Пример HTML-страницы

Өч алдым билбейм кимден 8 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=17347&preview=true Кызыктуу окуялар.

«ӨЧ АЛДЫМ, БИЛБЕЙМ КИМДЕН«

………………8-БӨЛҮМ……………………..

Адам деген жырткыч ээ, өзүмдүн бул кылыгым менен биринчиден өзүмдү кыйнап анан ден-соолугума зыян келтирдим. Экинчиден Рыспектин дагы бир жолу мен үчүн көз жаш төгүүсүнө түрткү болдум. Үчүнчүдөн кудай алдында кечирилгис күнөөгө батып, баламды томолой жетим калтырмак болдум. Атасы түрмөдөн чыкканча байкуш балам баса албаган апамдын колунда кор болмок да. Жаның көзүңө көрүнүп, жашоого тоюп турганда шайтан азгырып эч нерсе эсиңе келбей калат экен. Кечеги күнү өзүмдүн жанымды өзүм кыйып жатып менсиз жашай албаган бир адам бар экенин унутуп коюптурмун. Ал менин балам, баламды унутуптурмун го. Эрболчу? Эрбол мени баласын төрөп, багып берүүчү эле апараттай көрөт. Жок туура эмес, Эрбол мен үчүн атасын өлтүрдү. Мени азап тартпасын деп түрмөдө экенин жашырды, мени ойлоп көз жашы төгүлгөнчө таштап кетти деп жек көргөнү туура деди окшойт. Эмне кылып койдум? Эрбол мен үчүн жети жылдык өмүрүн, атасынын өмүрүнөн кечип, сүйөөрүн көрсөтүп жатса мен болсо күтө албай калдым. Шайтанга баш бердим, ала жипти аттадым. Болду-болду жетишээр, оң жолго түшөм.

Өзүм менен өзүм сүйлөшүп жатып алаксып кеткен экенмин, Рыспек туруп сыртка чыгып кетиптир. Көзүмдү ачсам башым айланган соң көзүмдү жумуп, кыйгачтап алсам уктап жатат деген окшойт. Медсестрага Рыспекти жаныма киргизбе дейинчи.

—Чакырдыңызбы?

—Ооба чакырдым, тээтигил жигит жүрбөйбү ошону менин жаныма киргизбеңизчи. Жанына кирсе болбойт деңиз, көргүм жок.

—Маакул айтып койом, эс ала бериңиз сиз кабатыр албай.

—Рахмат, а баса мен качан чыгат экенмин?

—Врачтан сураңыз, негизи эки-үч күн калтырса керек. Психологту да чакырышкан эртеңкиге.

—Мен жинди эмесмин, оозуңа карап сүйлө чоң кыз абайлап.

‘—Мен эмнеге абайлайм, эмнеге?

Өз жаныңа өзүң кол салып жатсаң жинди эмей кимсиң анан?

Медсестра мени апамдан өтүп урушуп алыптыр тооба кылдым. Мунун иши эмне дейм да, негизи эле бирөөгө киригишкендерди өтө жаман көрөм. Азыр турууга акыбалым болгондо туруп урушуп кетсем керек эле. Арыкчырай, назик көрүнгөнү менен үнү аябай заар экен башым ооруп кетти.

—-Болду чоң кыз, оорукчандарга кандай мамиле кылып жатасың?

—Кандай мамилеге татыктуу болсо ошондой мамиле кылып жатам. А айтайынбы эмне кылып жатканымды? Сенин жаныңды сактап жатам, чала өлүк жаныңды тирилтип жатам.

— Сага айлыкты мына биз төлөп жатабыз, иштесин деп берип жатабыз. Милдет кылба кылганыңды, ал сенин ишиң керек болсо, уктуңбу?

Медсестра кол жаңсап чыгып баратты эле Рыспек кирип калды чуркап. Бакырыктан улам чуркап кириптир ойлогон окшойт мени кайра өзүнө бир нерсе кылган деп.

Урушуп жатканыбызды көрүп Рыспек мага болушуп кирди. Эки жактан экөөбүз асылсак чыдабай кетти окшойт, Рыспекти жаака чапты. Эх ушул бөйрөктөн шыйрак чыгарганым калбайт экен да. Дайым уруштун үстүнөн жүрөм. Рыспек өзүн өзү жакшы эле колго алчу, мунусунда аябай жиндендиби же куру намыска алдырдыбы ким билсин тиги кызды бир-эки муштап калды. Ошол күнү мени ооруканадан эреже бузгандыгыбыз үчүн айдап чыгышты да Рыспекти камака алып кетти. Жада калса сотко чейин да үйгө койберишпеди. Оорукандан үйгө чыгып келип үйдө эле даарыланып жаттым. Даарынын түрлөрүн аябай ичип жүрдүм. Бир күнү эле көңүлүм айланып башкача болуп калыптырмын. Оюмда ансыз да ооруп жатканда сасык тумоого балээ барбы деп койом. Тилеке каршы бул акыбал күндөн-күнгө күчөп эң артында тазиктен башымды көтөрө албай калдым. Ай кайран башым ай, Жакшылыкты төрөгөндө Эрболду жоктоп ыйлап жүрүп таксикоз эмне экенин билбей калган окшоймун. Боюмда бар экенин кайненем байкап калыптыр.

—Ай Клара басчы бери, кызым сен эки кат эмессиңби? Өңүң жакпай турат мага, ушул сен соо эмессиң догдурга барып келчи эртең.

—Жок ай апа кайдагыны айтпаңызчы бул мүмкүн эмес.

—Өзүңө ишенип айтып жатасыңбы?

Көзүмдү ала качтым, апама кантип калп айтам. Ишенем деп алып чын эле эртең боюмда болсо кантем дедим. Кудайдан таң атканча кечирим сурап, мени сактоосун суранып чыктым. Таң атпай туруп эле догдурга жөнөдүм. Тилеке каршы чын эле кош бойлуу болуп чыктым. Биринчи жолу өзүмдү жаман сезип, ошол үйгө кирүүгө акым жоктой сезим тейлеп алды жан дүйнөмдү. Ооруканадан чыгып парк аралап кеттим, асманды карап олтура бердим бир ордумда. Көк асманда мага айла жазылгандай ошол айланы издеп жаттым. Эрболго өмүр бою кул болсом да кетпейм дедим эле, эми мени калтырбайт. Калтырмак түгүл көргөн жеринен жүзүмө түкүрүп өтсө керек. Айла жок эми, Жакшылыктын атасыз өсүп жатканы аз келгенсип бул ымыркайды да атасыз калтырбайын. Үйгө келип, кийимдеримди жыйнап чыктым. Баардыгын сумкага салып апама бардым. Баардыгын байкап эле олтурган апам көз кырын салып унчукпай турду.

—Кызым ушуну бекер кылдың, ичиңдегини деп сыртыңдагынын келечегин кечесиңби?

—Апа кечпейм, атасы келет эртең.

—Эненин орду бөлөк, кел айласын табайлы..

—Эмне айла апа?

—Ичиңдеги канча айлык болуптур?

—Үчүнчү айга эки-үч күн мурун эле өтүптүр, эмне эле?

—Эрболдун олтурган түрмөсүнүн дарегин берем, баргын да үй-бүлөөлүргө жолугушууга бир бөлмө берет экен. Анан жети айлык деп койобуз, түшүндүң да э?

—Жок апа, бирөөнүн баласын Эрболго алдап сунгум жок. Андан көрө мен кетейинчи, өзүнө ылайык жар тапса баламды өгөйлөбөйт деп ишенем. Колумдагы сумка менен чыгып баратсам балам бутума асылды бирок, мен да кетем деген жок. Демек оорулуу апасын таштабаш керек экенин билип жатыптыр. Көзүмдүн жаштарын суртүп чыгып кеттим. Ата-энемдин, мурунку өзүм алган үйгө бардым. Эки күн унчукпаганы менен атам кийин наалып баштады. Өзүмчө магазин бөлдүрүп алып чыгып кеттим. Иштеп жүргөнүм менен ичим чохңоюп кыйнап жиберди. Рыспекти түрмөдөн акча берип жатып чыгарып алдым. Эми чогу жашайбыз , чогу иштейбиз эчнерсе тоскоол боло албайт.

Уландысы бар

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE