Өчкөн сүйүүм 5 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=7148&preview=true Кызыктуу окуялар.

ӨЧКӨН СҮЙҮҮМ, БҮТПӨС АРМАН.
………..5-БӨЛҮМ…….
Көзүмдү ачууга аракет кылдым, бир көзүм такыр ачылган жок. Экинчи көзүм ачылганы менен жаным чыгып жаткандай оруду. Колумду эптеп сунуп, көзүмдү кармасам тигилгенге окшойт. Жанакы зөөкүр башыма урганда чекем жарылып кетиптир. Аман калганыма сүйүнүп жаттым. Милиция келип менден көрсөтмө алып жатты. Үй-бүлөм үчүн коркуп эчнерсе айтпай койдум. Эмне десе да эч айтканым жок. Дароо Кымбатты сурап жаттым, баарын жашырып айтпай жатышты. Кийин өзүмө келип, үйгө чыгып келгенде үйдө Кымбаттын жоктугун байкадым. Апам кара көйнөгүн кийип, аябай кайгылуу. Атам болсо башын жерге салып, -кайрат кыл балам!-деди. Кымбаттын о дүйнөгө мезгилсиз кеткенин билдим. Көзүмдөн жаш чыкпай койду. Менин башымды жаргандан кийин, балдар баардыгы биригип Кымбатты зордукташыптыр. Байкушумду эч аяшкан эмес экен, өзү ооруп турган Кымбат өзүн жоготкон бойдон кете бериптир. Милициянын айтуусу боюнча Кымбатты айбанча алты сааттан ашуун кыйнашыптыр. Өлүп калган денеде эмнеси бар эле? Иши бүткөндөн кийин кете беришпейби. Өлгөн денени эрмектебей, ит дагы өлгөн денени эрмектебейт. Адамдан туулган айбандардын колунан баары келет тура. Айтышат эмеспи сокурдан да жаш чыгат!-деп. Менден жаш чыккан жок, көзүмдүн тамыры жабыр тарткан үчүн көрбөй калбасам да, көзүмдөн жаш чыкпай калыптыр. Көзүмдөн жаш чыкпаганы менен жүрөгүмдөн кан чыгып жатты. Мен жокто Кымбатты жерге узатып салышканына кыжырландым.
—Ата, апа силер мен жокто Кымбатты жерге берип салыптырсыңар. Коштошпой калдымбы? Кымбатымсыз калдымбы?
—Кызым, сен бир айдан көп жаттың. Алып келе албайт элек сени, Кымбаттын акыбалын көрсөң сен да кыйналмаксың.
—Эмне болуптур Кымбатка?
—Айбан да анчалык адамды кордобойт. Сиңдиң таанылгыс болуптур, ошол айбандардын колуна шал тийсин акмактар. Кудай урсун ошолорду, жашабасын.
—Ыйлаба ата, мен аларды табам.
—Кой кызым, бир кызыбыздан айрылганыбыз жетишет. Сени да жоготууга биз чыдабайбыз. Андан көрө болгондун баарын милицияга айтып бер, жазалансын.
—Жок апа, мен өзүм табам.
—Сенин колуңдан эмне келмек эле?
—Келет ата; келет. Силер тынчтангыла аларды өзүм жазалайм…..

Үйдө көп жатпай жумушка чыгып кеттим. Кожоюн көнбөй жатып араң көндү. Бирок, мен залга чыга албай калдым. Бетимдеги жүзүмдү суук көрсөтүп койгон тыртыктардан улам эми көчөдө да кенен баса албайм.
Жумушка чыккандан кийин баары акыбалымды сурап, көңүл айтып жатышты. А менин болсо жүрөгүм таш, жан дүйнөм муз, оюм арам болуп калган.
—Даниса кандайсың?
—Жакшы, рахмат.
—Даниса колумдан бир жардам келет, бир нерсе керек болсо жашырбай айт. Жардам берем.
—Менде баары жакшы, жардам керек эмес. Болгону алаксып жүргөн жумушумдан айрыбаңыз.
—Маакул, Даниса жанакы кол салгандарды таанып калдыңбы?
—Бирөөсүн эле.
—Каалайсыңбы таап берем.
—Мен аны эмне кылам?
—Каалаганыңды, сиңдиңдин өчүн аласың.
—Мен адам өлтүрбөйм.
—Өлтүрбө, болгону колун шал кыл. Мен четте жөн тура албай айтып жатам. Кааласаң таап берем, эртең.
—-Жүрөгүм жөн деп жатат? Бирок, акылым адашып өч ал деп жатат.
Мен аны баспас кылам, таап бериңиз.
—Маакул, таап берем сен кайрат кыл. Ал үчүн сен бир жыл бекер иштейсиң.
—Маакул өмүр бою деле иштейм.
Эртеси кожоюн себепсиз эле мени түнкүгө калтырды. Жумушта олтуруп уктап кетиптирмин. Бир маалда ошол жерди кайтарган бир бала ойготту. Кийинип сыртка чыктым. Ресторандын арты ээн болчу. Эч ким көрбөйт. Чыксам кожоюн баягы мени урган баланы тизелетип коюптур. Мен аны чала эстеп калган элем. Кыял байке аны кайдан тапканын билбейм. Ал убакта көзүмө эчнерсе көрүнгөн жок. Барып туруп жүрөгүн өз колум менен сууруп алгым келди. Ушунчалык жиним менен жакындап бардым.
—Сенби? Билесиңби сени эмне кылам, өлтүрөм сени. Могу кылганыңды кара акмак, зөөкүр, айбан. Кандай экен менин ордумда калган, жаныңдын чыгышын сезип жатасыңбы?
—Өлтүрбө суранам. Кечирчи, кечир. Мас болуп калыптырбыз. Иттик кылдым.
—Ит дагы сендей кылбайт, жаныңдагылар кимдер эле?
—Баарын өзүм кылдым аларга тийбе, мени эмне кылсаң маакулмун.
—Айлаң жок байкуш, кимдер экенин айтсаң тирүү калышың мүмкүн.
—Аларбы алар менин бир тууганым менен досум.
Ушинткен соң колумдагы темир менен чаптым. Кайсы жагына тийет дебей урган экенмин так барып башына тийиптир. Кан кетип, көзү аңтарылып жатып калды. Мени болсо Кыял байке ичкериге сүйрөп кирип кетти, жанакы айбанды болсо машинага салып кетишти. Кыял байке кетип калды мен болсо колум титиреп таң атканча олтурдум. Баардыгын Ресторандын артындагы видио тартып алыптыр. Мен урган бала ошол жерден мерт кетиптир. Кайгырганым жок, канга кан, жанга-жан. Өчүмдү алдым, эми берки экөөнү табышым керек. Ошондо арманым калбайт.
—-Даниса тиги балаң өлүп калды. Балдар аны көлдүн түбүнө калкып чыкпай турган кылып катып келди. Эгер ошол сөөк табылса баарына өзүң жооп бересиң, уктуңбу?
—Мага баарыбир, наркыларды да таап бериңиз.
—Өзүңө ишенесиңби? Анчалык кандын кереги барбы? Өлтүрбөйм дедиң эле го?
—Өзүм билем, колуңдан келсе тап болбосо өзүм табам.
—Маакул, анда мага да бир кызмат кыл. Экөөбүздүн бири-бирибизге жардамыбыз тийсин.
—Эмне кызмат? Даярмын..
Тартмасын кыыйч эттире ачып, бир конверт сунду. Ичинде бир толмоч келген сулуу аялдын сүрөтү бар экен.
—Бул ким?
—-Бул суроону мага бербе, ишиңди аткар маакулбу. Ошондо мурунку кылмышың да билинбейт.
—Эмне кылышым керек ошондо?
—Кечеки кылган ишиңди аткарышың керек, болгону ошол.
—Эмне? Мен аны өлтүрөйүн деген эмесмин, аны мыкты билесиз.
—Өлтүрөм дебесең өлбөйт эле.
—Аны мага сиз таап бердиңиз, сиздин да катышыңыз бар.
—-Эй кыз жакшылыкты билбейсиңби сен? Менин тиешем жок.
—Мен силерди өлүктү кат деп суранган эмесмин, керек болсо.
—Мейли өзүң бил бирок, сиңдиңди өлтүргөн бул эмес башкасы экенин билесиң да э. Өзүңдү ургандан өч алдың, эми сиңдиңди урганга кезек келди. Таап берүүнүн кереги жокпу?
—Керек…Мага бул аял ким экенин айтсаң карап көрөм.
—Бул менин аялым, болдубу?
—Жок, болгон жок. Сизге эмне кылды? Жөн эле ажырашып кетиңиз.
—Бул деген ойнош таап алыптыр, менден балдарды талашып алды, азыр болсо мүлктү талашып жатат. Үч балама анан аялыма болгон байлактын көбү кетип калат экен. Машина уруп өлүп калса мисалы да баары мага калат. Балдарды болсо эчнерседен кем кылбай багып алам. Мен ойнош таап алганына чыдабай жатам, болбосо акчага деле ыраазы элем. Мына дарек, баардыгы кокустука окшошуш керек.
Мен ошондо Каниметти эстеп кеттим. Ал дагы мени чанып, сиңдимди сүйүп калган. Ошол Каниметти деп биз ошол күнү көчөдө калдык, анан бизге кол салуу болду. Баарына Канимет күнөлүү. Мындай ала жипти аттагандарга өлүм.
Сүрөттү алдым да чыгып кеттим. Артымдан-«качан ишти бүтүрөсүң»-деген боюнча калды Кыял байке. Эртеси дарек боюнча барып, сүрөттөгү аялды таптым. Кечке чейин аңдып, эмне кылууну ойлоп жаттым. Ошентип мен буйрутма менен өлтүргөн аялга айландым. Дүйнөдө мындай өлтүргүчтөр көп. Ошолордун бири болдум. Мен буга өкүнбөйм. Ыплас адамдарды жок кылып, тозоко түшсөм деле ыраазымын. Айбандарды бул замандан тазалаш керек. Көрүнбөй жашынып турсам, жанакы аял кабат үйдөн чыгып кетти. Ушул жерде жашаса демек бул дүкөнгө эле кетти окшойт кечинде, балдырын жалгыз калтырмак эмес башка жака болсо. Эртеден кечке чейин аңдып, бул аял тууралу аз да болсо билдим. Чын эле бир эркек менен өбүшүп анан кучакташып учурашты. Баары чын экен. Кайра кайтар жолунда жайгашкан кабаттуу үйдүн эң үстүнө чыктым. Тоңуп калган чооң-чоң муздан жаныма топтодум. Чогултуп алып жанакы аялды күттүм. Көп өтпөй эки баштык менен пайда болду. Менин тушума келгенде жанакы муздарды ылдый кулаттым. Биринин артынан бири кулады эле бирөөсү барып, аялдын башына сайылып аялды кулатты. Бир аз карап турсам аппак кар кызыл түскө боёлду. Мындай жаракаттан соң аялдын тирүү калышы мүмкүн эмес эле. Акырын туруп, кагынып кетип калдым. Эртеси жумушка барганда эле Кыял байкенин жымыңдаган көздөрүн көрүп, баарын түшүндүм. Кечинде кабинетине кирдим.
—-Даниса жарайсың, сен мыктысың. Мындай кылып өлтүрүү сенин гана башыңа келиши мүмкүн. Мына муну ыраазычылык катары ал.
Столдун үстүндө бир тутам доллар турду. Бул жерде эки миң доллардан кем болбосо керек. Акырын алдым да, башымды ийкеп койдум.
—Бир сааттан кийин сенин издеген адамдарың өздөрү келет, эмне кыласың аларды?
—Өлтүрбөйм, өмүр бою азаптанып өтүүсүн каалайм. Тирүү өлүкө айлантам.
—Сен билесиң эмне кылышты. Анда сени алып барышсын балдарга.
—Маакул..
Жигиттер мени жанакы Кымбатты өлтүргөн балдарга алып барды. Ушундай жек көрүү менен карадым. Мен келгенче бир топ эле төпөштөлүшкөн окшойт, мени көрүп таанып, ыйлап жиберишти.
—-Суранам мени кечирчи, мас болуп калдык. Өмүр бою кулуң болоюн.
—Силерди кудай кечирсин, мен кечирбейм.
—Үч балам бар, жетим калбасын. Тирүү калтыра көр.
—Кымбаттын өлүгүн кордоп жатканыңарда анын ата-энесин ойлодуңарбы? Тирүү калтырдыңарбы? Өлгөндөн кийин да бетин таанылгыс кылыпсыңар. Мейли тирүү калтырайын бирок, өмүр бою баспай өтүүгө ыраазы болсоң. Эмне кылайын?
—Ыразымын тирүү калсам болду.
—А сенчи чычкак.?
—Мен сиңдиңе тийген эмесмин. Мен сени зордуктагам?
—Эмне? Мен кансырап жатсам менин да намысыма тийдиңби?
—Мен эле эмес, баардыгы.
—Эх эшектер, мындайда баатырсыңар. Анан бурчка такаса эле бири-бириңди сатасыңар. Коркоктор, намыссыз байкуштар.
Ошол эле жердеги союлду бирөсүнүн омурткасына ныгыра батыра койдум. Кадимкидей сөөгүнүн сынганы угулганда койо бердим. Ыйлап жатты байкуш. Мен буларга ичим ачышканы жок. Мындай мыкачылыка ушундай гана жооп болуш керек. Экинчиси ыйлап, жалбарып жиберди.
—Жөнчү, тийбечи суранам.
—Болбоойт, сенин ыраазычылыгың менен кылып жатам. Тирүү каласың бирок, мен тууралу айтсаң үйүңдү билем байкуш. Балдарың сенин кейпиңди кийет. Экинчисин да дал ошондой кылып, анан балдарды үйүнүн алдына таштап коюуусун айттым. Алар түндө мен айткандай кылышканын айтып, коңгуроо кылышты. Мына бүгүн мен ошол күндөн бери биринчи жолу тынч уктадым. Кийин балдар тууралу уксам экөө тең баспай, майып арабага олтуруп калышыптыр.

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️