2- БӨЛҮМ
Кайра үйүнө кирип жууган кийимдери кургагыча үстүнө кийип тургудай ылайыктуу бир нерсе издеп эски пальтосунан башка эч нерсе тапкан жок. Калганын бүт өрттөптүр. Пальтосунун тигиштеринен бери үңүлө караса бит-сирке көрүнбөйт. Таза экен деп жалаңкат жылаңач денесине кийип алды да үй ичиндеги диван үстүнөн өмүрү жыйналбаган, жатып жүрчү эски жуурканын да өрттөдү. Шейшеп аттууну качан урунганын да унутуп калыптыр.
Үй ичин иреттөөгө өттү. Иреттегидей деле эч нерсе калбаптыр. Бир эшиги жок, кыйшайып жыгылчудай болгон эски кийим илген шифоньери. Бурчта колго жасалган электр плита. Бир темир чайнек. Эки кружка, эски жатуучу диван. Болду. Төрт бөлмө үйдө болгону ушул дүнүйө. Үй ичин бир жакка көчүрүп кеткендей каңгырап бош. Улам бир бөлмөнү ачып карай, оозу аңкая ачылды. “Энеңди… алкаш достор бүт уурдап сатышкан тура”,-деди күңгүрөнө. Бир кездеги дубалдарга тартылган туш кийиздердин, килемдердин, сандыктардын, идиш-аяк толтура шыкалган шкафтын, дубалга илинген түлкүнүн, карышкырдын терилеринин кайда кеткенине башы жетпей турду. “Ту-уу ата… алкаш достордун мени эле сатмайы калган тура. Бүт тукум курут кылышкан турбайбы”,- деп койду. Чынында досторуна кошулуп бүт өзү аракка сатканын эстей алган жок. Эстегиси келбеди. Эмнеси болсо да алкаш досторун сөгүп, өзүн кичине жеңилдетип алды. Үйдүн полунун киринен сырынын түсү билинбей калыптыр. Мончодон ысык суу алып келип бардык бөлмөлөрдү жууп чыкты. Эски шыпыргы таап алып дубал боорундагы, потолоктогу желелерди шыпырды. Канча убакыт өткөнүн да билген жок. Кайра мончого кирип дагы бир чайканды. Короодогу алманын бутагына илип койгон кийимдерин караса кургап калыптыр. Алып киейин десе тигиштеринде сиркелер кум. Үтүктөбөсө болчудай эмес. Өзүнүн үтүгүнүн кайда кеткени дайынсыз. Коңшу эжеден сурабаса башка арга жок.
Жалаң этине пальтосун кийип турган коңшусун көргөндө аялдын оозу даана ачылды. Ал түгүл сүйлөй да албай калды. Астында адам эмес эле арбак тургандай болуп кетти.
Башын жалтырата кырган, сакал-муруту жок коңшусунун жаак сөөктөрү уркуюп чыгып, башы сокудай болуп тирукмуш болуп калыптыр. Мурда чачы үксүйүп, сакалы барпайып жүргөндөгү өңү башкача эле.
– Ботом, Сапарбексиңби? ..
– Ооба, эже, тааныбай калдыңызбы?
– Ботом, чачыңды, сакалыңды алып койсоң таанылгыс болуп калат турбайсыңбы, -деди өзүнө келе.
– Кел кир.
– Кирдим, эже. Үтүгүңөрдү сурап келдим эле. Бир саатка жетпей кайра алып келем.
Аялдын дагы оозу ачылды. Ичинде “үтүгүмдү эмне кылат? Чын эле кийим үтүктөгөнү жатабы?”-деген ойлор турса да сурай албады.
– Мейли, мейли…-деди шыпылдап. Арытан алып келип карматкыча шашты.
– Рахмат, эже. Бат эле апкелем,-деди да берки башка сөз айтпай бурулуп жөнөй бергенде, аял артынан узата ээрчий карап калды. Пальтонун этегинен сөөк болуп арыктаган шыйрагы көрүнгөн берки үңкүйө кетип баратты.
***
Кийимдерин шашпай үтүктөдү. Чолоо жерин калтырган жок. Ал түгүл эски дивандын үстүн да үтүктөдү. Пальтосун да үтүктөдү. Шалдырап чарчай баштады. Ичегиси жабышып, ачка болгондон ичи курулдайт. Үйүндө күкүм да нан жок экен. Чай кайнатайын десе кургак чайы да жок. “Тобоо, кантип жашап келаткам?”- деп койду. Кийимин кийип алып кайра үтүктү жеткизип барды. Костюм, шым кийгенге адамдай боло түшкөн. Болгону башына киерге эч нерсе таппай койгондуктан, башы сокудай болуп ырайын бузуп турат. Эшикти ачкан коңшу аял аяк-башына бир карап алды да:
– Ботом, адамдай болуп калган турбайсыңбы. Өт. Жаңы эле нан жаап, чай ичейин деп жаттым эле. Отур, чогуу чай ичели,-деди. Берки “жок эже, мен кете берейин” дейин деп, кайра “мейли, өлөрүмдө бир жолу тамактанып алайынчы”-деп ойлой төргө өттү. Коңшусу менен деги эле шашпай чайлады.
Төрөлгөнү ачка жүргөнсүп табактагы каймакты, вареньени бүт аймады. Бир көмөч нанын бүт эле өзү жеп койду. Коңшу аял көргөн көзүнө ишенбей “бул чын эле арагын таштап, оңолоюн деген го?”-деп ичинен ойлоп коёт да, кайра “кайдан оңолсун? Жөн эле бүгүн өзүнө бир жолу көңүл буруп жатканы болсо керек”,-дейт. Ошентсе да сөзгө тартып:
– Сапар, ырас чачыңды, сакалыңды кырып, тазаланып алыпсың. Ботом, раматылыгы болгон эжең тирүү кезинде кирпигиңе кир жугузчу эмес эле. Иним… иним…-деп үстүңө үйрүлүп турчу эмес беле. (Сапарбектин өлгөн бир тууган эжеси жөнүндө айтып атканы). “Жалгызым” деп сени жакшы көргөнүнөн көзүнүн тирүүсүндө сага “ичкилигиңди азайтсаңчы же таштачы” деп да айта албады. Кайран эжем, адамдын алтыны эле го. Бир айыбы – аягы канап төрөбөгөнү гана болду да. Болбосо, асыл жан эмес беле,-деп үшкүрүнө шыпшынып койду.
Беркинин көз алдына тээ илгерки өткөн өмүр бүдөмүк мунарыктай элестей калып жатты.
– Сен да өзүңдү такыр таштап койбодуңбу. Ботом, болбосо бул чөлкөмдө сендей колу алтын уста бар беле? Оңбогон арак оңбосун! Болбосо сендей дөөтү колдогон усталар жүз жылда да төрөлбөйт го. Азыр да сенин салган үйлөрүң заңгырап турат. Сеникине окшоштурам деген нечен усталар шылдың болушпадыбы.
Берки үн деген жок. Жаңы бышкан нандан каймакка мала бурдай сугунуп, бир курсагы менен алек болуп жатты.
– Ботом, сендей эр жигит да жаман бир салпетек катын үчүн ушунча чөкмөкпү? Катынга өчөгүшүп күчүңдү ичкиликтен чыгарам деп аягы эмне болдуң? А катының болсо жүрөт. “Таба эмес тобоо. Анын ошондой эрки бош экенин билип мен учурунда ажырашпадымбы”, -деп. Мынча болду күйгүзө айтайын деди окшойт. “Баары бир турмушубуз болмок эмес. Акыры алкаш болуп кетерин билгем. Балдарымдын ырыскысын ажырашып кетип сактап калдым. Болбосо бүт ичип таштамак”,- деп айтат экен өлүкканаңды көрөйүн шерменде… Эжең байкуш өлөөр-өлгүчө “ушул сойкуга кайсы шайтан айдаган күнү жолукту эле?!”-деп боздоп жүрүп өттү го…-деп көз кычыгында турган жашын жоолук учу менен сүртүп койду. Берки тойгондон кийин:
– Рахмат эже, эмнеси болсо да өлөөрүмдө бир тоё тамак ичкендей болдум. Сообум тиер. Бата кылып коюңуз,-деди да, бата тилеп ордунан тура жөнөдү. Тигил аял беркинин өйдө-төмөн сөзүнө түшүнө бербей “эмне деп дөөрүп койду” дегенсип аңкайып кала берди.
Үйүнө үңкүйө басып баратканы менен кулагына кошуна аялдын “таба эмес тобоо деп жүрөт дейт” деген сөзү кайра-кайра жаңырып атты. “Мейли, өлсөм табалай турган кишиң да калбастыр”, -деп койду күңгүрөнө.
Өз дарбазасын өзү тааныбай калгансып үтүрөйө тиктеп туруп калды. Босого устуну кыйшайып, жыгылчудай болуп калыптыр. Сырлары эскилиги жеткенден сыйрылып түшүп, өңү өчкөн. Бир кездеги өз колу менен жасаган, зыңкыйып турган кооз дарбаза көз алдына тартыла түштү. Ичи бурала толгонуп кетти. Кайра кол шилтеп койду. “Эми өлө турган болгон соң дарбазанын эмне кереги бар. Куламактан кыйрап калсын”-деди да ичкери кирип, киши кирип-чыгуучу эшигин кыйгач жаап койду. Илбеди. Үй түбүндөгү эски орундукка күнөстөй отура кетти. Күн түштөн ооптур. “Бүгүн канчасы?”-деп ойлоп алып өзү чочуп кетти. Күндү кой, кайсы ай, кайсы мезгил экенин эстей албай башы ката түштү. “А-а, атаңдын оозун урайындыкы, мен эчак өлгөн турбаймынбы. Дагы уялбай өлөйүн деп коём. Тобоо, жылдын кайсы мезгили экенин билбей калганымдан кийин эмне деген шумдук?! А-а, атаңдын оозун урайындыкы. ..”-сөгүнүп-сөгүнүп алды да, аргасы кеткенден “жардам берчи” дегенсип күндү үлүрөйө тиктеди. Айлананы аяр карай баштады. Алма чыпалактай болуп түйүлүп калыптыр. Короо ичин жашыл отоо чөп баскан. Демек, жаз окшойт. Кейпи апрель айы болсо керек деп боолгоду. Барып кошуна аялдан сурап келсемби деп ойлой, кайра айныды. Өлө турган кишиге мезгилдин айырмасы кайсы?
Күндүн жылуулугу денесине өтүп, бир чети курсагы тойгонго магдырап уйкусу келе баштады. Көз алдына өлгөндөн кийинки көрүнүштү элестеткиси келди. Опурап-топурап кирип-чыккан эл аялына сөзсүз кабар айттырышат. Өзү келгиси келбесе да балдары топурак салсын деп келээр.
Аялы келип суйкаңдап машинадан түшүп, анан кыйшайып кулайын деп турган дарбазаны көрүп, киргиси келбей мурдун чүйрүп турганы көз алдына тартыла түштү.
Балдарына карап: “Мына, силердин атаңар кандай үйдө жашаган. Кандай адам болгон. Көрүп алгыла. Мен силерди торолтуп багып, адам кылып жүрөм”,-деп атканы ал түгүл кулагына угулуп кетти.
– Энеңди… ######… муну кара… Ушул дарбаза элеби? Ордунан кантип атып турганын билбеди. Сарайын аңтарып жүрүп эски лом, күрөк таап алып келип кыйшайган босого устундун түбүн казып түзөп, кайра таш салып бекемдеп бекитти. Кыйшайган дарбаза кайкалап түзөлө түштү. — Ушул элеби энеңди… Муну минтип эле түзөп койсо болот. Өз ишине өзү ыраазы боло түштү. Чекесинен тер куюлгуча иштептир. Анан көзүнө дубалдын урап түшкөн бурчу урунду. Кирпичтери ар жерде чачылып жатат. Суу ташып кичине ылай жасай койду да оңдоп кирди. Кеч күүгүмгө чейин короосун айланта бүт ураган жерлерин оңдоп чыкты. Тырп этерге алы калбай чарчады.
Эмнегедир өзөгү карайып, курсагы ача баштады. Коңшу аялдын ысык нанын эстеди. Каймагын эстеди. Дагы баргысы келип кетти. Бирок, батынбады. “Эмне деп барам? Акыры өлө турган болгон соң ачка эле өлө бербейимби. Курсакты тойгузганда эмне да, тойгузбаганда эмне?”-деп үйүнө кирди. Эски диванына чалкалай отуруп эс алайынчы деп жаңы эле ойлогондо сырткы эшик ачылып калды.
– Я-а, Сапар, кайдасың?-деген коңшу аялдын үнү угулду.
– Бул жактамын эже, кириңиз,-деп тосо жөнөдү.
– Жүрү үйгө. Ысык тамак ичип ал. Кечке жаның тынган жок. Атайын сен үчүн эт астым эле. Оокат кылганыңды көрүп кубанычым койнума батпады. Акыры намысың ойгонгон экен деп жатам. Эми ушул бойдон адам болуп кетсең болду. Жакшы атанын уулу элең,-деди эбиреп-жебиреп.
– Эже, жөн эле койбойсуз да…
– Кой, жүрү. Ботом, сенин эжекең менен бир тууган эже-сиңдидей болуп өлөр-өлгүчө сыйлашып жүрдүк. Сен деле инимдей болуп калдың. Жүрү, уялба. “Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт” деген. О-о, кокуй, өзүңдү-өзүң ушинтип колуңа алсаң эртең эле зыңгыраган жигит болуп чыга келесиң,-деп астыга түшүп жөнөдү. Артынан ээрчий баскан Сапарбек: “Мейли, барып тамагын ичсе ичип коёюн, тигил дүйнөгө кеткенимде сообу тиер”,-деп ойлоп койду.
– Ботом, али жашсың да. Жашың канчада?-деди аял Сапарбекке бурула. Берки мукактана түштү, көрсө быйыл канчанчы жыл экенин билбейт экен. Анан эсине туулган жылы түштү. Жылын айта салды.
– О-о, кокуй, 45 жашта эле турбайсыңбы. Али жигитсиң да,-деди коңшусу. Берки ичинен эсептеп быйыл канчанчы жыл экенин чыгарды. Ту-уу ата, аялы менен ажырашканына он төрт жыл болуптур. Эжекесинин үйүндө жашаганына он үч жыл, эжекесинин өлгөнүнө беш жыл болгон экен. Ту-уу ата, ушунча жыл өтүп кеттиби?-деди ичинен. Улуу баласы он тогузга, кичүүсү он жетиге чыккан тура. Ту-уу ата…
аял менен тамак ичип олтуруп билди. Быйыл жаз кеч келиптир. Азыр майдын ону экен. Күн жаңы эле жылый баштады,-дейт. Этти тамак көрбөгөндөй жеди. Эки чоң чыны шорпо ичти. Кетеринде коңшу аял:
– Ме, муну кийип алчы, күйөөмдүн калпагы эле, үйдө эле сандыктын түбүндө жатат,-деп башына эскинин жаңысы болгон калпакты кийгизди. Кейпи, чачын тасырайта кырган башына соксоюп эч нерсе кийбей жүргөнүнөн баш кийими жок экенин байкаса керек. Берки унчукпай ойлонуп турду да, “Рахмат”,-деп күбүрөй кийип алды. Үйүнө келип диванга кийимчен кулаган бойдон уктап калган экен күн шашке болгуча бут серппептир.
Бирөөнүн жулкулдатканынан ойгонду. Көзүн ачса бет маңдайында көздөрү үңүрөйүп ары кирип кеткен, бетин сакал баскан, чачы үксүйгөн бирөө турат. Кечээ өлөйүн деп атканын эстеп “мен тиги дүйнөдөмүнбү? Аңкүр-Маңкүр дегени ушу го?”-деп ойлоду апкаарый. Тигил ырсайып койду, тиштеринин көбү жок. Барлары сапсары болуп кеткен.
– Кайраным, кечээ бир жерден жолуң болуп аябай тойсоң керек ээ?-деди. Үнү тааныш учурайт. Ой, эмне жалдырап карайсың? Же эсиңе келе албай жатасыңбы? Бүшүркөй тиктеп турду да:
– И-и, сен Ыйманбексиңби? Тигинин көзү чекчее түштү.
– Жинди болбочу, анан ким болмок элем? Ооба, Ыйманбекмин.
– А-а, байкуш классташым. Сен ушинтип калдыңбы? Тигил көздөрүн алаңдата өзүн карады.
– Кантип калыпмын? Дөөрүбөчү?
– Дөөрүбөй эле… Мынчалык сага эмне болду?.. Кой, сага кыйын болду…
– Мага эмне болуптур? Тигил ордунан турду.
– Кой… айтканда эмне, айтпаганда эмне, сен да өлгөн турбайсыңбы! Мен азыр мончону жагайын, сен да мендей болуп жуунуп-тазалан. Анан чогуу өлөлү. Бизде башка жол жок. Барар жерибиз да жок. Ушуну түшүн.
– Э-эй… ээ-й, Сакиш, сен соосуңбу я-а? — Кичине артка кетенчиктеди.
– Мен соо элемин, мына сен соо эмессиң. Сен мен айтканды аткарып соолугушуң керек,-берки ордунан турду. Тигил:
– Э-эй… эй, мени жайыма кой. Өлсөң өзүң өлө бер.
Чалынып-чулуна эшикке жөнөдү. Кечээ Туйту айткан “Сапарбек акылынан айнып калыптыр”-деп. Ишене берген эмес.
-О-ой токто. Кайда качасың? Баары бир эртедир-кечтир барар жерибиз ошол жак болгон соң минтип кор болбой эртерээк кете берели.
Ыйманбеги дикилдей чуркап чыгып кетти. Шашканынан эшиктерди да жапкан жок. Берки турган ордунда кала берди. “Шордуум ай, түк акылга көнбөйт экенсиң да”,-деп койду. Табарсыгы толуп калыптыр. Эшикке чыкты. Күн бүгүн да ачык экен. Дубал кырларындагы кечээки өзү оңдоп койгон жерлер көзүнө татынакай көрүндү.
Дагы аялынын кербезденип шылдыңдап караган элеси көз алдына тартыла түштү. “Энеңди… мен сени шылдыңдатып коёт бекенмин! ”. Дарбазасын караса койкоюп турат. Болгону сыры туурулуп түшүп, эскириптир. Үйүнүн сыртынын да ар жеринин шыбагы сыйрылып, таргыл болуп калыптыр. “Ата көрү, мынча болду, баарын кырып салып кайра кара шыбактап туруп актап койсом. Тигил дубалды да мелтиретип кара шыбактап туруп актасам. Дарбазаны сырдап койсом. Мени көмгөнү келгендердин көзү ачылат эле,-деди да кайра оюнан айный түштү. — Ту-уу, анын баарын качан жасап бүтөм. Кой, андан көрө бүгүн эле өлө берейин. Кара боюм таза. Кийимим таза. Калганын эл көтөрүп кетер”. Дагы аялы көз алдына тартылды. Чүйрүңдөп үйгө кирбей, бутунун учу менен басып жийиркенип турганы. Кирдеген чайнеги менен кирдеген кружкаларын көрүп “айбанча жашап жүрүп айбанча өлгөн экен. Мына, атаңар ушундай иттен айырмасы жок неме болчу. Ошон үчүн силерди алып келип көрсөткөн эмесмин”,-деп балдарына айтып атканы элестей түштү.
– У-уу, энеңди… ######, түбүмө жетмек элең жеттиң го. Көзүнөн жаш чыга түштү. Жо-ок, мен сага шылдың болбойм. Мен сага көрсөтөм. Адамдык жашоомду уурдаттым эле сага, эми адамча өлөөрүмдү да уурдатайынбы. Жо-жо-ок. Уурдатпайм. Эми мен адамча өлөм. Көзүңдү гана кашайтам. Мурдуңду чүйрө албай оозуң ачылып, ээгиң түшөт,-тиштенип алды.
Көзүнө мал сарайдын үстүндөгү кызыл карагай устундар урунду. “Ушу устундарды түшүрүп туруп тактай тилгичине тилип тактай кылып сатыш керек да, акчасына сыр, аки таш алыш керек”,-деген ойго кетти. Кечээ сарайын тинтип жүргөндө көргөн, короосундагы тактай тилген станогу кала бериптир. Эмне болуп сатылбай калганын түшүнбөдү. Араасы резиналардын арасында басылып жатыптыр, мотору жер төлөдө экен. Бүт кечээ көргөн. Баарын кураштырып кирди. Түш жарым асылып атып оңдоп алды. Иштетсе “зыр” деп иштеп кетти. Кубанганын айтпа. Лом салып оодарып атып бир устунду түшүрдү да, астына тирөөч коюп жатып эптеп тактай тилген станогуна жеткизди. Анан станогун иштетти. Анча-мынча колу калчылдаганы менен тактай тилишти унутпаптыр. Зыркырата тилип кирди. Кечке үч устун тилди. Бир топ тактай болду. Бешимде шайы ооп жүрбөй калды. Өзөгү карайып, ичи аркасына жабышып ачка болду. Улам эрдин ###### коёт. Заардан бери суудан башка эч нерсе наар алган жок. Коңшу аялдыкына баргандан айбыкты. Башка кошуналары менен түк киришип-чыгышпайт. Ал түгүл азыр тааныбайт деле. Кой, жок дегенде эки тактай сатып бир аз азык-түлүк албаса болчудай эмес.
Татынакай тилинген эки тактайды дарбаза сыртына сүйрөп чыкты эле сураган кардарлар бат эле көбөйдү. Көбү “канча бөтөлкө аракка?”-дешет. Аракка эмес акчага десе ишенкиребей карашат. Эң кызыгы, азыр тактайдын кубу канчадан экенин билбейт экен. Айласы кеткенинен сыр бербей “базар баасынан кичине түшүрүп ала бериңиз” дегенге өттү. Коңшу көчөдөгү кошуналарынын бири курулуш куруп аткан экен. Короосундагыны да кошуп, бүт сатып алып кетти. Сибирдин кызыл карагайынын устунунан тилинген арзан тактайды тургузчубу. Бул күнү бир бөлкө нанды суу менен ичип жатып алды. Эртеси чөнтөгүнө түшкөн миң сомдон ашык акчасы менен алгач курулуш материалдарды саткан жаймага барды. Мыкты кайың сап менен сапталган түрлүү балталарды көргөндө жүрөгү дүкүлдөп, колдору калчылдап кетти. Өзүн кармана албай калды. Үч түрлүү балта, төрт түрлүү сүргү, үч түрлүү араа, үч түрлүү балка, мык сууругуч алды. Өгөө, кайрак, беш түрлүү ойгуч кески алды. Шыбакка керектүү үч түрлүү калак алды. Анан балта курчуткан чарыкчыга барып балталарын өзү карап туруп мизилдете тарттырып, албарстай курчуттурду. Мунун баарын эмнеге жасап атканын ойлонбоду. Сыр алайын десе акчасы ченелүү калыптыр, аки алды да үйүнө кайтты. Жолдон чай, кант, нан, колбаса, картошка, май алды. Минтип курсагына карабаса иш арбычудай эмес. Үйүнө келип тамактанып алып тамынын сыртын сыйрууга киришти. Кечке бир капталын сыйрып бүттү. Коңшу аял келип:
– Я-а Сапар, эмне иш баштадың?-деди таңдана.
– Кара шыбагын сыйрып туруп кайра шыбап, анан кум шыбактап туруп актайын деп жатам.
Бул аял Сапарды сыртынан багып байкатпай байкап жүргөн. “Устундарын тилип саткандан кийин, эми өкүртө ичет го?”-деген. Жок ичпеди. Демек, чын эле оңоло баштадыбы? Ишенбей турду. “Тобоо, ушунча жыл аракты кууп ичип, алкаш болуп калган неме да оңолобу? Дарыланбай, бирөө кой дебей, өзү эле оңолуп кетеби? Тобоо, буга Кудай өзү жол көрсөттү же чын эле акылынан айныды”,-деп коёт ичинен. Анткени, коңшусу акылынан айнып “белая горячка” болуп калыптыр деп: “Балээ болуп мертинтип коюп жүрбөсүн, абайла”,-дешкен.
– И-и, ырас кыласың. Канча жылдан бери каралбай, өңү өчүп кетпедиби…
– Ошо да, эже. Киши киргис болуп калыптыр. Оңдобосом болбойт. Өлсөм көмгөнү келгендер жийиркенбегендей болсун.
– Ботом, жашсың го, өлгөндү айтпачы…
– Акыры барар жерибиз ошол жак да.
– Аның туура дечи. Ошентсе да Кудайдын берген өмүрүн жашайын деген жакшы. Өлгөндөр эле жыргап кетиптирби. ..
– Тирүүлүктө адамча жашай албагандан кийин өлгөн деле артыкпы деп калдым, эже.
– Аның туура, Сапар, адамча жашай албаган соң өлүү-тирүүңдүн айырмасы кайсы? Мына, сен акылыңа келдиң. Тиги алкаш досторуңду айт. Эмне ичип, эмне жеп, кайда жатып, кайда туруп жүргөнүн билишпейт. “Тирүү” деген эле аттары.
– Мен да ошону айттым. “Силер баары бир өлгөн адамсыңар”, -десем укпай атышпайбы…
– Мейли, укпаса жайына кой. Эми сен аларга кошулба.
– Мага аларга кошулууга убакыт болбойт го, эже.
– Анан эмне, ботом. Иштеген адамда да убакыт болчу беле. Андан көрө үйүңдү шыбап бүткөндөн кийин менин үйүмдүн да сыртын шыбап, тигил дарбазамды оңдоп бербейсиңби? Акысын берейин. Берки үнсүз ойлонуп калды. Ичинен “буларың жөн өлгөнгө да мүмкүндүк бербейт го”,-деп ойлоп кетти. Бирок, акча керек. Дарбазасын, үй ичин, терезелерди сырдаш керек.
– Шартка карайлы, эже…
– Тамагыңды да берип турам. Баягы өзүң шыбаган бойдон оңдолуп, кайра шыбала элек.
Мен шыбадым беле дегенсип ойлонуп калды. Бирок, качан шыбаганын эстей албады. Коңшу аял болсо: “Муну акылынан айныды дегендери жалган го. Сопсоо эле көрүнөт. Аракты таштап оңолгонун көрө албай жатышса керек. Адам деген ошо да”,-деп ойлоп койду.
Ишти жүрөгү сагынып калган экен. Колдору бир аз калчылдап, муундары титирегени менен тим эле тажабай иштегиси келет. Эки күндө үйдүн сыртын бүт сыйрып, кырып шыбакка даярдап тазалап чыкты. Анан кара шыбакка мыкты топурак, кум шыбагына майда кум түшүрүшү керек экен. Ушунун баары акчага келерин ойлобой баштаптыр. Сарайдын устундары түгөнгөн. Сатаар эч нерсеси жок. Эсине коңшу аялдын акыга үйүн шыбатайын дегени түштү.
Ошол эле күнү барып сүйлөштү. Астын ала акысынын жарымысын алып, өзү тандап мыкты топурак түшүрттү да, ылайына суу куюп ийлеп жаткырып коюп коңшу аялдын үйүнүн сыртын кырып кирди. Эки күнгө жеткирбей анын үйүнүн да сыртын кырып койду. Аңгыча өз үйүнө деп жаткырган ылайдын ийи жетип бышып калган экен, эки-үч күн ийлемейин шыбачу эмес. Денесинен кара тер аккан сайын муундарынын калчылдаганы азайып, тарамыштарына күч кирип, колдору титиребей иштеген иштери жымылдай баштады.
Күндөрдүн да кандай өткөнүн билбеди. Жаңы шыбалып жарашыктуу сырдалган үй түбүндөгү орундукта күн батып баратканда үңкүйө ойлуу отурду. Улам айланасын карап коёт. Жайдын саратан кечи. Жашыл сыр менен сырдалган жапжашыл дарбаза. Үйдүн ичи-сырты бирдей мелтирете түптүз шыбалып, аппак акталган. Терезе кашектерден бери сырдалып, тим эле жаңы үйдөй. Короо-жай иреттүү. Баягы устундарын алган сарай үстү кайра шиферленип жабылган. Эки ай мурдагы ушул үй, короо-жайды таанып болбойт.
Жаңы эле мончодон чыккандыктан баш кийимин алып койду. Жаңы чачын шыпыргандыктан башы сокудай болуп күнгө жалтырайт. Сакал алгандан бетер айына үч-төрт жолу өзүнүн чачын өзү күзгүгө карап шыпырып жүрүп айда көнүп алган экен, кесилген жерлери жок.
Баягы жаздагы бармактай болгон алмалар азыр чыныдай болуп кызгылт түс ала баштаптыр. “Тобоо, ушунча убакыт өттүбү. Азыр жай аяктап калса керек го”,-деп койду. Кайсы ай, кайсы күн экенин эстей албады. Шыпылдаган бир жигит келип эки күндөн бери жанын койбойт.
– Байке, сиздин гана колдон келет дейт. Тигил капчыгайдын ичине эс алуу үйлөрүн курдуруп жаткам. Бирин-бирине окшотпой быйыл төрт үй курушум керек. Үйлөр тим эле көз тайгылып карап тургудай, жомоктогудай кооз болушу керек. Анткени, жалаң чет өлкөдөн келген меймандар эс ала турган жай болот. Сизге жалаң доллар менен төлөйм. Каалашыңызча жардамчы алыңыз. Дагы бир орус уста жигит келет. Ал Европа стилинде салат. Сиз чыгыш стилинде салышыңыз керек. Сураштырсам бул чөлкөмдө сизден ашкан уста жок дейт. Анын үстүнө тигил коңшу айылдагы Аргендин үйүн укмуш салыпсыз. Эч кандай проектиси жок эле жалаң кол менен салган дешет го,-деп.
Ичинен “Тынч өлгөнгө да мүмкүндүк беришпейт го”-деп ойлоп койсо да сыртынан:
– Иничек, колум бошобойт го,-десе:
– О-оо, байке, кайдагыны айтпаңызчы. Үй шыбап, дарбаза жасагыча мага иштегениңиз жакшы да. Сиз менин канча төлөөрүмө түшүнбөй же доллар менен төлөйм десем ишенбей турат окшойсуз,-деп нааразы боло: — үч күндөн кийин келейин, жообун берсеңиз,-деп капкара чет элдик машинасына түшүп алып зыр коюп кете берди. Жүрөгүн түпөйүл кылган жигиттин сөзү деле эмес.