….1-бөлүм….
Эмне деп баштасам экен. Өзүмдү тааныштыраар алдында, беш мүнөт мурун болгон окуядан баштагым келди. Жолдошум армияга кетип мына бир ай мурун келди. Бүгүн болсо күндөгү эле оокаттан кийин төшөк салып чогу жаттык. Жанымда жыгачтын өзү жаткандай. Мен күйөөмдү сагынган элем. Ушуну деп мени кечип кеткенине карабай күткөнмүн. Күйөөнүн милдетин аткарайын дебейт. Мен аялмын, мен жүрө берем. Чынын айтсам көп кызыкпайм. Бирок, бул эркек да ушунча убакта мени болбосо да аялды сагыныш керек туурабы? Бул күндөгүдөй эле кыймылсыз. Башка бирөөгө алдырып жиберемби деген коркунуч ойумду ээлеп, акыркы күндөрү уйкум да жоголду. Жеңемден бир жолу акырын сурасам,-» кыз өзүң башта, атыр жыттанып жүр дайым/-деген. Айтканындай эле кылып жатам, бул эмнеси? Таакыр жакындата албай койдум. Азыр да кучактап, акырын жоонунан өптүм. Жатканына беш мүнөт боло элек уктап калабы эмне. Көмкөрүнчө жаткандыктан өзүмдү каратып оодарганга аракет кылдым. Чочуган адамдын кейпин кийип ыргып турду да мени сөгүп баштады. Ыйлап баштадым, ортобуздагы мамилени аныктагым келди. Кайра көз жашымды көрүп жинденбесин деп, соорондум. Кечирип койчу!-деп кучактай калдым.
—-Алчы, ал колуңду!-деп үнүнүн болушунча бакырып жиберди. Жүрөгүм түшүп калды, мен эмес кайним жеңемди уруп жатат деп чуркап кириптир. Билдирбей айласыз кайниме карап күлдүм. Ал чыгып кетти.
—-Мени каалабайсыңбы Канимет? Сага эмне кылдым?
—Түндө уйкумду бузасың, күндөн күнгө эмне эле болуп баратасың уйгактай болуп? Уктачы бар..
—Сен эмне чогу жатканыңды милдет кылып жатасың? Бирөөң барбы?
—Жок, дөөрүбөчү көп укта дейм энеңдурайын. Бир жумадан кийин бир жылга кетем, контрак менен.
—Мен да сени менен кетем, калбайм. Сагынат экенмин.
—Сен соо эмессиң, жиндиканага жатып чыкчы. Ойлонсоң башың барбы. Үйдөгү Эдил менен Адылды ким карайт. Боюңда болсо төрөп отурасың.
—Кайдагы бойдогун айтасың, сен жаздыгыңды катын кылып алсаң мен эмне шамалдан тууймбу.
—-Кудай бергенде болот да.
—Сен деги жарайсыңбы?
Оозумду ким тырмады дейм да. Өзү араң турган адамды өзүмө кайрап жиндимин. Туруп алып куру менен сабап кирди.
—Мына сага мына. Жарабай калды деп жаттың беле э мына сага.
—Токмоктогонго он жаштагы бала да жарайт, тийбе мага тийбе.
Жарайсыңбы!-деп мен ага жинденип эле айтып койгом. Мен аны төшөктө эч кандай маселеси жок экенин жакшы билчимин. Курунун ушунчалык катуу болоорун эми билдим. Таң атса кетем!-деп полдо ыйлап жатып калдым. Телефонум турган экен алып, тамгаларды терип ыйымды сөз кылып төгүп жаттым. Канимет мага көңүл бөлбөстөн уктап калды. Бир жылга кетем дейт, мени менен ажырашып анан биротоло кете берсин.
Бир жарым жыл жолугушкан жокпуз. Үйлөнгөнүбүзгө эки ай болгондо мекенге болгон милдетин аткарууга кеткен. Ыйладым, жалдырадым болгон жок. Атама айтып, тааныш аркылуу акча берип калтырууга сүйлөштүк. Өзүнүкүн бербей кетип калган. Жаңы алган аялынан аскерди бийик көрүп кетти. Досторунун баары аскерге барып келген же ошого намыстанып жатабы. Кыскасы аскердик милдети бүткөн соң, келишим менен чет өлкөгө кеткен. Келечегин Военный жакта экенине көзү жетсе мейли деп койдум. Бир жарым жыл, эмне деген убакыт э? Бойдок кезимдегидей эле сезип жүрөм өзүмдү. Күйөөм келгенде аябай кубандым, ыйладым. Телефондо сүйлөшкөнүбүздө барганда сага ак көйнөк кийгизип, элдикиндей чоң той кылабыз деген. Өзүмө мыкты деген көйнөк алдым, жада калса той болчу Ресторанды да таап сүйлөшүп келдим. Жалгыз кайнатам бар, кайненем каза болуп калыптыр беш жыл мурун аттан кулап. Кайнатам жыл айланбай башканы койнуна катыптыр. Ошого таарынып Канимет эгиз эки инисин алып өзүнчө чыгып кетиптир. Кайнатам жакшы адам, үч баласына тең үй салып койгон. Эми үйлөнтүп жайлантсак!-деп жатканда кемпири таштап кете бериптир. Апасы үчүн ушунчалык күйөт экен, мени да ошол аялдын ордуна коюп көрбөйбү. Мен деле ушунун келечектеги боло турган балдарынын апасымын го туурабы?
Тойго даярданып жаттым, кайнатам жылкынын семизин байлап койду. Канимет аскерде кеткенде эмне жеп, эмне ичишет дебей кеткен. Эки эгиз инисин кошуп кафеде бармен болуп иштеп багып жаттым. Анан контрак алгандан кийин аздан акча салып турду. Сүйүү деп эле эч нерсени ойлобой Канимет менен турмуш жолун аттаптырмын.. Банктан кридит алып, кийит кылдым. Ресторанга коюлчунун баардыгын алдым. Канимет тойго бир жума калганда баратам!-деп айтты. Мага башка өлкөдө экенин айткан бирок, ушул деп так айткан эмес болчу. Төрт күн телефону өчүк болду. Ойлонуп жинди болуп кете жаздадым ошондо. Тойго эки күн калганда келди. Келип алып эки инисин урушуп жатып калды. Эшикте кылынчу оокат кылынбаганы үчүн. Булар окуучу болсо колдорунан эмне келмек эле. Улам келип алып арактан көбүрөк алдыңбы? Тиги эжеме жакшы кийит алдыңбы!-деп нукуйт. Өгөй кайненем бар болгон үчүн унчуга алганым жок. Ойлонбойбу жок мен ойлонбоймбу. Той кылам десе, акчаң барбы?-дебеймби. Баламды үйлөп жаткандай өз башыма карызга батып алыптырмын. Менин милдетимби? Же атамдан алды деп жатабы билбейм. Каниметти короого алып барып сурадым.
— Акча барбы?-деп сурабайсыңбы.
Кайсы арыңа той кылам дейсиң?
Мен дагы өпкөлөнүп алыптырмын.
—Мен акча салып жатпадымбы.
—Айына он миңден төрт жолубу?
—Эки миң жегенге кетсе, калганына үйдө эле той кылабыз деген элем.
—Ак көйнөк дебедиңби?
—Эй аны достор деген машинасын алып чыкмак, шаарды бир айланып эле келмекпиз. Калганы үйдөн.
—Шылтооңду Канимет, тойду токтотолу анда. Ресторанга акча жок.
—Досторума уят болом мен.
Мына ошентип той болчу күн да келди. Баардыгын унуттум, ак көйнөк кийгенде ар бир аял заты дүйнөдөгү эң бактылуу жанга айланат эмеспи. Санаган адамдан көбүрөөк келди себеби кайненемдин туугандары, арбагын сыйлап калбай келишиптир. Мейли келбей койгондон көрө көп келгени жакшы. Кыздар тойу болуп жатканда күйөө баланы кучактап, бактылуу болуп эле көрүнүп жүрүш керек эмеспи. Мен кайдан, ажатканага барымыш болуп, тамагын карайм, этин карайм. Иши кылып билдирбөөгө аракет кылып жаттым. Баары жакшы өтүп кетти. Эл билбейт да чоң тойдун милдети кимдин мойнунда жатканын. Дагы жакшы кошумча Ресторанды жаап кетти. Кридит мойнумда калды. Тойдон кийин да үйдөн конок тынбай он беш күндөй чогу жатмак түгүл, уктаганга да убакыт болбой жатты. Эл кетип, өзүбүз калганда жолдошумду кучактап, жытына мас болуп жаттым. Башында билинбегени менен, эки жуманын ичинде Каниметтин кылыктары жаныма тийип кетти.
Каниметти мага айласыз эле үйлөнсө керек десеңер керек ээ?
Жок андай эмес, биз деген жылдын күз мезгилинде таанышканбыз. Кызык эле болгон ошондо, курбумдун туулган күнүндө олтурсак досу менен келген. Ал убакта мен Арабаев атындагы окуу жайда окуйт элем. Эстесем эки жыл мурун деле бир топ жаш болчу экенмин. Чачым кыска кыркылган бирок, асты жагы көкүлүм кыйшак узун бир көзүмдү жабып турат. Мага эмнегедир чачымды ошондой кылсам башкача керемет көрүнүп калгандай боло берчи. Жасалма кирпик чаптап, озумду кызылга боёп, кыска кара көйнөк кийип алгам. Жанакы мушташ кинолордо катышкан кыздардын образы жакчы мага. Үйдө, мектепте, университетте баардык жокто бирдей жүрчүмүн. Өтө шок элек. Бир группалаш кызым менен жан курбу элем. Экөөбүз парадан качып бокс, күрөш, каратеге барчыбыз. Акчаны болсо жол кире деген акчаны иштетпей ошого берет элек. Анан шиш такачан беш-алты километр жөө басчыбыз. Ошондо группалаш балдар айткандай фигурабыз 90 60 90 болчу. Университеттин эң кыйыныбыз деп эсептечүбүз өзүбүздү. Кыздар бул жакта турсун балдар түртүп өтө албышпайт эле. Экөөбүздү чоң курстун төрт кызы сабайм!-деп кайра бизден таяк жешкен. Ошондон кийин өзүбүздү асманга учуруп алганбыз. Жыргал жашоо да бат эле бүтөт экен. Башыма махабат келди. Жанагы шок кыз назик кызга айланып кетти. Канимет менен ошол кечеде таанышканыма өкүнөм. Билдирбегеним менен мен аны катуу сүйүп калдым. Мен анын менин көзүмчө жол киресин эсептеп жетпей калса менден алганына да көңүл бурбадым. Мага үй-бүлөөсү тууралу айтканда ыйлап уккам. Бир жылда экөөбүздүн сүйүүбүз күчөп, баш кошууну чечтик. Ата-энеме угузчу да күн келди. Эмне дешимди билбейм, ары бир айланам бери бир айланам. Канимет деген ат угулса жүрөгүмдүн соккону өзүмө угулуп кетет.
—Апа, Ата мени урушпасаңар бир нерсе айтам.
—Айта бер садагам канча керек?
—Атаа акча эмес..
—Даниса сага эмне болду кызым? Машинаңды соктуңбу же дагы бир кызды сабап койдуңарбы?
—Жок ата мен спортту таштагам. Мен күйөөгө чыгам.
—Эмне?
—Күйөөгө чыгам дейм..
—Кимге? Жинди болдуңбу окууңчу?
—Уланта берем да.
—Экинчи курсту эми бүттүң сен, дагы үч жыл окутат дейт сени.
—Мага ал эң башкысы эмес, үй-бүлөөнү биринчи орунга коём апама окшоп.
—Апаң деген университетти бүткөн.
—Качан? Мен чоңойгондо бүттү го.
—Бүттүбү иши кылып.
—-Ата мен деле кийин аяктап алам.
—Салыштырба сен, апаңдыкы акыркы курсу эле калган болчу. Сен ооруп калып таштаган.
—Жок айтканым айткан, дегеним деген. Болду тийем дедимби тийем.
—Мына сенин тарбияң, кызыңды карачы мага уялбай эрге тийем деп жатат. Карабайсыңбы кызыңды.
—Койчу атасы, эркелеткен өзүң го. Эмне десе кыласың, эми өзүңөр билгиле мен билбейм.
—Ушинтесиң анан. Кыз баланы энеси тарбиялайт, уруп койсоң өмүр бою эсинде калып атам мени урат болчу!-деп айтат кийин. Даниса кызым, алып кел жигитиңди көрөлү.
Уландысы бар.