ӨЧКӨН СҮЙҮҮМ, БҮТПӨС АРМАН.
………4-БӨЛҮМ……………
Өзүмдү араң бастым, бети-колумду жууп эс алдым. Бир аздан соң Кымбаттын бөлмөсүнө кайра кирип, күндөлүгүн ордуна койдум. Эч нерсени өзгөртө албаганым менен жок дегенде кыйындатпайын дедим. Сиңдимди кучактап жатып алдым.
Боордошум, жалгызым, сырдашым, мээримдүүм, ак көңүлүм эмнеге сен аз жашашың керек? Кудаай, Кымбат сага да керек болдубу? Ананчы жерде жүргөн периштенин өзү ушул болсо, асманга керек болгон окшойт. Мен сенин акыркы кыялыңды орундатам. Сөз берем…
Таң атканча кирпик какканым жок, эртең менен ашканага кирип Кымбатка куймак бышырдым. Сүткө бал кошуп, куймака каймак куюп алып кирдим.
—Тук-тук Кампотум, кампетим жааным туур.
—Эжеке сизге эмне болгон?
—Жөн эле жалгыз сиңдимсиң, ошого сени башкача жакшы көрөм.!-деп жылмайдым. Кымбат болсо керилип эстеп алды да турууга камынды. Жанында ачылып калган күндөлүгүн көрүп калып шарт алып жаба койду. Четинен Каниметтин сүрөтү чыгып калган экен, Кымбат мени көрүп калдыбы!-деп чочулап кетти. Көздөрүмдөн мени байкадыбы деген дей уурданып карады. Эч нерсе билдирбей жылмайдым.
—Кымбат бол эми муздайт баары, биринчи жолу сага таңкы тамак берип жатканда чыга калсаң.
—Эмне болуп кетти экен э, азыр апам көрсө башыңызга чөп сындырат.
—Жинди кыз ий чөп эмес таяк сындырат.
—Апей ошондой беле хи-хии..
—Ыкшыңдаган кичинекейим. Кымбат бүгүн менин жумушума келбейсиңби, сага жакшы көргөн баягы күнкү тамагыңды бышырып берем.
—Эжеке койчу мен аны билбей эле буйрутма берип алган экенмин, байкуш жездем…!-деп туруп калды.
Ооба бир жолу Канимет, Кымбат мен болуп тамактанганы барганбыз. Анан Кымбат сыналгыдан эле уккан тамагын барбы!-деп сураган. Бар экен, баасын сурабай эле буйрутма берип алган экенбиз, үчөөбүз тең акыркы тыйынга чейин берип чыкканбыз. Ал дагы жетпей калып эртеси барып калганын төлөп паспортубузду алып кеткен элек. Үйгө жеткенче каткырып, бири-бирибизди шылдыңдап барганбыз. Бирок, ошол жеген тамактын даамы оозубузда калган. Эми болсо мен өзүм иштейм Ресторанда, Кымбатты коноктоого күчүм жетет.
—Кымбат айта бер, Канимет тууралу сөзгө мен терикпейм. Ал өткөн иш, андан көрө айтчы келесиңби?
—Келем да эжекем чакырып жатса.
Анан жыйналып шашып-бушуп жумушка жөнөдүм. Ошол күнү кичине кечигип бардым. Жетекчи башка жумушчуларга катуу турганы менен мени менен эмнегедир жумшак. Жок менин оюмча башка бирөөнүн оюна келген жаман нерсе жок бул жерде. Жетекчи ишин так аткарган, үйбүлөөлү анан акчаны ашыкча жакшы көргөн инсан. Ал мени эсепке так анан жоопкерчиликтүүм үчүн сыйлайт. Жакынкы күндөрдүн ичинде мени суусундук куюп берүүчү жерге (бар) жетекчи кылам деген. Бул ресторанда күндүзү тынч болгону менен кечинде накта ызы-чуу башталат. Жаш картаңы дебей ичип, эс алууга ушул жерге келет. Дем алыш күндөрү түнү менен дискотека болот. Бүгүн алтынчы күн экенин унутуптурмун. Залдын бий уюштурулуучу жайын даярдап жатышыптыр. Бүгүн тынч иштегим келген эле, болбой эле мени залга чыгарып коюшту. Бүгүн мен мастарды тейлейм, кээ бири арманын айтат, кээ бири мактанат кээ бири мас болуп жатып калат. Жаман көрөм, жумушумду жек көрүп кетем ушул залга чыкканда. Каниметке таарынып келгениме төрт ай болуп калыптыр. Таң калыштуу жаныңдай көргөн адамдан бир күндө көңүлүң калышы мүмкүн экен. Бүгүн Канимет менен байланышууга аргасызмын.
—-Ало Канимет кандайсың?
—Жакшы, Дани сенби?
—Ооба. (Оор үшкүрүк коштоду)
Канимет экөөбүз толук ажырашалы, кагаздарын бүтүрүү керек.
—Даниса чыдай албайсыңбы?
—Ошол суроону өзүңө берчи.
—Чыдай албайм мен, чыдабай жатам. Сенин алдыңда күнөөмдөн башымды көтөрө албай калдым.
—Болду токтот. Кымбат ооруп жатат.
—Эмне болду Кымбатка, эмне оору?
—Жаман оору, беш ай убактысы калыптыр. Канимет ал сени сүйөт. Мен баарын билем, чын жүрөктөн сүйөт. Менден да катуу сүйөт.
—Мүмкүн эмес, кандайча. Эмнеге ооруйт?
—Билбейм, тагдыры ушундай экен. Сени биз таанышардан мурун эле сүйүп жүрчү экен. Кийин экөөбүз…
—Эмне экөөбүз айт аягын.
—Сага жолуккан күнүмдү кудай өзү урсун. Өкүнөм, өкүнөм. Мен болбосом экөөңөр бактылуу болмоксуңар балким, Кымбат оорумак эмес. Бүгүн келчи ресторанга.
—Кайсы ресторан?
—Дарегин жиберип жиберем.
Телефонду өчүрүп бир жерди тиктеп катып калыптырмын. Качан Кымбаттын үнүн укканда селт эте түштүм. Кымбат сулуу болуп кетиптир. Бул оору сиңдимдин жанын акырындап алып жатканы менен бетине нур бериптир. Кудай өзүнө алаарда пендесин бүт күнөөдөн арылтып нурга бөлөйт окшойт. Жаныма келгенче сүйкүмдүү жүзүнө тигилип тура бердим. Ушул көрүнүш өмүр бою эсимде калса экен!-деп жаттым. Сиңдимдин элеси жаркыраган бойдон калса экен.
—Эжеке мен келдим, кандайсыз?
—Жакшы, эрте келиптирсиң.
—Ооба үйдө олтургум келбей койду.
—Олтуруп тур э. Ичкериге кирип Каниметке даректи жазып анан саат үчкө келип кал!- дедим.
Төрдөгү эң мыкты жайга экөөнө дасторкон жайдырып койдум.
«Фуагра» Кымбаттын көңүлүнө жаккан тамак. Бүгүн бүт нерсе Кымбат үчүн болсо экен деп аракет кылдым. Шам жагып, роза гүлүн кооздоп чачтым. Сиңдим улам болуңузчу тамактанып алып кетейин деп жатты. Анан Кымбатты акырын даяр болгон жайга узаттым. Экинчи орундукту ал мен үчүн деп ойлоду.
—Даярбы э эжеке тамак.
—Тамагың жаман ээ тултук.Тамаша азыр мен карап келейин.
—Фуаграңыз кааздын боорубу же тооктуку менен алдайын деп жатасызбы эжеке? Хии-хи.
—Кыткылыктаган десе, жаман кыз.
Эшик жака бассам Канимет келип калдым!-деп коңгуроо кылды. Кичине жүдөп калыптыр, жумушун да таштап салган окшойт кетпей жүргөнүнө караганда.
—Кел Канимет, Кымбат сенин келээриңди билбейт. Канимет мен сага айтканымды Кымбатка угузба э. Анан мен баарын кабыл алып, көтөрүүгө күчүм жетет. Маакул болсо эч ким билбес жака алып кет. Суранам мен сени кечиришимди кааласаң Кымбатты акыркы күндөрүндө бактылуу кыл. Бактылуу өтсүн бул жашоодон, армансыз өтсүн.
—Рахмат. Дани рахмат сага мага баардыгын айтканың үчүн. Кымбат эчнерсени билбейт, айтпайм маакул кылып алып кетем. Бактылуу кылам. Менин да тилегеним ошол, Кымбатты бактылуу кылуу.
Көзүмдүн жашын жерден ручканы алымыш болуп арчып алууга жетиштим. Каниметти акырын эрчитип барып Кымбаттын жанына алып бардым. Кымбат ордунан тура калды.
—Кымбат акырын, мен сенин кыйналганыңды көргүм келбейт. Суранам олтуруп чечишип алгылачы. Мен жөнүндө ойлобогула, мен ыраазымын. Эч кандай нараазычылыгым жок.
—Эжеке эмнеге мындай кылып жатасыз. Менин колумдан ушул нерсе келет деп адашып жатасыз.
Кет-кет дейм. Канимет чыгып кет. Менин эле эмес эжекемдин да жүрөгүн ооруттуң. Кетчи суранам кет. Кымбат колундагы сумкасы менен Каниметти уруп жиберди. Дагы бир нерсе десем Кымбаттын акыбалы оорлошуп кетчүдөй көрүндү. Каниметке кет деп белги бердим эле чыгып кетти. Кымбат мени кучактап алып ыйлап турду.
—Окудуңбу, окудуңбу дейм?
—Ооба кечинде окудум, атайын эмес..
—Кайдан мындай кам көрүү чыга келди дедим. Апамдар билбеши керек. Эжеке сиз үчүн өзүмдөн кечүүгө күчүм жетет. Мен кеткенден кийин мен тууралу күйөөсүн тартып алган аял тууралу эстөөңүздү каалабайм. Мындай кылбаңызчы.
—Маакул, сөз берем эми мындай кылбайм.
Жумуштан сурандым, даярдалган орундукта экөөбүз тамактанып олтурдук. Экөөбүз бүт нерсе тууралу сүйлөштүк. Бул сөздөр маанилүү да маанисиз да эмес. Билбейм, билбейм маанисин өзүм деле. Бул негизи анча маанилүү эмес туурабы? Эң негизгиси экөөбүз чогу олтурганыбыз. Эң башкысы ал менин жанымда. Кечинде ошол жерде бийледик, эс алып анан үйгө кайттык. Жакын эле жашайбыз ошол үчүн кичине жөө басууну чечтик. Үйдү көздөй каткырып ойноп бараттык. Бул күн акыркы күн болгондой экөөбүз тең убакыттын өтпөй турушун каалап турдук. Ресторандан бир аз эле алыстагандан кийин бизге эки бала кол салды. Жулунуп жаттым, кыйкырып , мушташып жаттым. Кымбат бир топ алсырап кеткен экен каршылык көрсөтө албай калды.
—Эмне керек силерге? Акчабы? Акча, алтын, телефондун баардыгын алгыла. Болгону сиңдимди жибер, тийбе ал өлүп калат.
—Өлө турган болсо бүгүнбү эртеңби эмне айрымасы бар. Оозуңду жап, дагы кыйкырсаң өлтүрөм.
—Суранам, жалбарам эмне десең кылам. Сиңдимди жиберчи, суранам. Азыр кой бербесең тирүү эле калган болсом сени табып, түбүңө жетем.
—Колуңдан эмне келет эй катын.
Кана кеттик.
Сүйрөп баратканда жана сумканы ачкан үчүн биринчи телефон ыргып түштү. Колумду созуп алганымды байкабай калды. Баскычтарын басууга алым келбей чакырууну эле эки жолу бастым. Акыркы жолу Канимет менен сүйлөшкөн экенмин Каниметке чакыруу кетти. Сүйрөп бараткан жерди айттым. Зөөкүр телефонду байкап калып, колума бир тепти. Телефон ыргып кетти эле таманы менен тепсеп жанчып койду. Жинденип келди да менин башыма бир нерсе менен чапты. Калганын билбейм.
Уландысы бар.