрөткө катышпаган Сайкалдын жүрөгү түшүп калды. Канчалык катуу айдаса да келин машинада төрөп койду. Сайкал дагы бир кыз менен айласыз машинада келинди төрөтүштү. Төрөдү уух деп турганда, экинчи толгоосу башталып экинчисин төрөдү. Эгиз экен, кыз анан бала. Сайкал өзү балалуу болгондой ыйлап жиберди. Ооруканага жеткени менен жаңы төрөгөн келин көп кан жоготуп, өзүнөн кетип калды. Жандандыруу бөлүмүндө жаткан келинден Сайкал түндө бир маал келип кабар алып кетти. Эртең менен сабака барбай, дагы жанагы келинге келди. Мурун Талант экөө жашаган үйдү ушулар сатып алышыптыр да деп ойлоп койгон. Бирок, эгиз наристелердин жанына киргенде көзүнө ишенбей турду. Жанында Талант туруптур. Эшикти ачкан кыз балдызы экен.. Эгиздер жети айлык төрөлгөн, тебетейге салып бакчудай эле салмакта экөө тең. Эмне болуп кеткенин ойлонгуча Талант Сайкалды байкап калды.
—Сайкал сен бул жерде эмне кылып жүрөсүң? Сен ошондо кайда качып кеттиң эле? Мен сени издедим..
—Талант сен азыр аялыңды сактап калууну, балдарыңды ойлон. Өткөн-кеткенди ойлонбогун.. Талант бошошуп кетти Сайкалды көрүп, аялынын жүрөгү начар экенин айтып өттү. Сайкалга өчөшүп ошондо ошол эле күнү жолдон бирөөнү машинага салып алакачып үйлөнүп алганын айтты. Аялынын боюнда болгондо гана Сайкалды издөөнү токтотконун айтты. Эки сүйүшкөн көпкө сүйлөшүп туруп, анан Сайкал келинге кирбей эле кетип калды. Арадан бир-эки ай өтүп, Талант Сайкалды издеп таап келди. Тез жардамда иштегендиктен табуу кыйынга деле турган жок. Сайкалды карап туруп, унчукпай койду. Сайкал да сүйлөгөн жок. Болгону үй-бүлөсү менен жашасын, бузбайын бүгүндөн калбай жумуштан кетейин деп жатты. Бирок, Талант күтүүсүздөн башкача жаман сөз айтты..
—Сайкал мени баары таштап кетти, сен анан үй-бүлөм, сени кайра тапканда экинчи ирет да таштап кеттиң. Эми болсо мендей шордуунун саны эки жанга көбөйдү. Ал менин балдарым. Балдарымды апасы түбөлүкө таштап кетти. Суранам сен бооруңа катып, ушул экөөнө эне болуп алчы. Мени болбосо да балдарды аячы. Сенин жүрөгүңдө мен гана бар экениме ишеничтүүмүн. Анткени өчкөн сүйүү, бүтпөс арманга айланып, көздөрдү муңга батырат. Адамды айласыздык бийлеп алат, сенде болсо сүйүү өчө элек, жүрөгүңдө үмүт бар. Суранам балдарыңды жетим кылбачы, өз тагдырыңды ушул экөөнө ыраа көрбөчү. Сайкал чыдабай ыйлап жиберди, Талантка жетип барып кучактап ыйлап жатты. Ошол убакта унаадан Таланттын апасы эгиздерди алып түшүп, Сайкалга карматты.
—Эми булар сеники, бактылуу болгула деди. Таланттын апасы орус болсо да сүйкүмдүү экен, батасын берип ак жоолук салды. Ошентип Сайкал менен Талант кайра табышып, уул-кыздын ата-энеси болуп калышты. Бир убакта Сайкал менен Талант биригип баштаган бизнес өсүп, пайдасын берип баштаган экен. Бул үй-бүлөөдө баардыгы бар азыркы убакта. Сүйүү, мээрим, күлкү, ынтымак, ырыскы, эң башкысы бакыттан куралган, даалай сыноолордон өткөн үй-бүлөө бар. Сайкал мыкты эне болду, өзүнүн өткөн жашоосун эстеп эгизтайлар өзгөгө эмес өзүнө калганына ыраазы болуп кетет. Эч нерсени түшүнбөгөн бирөө келип калса бул балдар өгөйдөн кордугун көрмөк экенин элестеткенде , жүрөгү сыздап кетет. Кыздын атын Даниса, уулдукун Даниэль коюшту. Талант Сайкалдын атасын чет өлкөгө даарыланууга жөнөттү. Сайкал апасынын жашоосу кызында уланып жатканына бактылуу.. Баары бактылуу…..

Мына ошентип бул чыгарма ошо менен бирге эле бул инсандардын турмушу чагылдырылып бүттү. Эмнеге ушул жерден токтоттум. Себеби дал ушул жери жүрөкө жагып, жаныбызды жай алдырат. Сайкалдын азыр эң бактылуу күндөрү өтүп жатат. Бакыт түбөлүк коштосун демекчимин…

Аягы, Соңу

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️