Өчкөн сүйүүм 9 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=7148&preview=true Кызыктуу окуялар.

Өчкөн сүйүүм, бүтпөс арман.
……9-бөлүм…..
Уландысы Данисанын кызы Сайкал тууралу болмокчу.

Күндөр өтүп, жаңы төрөлгөн ымыркай да торолуп эттенип калды. Данисаны аял жагынан эми таанып, жыргалына батып баштаганда мынтип бул дүйнөдөн өтүп кеткени Каниметке аябай катуу тийди. Өзүнүн ойлонбой кылган иши үчүн эки адамдын өмүрүн жеп алганын эми түшүндү. Адам заты ушундай тура. Баары кеч болгондо өкүнөбүз, артка кайрып алуу мүмкүн эмес экенин түшүнгөндө башыбызды мыжыгып өкүрүп ыйлайбыз. Данисанын өлүмү ата-энесине эки ай өтүп жетти. Кыял Данисанын өлгөнүнө ишенбей, жаназасына келип өз көзү менен көрүп кетти. Каниметтин ансыз да бүргө өлтүрүп, канын жалагыдай акыбалы андан да оорлошуп кетти. Адамды жерге берүү да чоң чыгым эмеспи, өзгөчө Кыргызда. Сайкалды көзүнүн кыры менен жаман көрүп карайт. Данисанын өлүмүн ушул ымыркайдан да көрүп кетет. Ушул болбогондо өлөт беле деген ой да. Негизи жакыныбызды жоготкондо моюн бергибиз келбейт, олтуруп алып азыр кирип келчүдөй кылчактап эшикти карай беребиз эмеспи. Мындай күндү эч кимдин башына салбасын. Бала энесиз, эр азамат аялсыз калбасын. Данисанын үй-бүлөсү чет өлкөдөн угаар замат дароо жетип келишти. Кызын өз колу менен жерге бербеген үчүн буларга Данисанын өлүмү тамашадай туюлду. Кызынын өлүмүнө ишенбей кетет, сагынат, жол карап күтөт.
—Апа, кайрат кылыңыз. Даниса мыкты аял, жүрөгү таза адам эле. Жайы бейиште болду Данисанын. Өлгөндө келген молдо айтты, төрөттөн өлгөн аял бейишке сураксыз түшөт деди. Апа мен колумдан келгенин кылдым. Даниса бул дүйнөдөн бактылуу болуп кетти. Бул сизге, Сайкалга берилчү нерсе экен.!-деп күндөлүктү сунду.
—Канимет рахмат колдооңо, мен сени жек көрүшүм керек. Керек болсо эки кызымдын өлүмүнө сен күнөөлүсүң. Бирок, эч нерсе кыла албайм. Эки кызыма бир тагдыр жазылыптыр. Бир сүйүү бериптир кудай, кыздарымдын элеси үчүн мен сени жек көрбөйм. Тынч жатышсын, биз дагы Данисаны таштап кетпешибиз керек эле. Эки баламды коргойм деп, Данисадан кечип кетиптирмин. Артыңардан эртең барам дегенине ишенипмин, кимден, эмнеден качырып жатканын тактап сурабаптырмын. Данисаны ажал менен жекеме-жеке калтырып кетиптирмин. Кечирчи мени кызым.
—Болду ыйлабаңыз, Данисанын аракети текке кеткен жок. Сиздер аман-эсен турасыңар. Эми Данисанын жалгызын сизге тапшырайын. Сайкал деп өзү ысым ыйгарып кетти, жек көрүп кийин сүйүп кеткен бул кызын жетимдике кыйбай араң кетти. Эми Данисадан калган жалгыз элести сизге тапшырдым. Мен барып турам…
Өздөрү мурун жашаган үйгө келип, жашап башташты. Үй тонолгон, кээбир жери талкаланган. Ордуна келтирүү кыйынга турду. Данисанын атасы ичтен сызып жүрүп катуу ооруп калды. Чолпон небересин бир туруп жээрип алат, бир туруп жыттап калат. Кызынын жыты небересинде калгандай кээде кучагына бекем кысат. Канчалык дитин салбасын баарыбир Сайкалды чын жүрөктөн жакшы көрө албай койду. Данисанын эки иниси апасынын түндөлөрү бышактап ыйлаганын укканда чыдабай жер муштап алышат. Мына быйыл болбосо кийинки жылы мектеп аяктайт деген эки боз улан жээндерин жек көрүп калышты. Апасынын жашы кургабай калса кайсы бала карап тура алсын анан. Бир эле Данисанын атасы небересин катуу жакшы көрөт. Бала дагы баарын сезет эмеспи таятасынын жанынан кетпейт.
—Ээх куураган куу жетимим, апаң гөрдө атаң болсо зөөкүр. Мен го сени жаман күнгө калтырбайм бирок, көзүм өткөн соң сага ким кам көрөт экен ээ кызым!-деп небересине боор ачып ыйлап алат. Баарын көрүп турган Чолпон көрмөксөнгө салып коёт. Бойтоюп чоңойгон сайын таттуу кылыктары чыгып баштады. Тууган-урук келген сайын Сайкалды Данисага окшоштуруп калышат. Муну укканда Чолпон кадимкидей жинденип кетет. Сайкалды зөөкүрдүн кызы деп таанып, периштедей кызына теңегиси келбейт. Жүрөгүнүн түпкүрүндө бул ою туура эмес экенин мыкты билсе да моюндагысы келбейт. Эки жыл өтсө да бул жарат эч айыгаар эмес. Сайкалдын көздөрү бүтүйгөн, бети тоголок, чачтары тармал, кара-тору жылдыздуу кыз болуп өсүп жатты. Кыткылыктап чуркап, таятасынын мойнунан түшпөйт. Небересинин кылыгына тойбогон киши өзүн аябай бактылуу сезет.
—Чолпон менин кебимди ук, эртең бир нерсе болуп көзүм өтүп кетсе Сайкалды сага аманат калтырам. Ушул кызымдын көзүнөн жаш акса мен сага эки дүйнө нараазы болом, эсиңде болсун ошол уктуңбу?
—Кайдагына айтпачы, баарың эле өлүп коркутасың. Кымбат кийин Даниса эми сен өлгөн жатасыңбы? Мени кебез менен муунтуп жатасыңар го, мени ойлодуңарбы?
—Чолпон бул ажал экен, ажалга эч кимдин күчү жеткен эмес. Кыздарыңдын өлүмүнө Сайкалдын тиешеси жок, эсиңе кел. Ушул кызды жек көргөнүң сайын кызыңдын сөөгү гөрдө тоголонуп, сыздап жатса керек. Арбагын зыркыратпай эсиңе келсең боло Чолпон. Сен кыздарыңды кандай көрсөң, Даниса да кызын ошондой көрөт..
—Болду, болдуу жап жап жаагыңды. Менин кыздарымды бул зөөкүрдүн арам кызына теңебе. Ушунун атасы үчүн биринчи Кымбат өлдү, кийин ушуну төрөйм!-деп Данисам өлдү. Мэ могуну оку… Окучу кызым эмнелерди жазган. Кымбаттын өлүмүнө күнөөлү баланы өлтүрөм деп балееге калыптыр. Жан алгычка айланыптыр. Бизди эмнеге качырды дейсиңби? Мына жообу ушул жакта. Оку, оку…үүү—үүүү—үүүү…
Чолпонду аста кучагына кысып, сооротумуш этти да анан күндөлүктү алып чыгып кетти. Эки күн башын албай Данисанын жазып калтырганын окуп олтурду. Улам жаңы барагы ачылган сайын жүзүндө бирден тырыш, чачында бирден ак пайда болуп жатты. Эки күндө кадимкидей картаң тартып кетти. Күндөлүктү жаап Сайкал тарапты башкача карап туруп калды. Сайкал аталап келип мойнуна асылганда өкүрүп ыйлап жиберди. Мына Данисанын өлгөнүнө эки жылдан өтүп жатат, ошондон бери бир жолу да ыйлай элек болчу.
—Болду, болдучу. Ыйлабачы, мени кечирчи. Күндөлүктү бербешим керек эле, туура эмес кылдым.
—Жок, баары жакшы. Жүрөктү өйүгөн суроолордон көрө чындык жакшы. Мен билип алганыма өкүнбөйм, бирок бул деген Сайкалды жээриш керек дегендик эмес. Бул күндөлүк Сайкалга болгон мээримимди түк да өзгөрткөн жок. Данисаны кандай көрсөң Сайкалды да ошондой көр..
Бул сөз ошо менен жабылып, жашоо уланып жатты. Сайкал таятасынын суз тартып кеткенин сезип, улам келип кучактап өөп кетет.
«Кызым, сен боздобосоң экен»-деп небересин кучактап, чекесинен өөп коёт. Сайкал төрттөн өтүп, көчөдөгү эң тентек кыздарга айланды. Чурулдап сүйлөгөн Сайкал такылдап калган. Эки тайкеси окуп кетишкен, үйгө келип калышса телефонума тийдиң, акчам жок демиш болуп Сайкалды урушуп алышат. Кээде болушпай коюшса жыга чапкан күндөр да болот. Мындайда Чыңгыз ата эки баласына катуу нараазы болот. —Тырнактай кызга алы жеткен акмактар десе. Мага бир тууганга күйгөн немедей болуп көрүнбөгүлө уктуңарбы. Бул кыз менин жаным, эми ушуну урсаңар мени урган болосуңар..
—Ата, бул деген шүмшүк.. Чөнтөктөн акча алат, бул шумпай туулганда эле бале алып келген карамүртөз десе.
Санжардын мындай сөзүн угуп, Чыңгыз бозоро түштү. Турду да жаактан ары бир койду.
—Айтып койоюн азыр сөзүңдү артка албасаң сенден кечем. Топурагымды түйүп берем, өлгөнүмдө да келбе..
—Ата эмне ушул арам үчүн менден кечесизби?
—Болду басыл, атаң менен айтышпа..
—Апа айтсаң, бул карамүртөз да туурабы? Өзүң айтпадың беле..
Чолпон башын жерге салды, Чыңгыздын көзү ары караса эле Сайкалды каргап-шилтеп жатып калчу. Муну Чыңгыз чал билчи эмес, азыр угуп алып жаман болуп кетти.
—Сен менин көзүм барда эле ушинтип жатсаң, эртең мен өлгөндө аманатыңа сийдим дейт экенсиң да э. Урдум силерди, сендей катынды, боктой уулуңду урдум. Эми мага сүйлөбөгүлө, сен болсо чыгып кет.
Санжар улуу баласы кызуулука алдырып, атасын жоошутуп кечирим сурабай чыгып кетти. Чолпон баласынын бутуна жабышкан боюнча калып кетти. Өз небересин жээрип жүрүп, баласы менен күйөөсүнүн ортосуна от койгонун сезбей калды. Мунунсунда Чолпон да кечирим сураган жок, чынында эле Сайкалды каражолтой кыз деп бир силкинип алды. От жагылбай, желе баскан тээ ата замандан калган кампа бар болчу. Таарынган Чыңгыз чал ошол кампаны жыйнап, тазалап ошол жака Сайкалды алып көчүп алды. Ал тургай казанын да бөлүп салды. Өкмөттөн алган пенсиясы небереси экөөнө жетет. Чолпон канча жалдырабасын чоң үйгө көчпөй койду. Санжар ошол бойдон үйгө басып келбей койду. Сайкалдын болсо эчнерсе менен иши жок, ишенгени тайатасы. Тайнесин апа, тайтасын ата дейт болчу. Тайкелерин болсо ава дейт. Авалары менен апасынын эмне үчүн жаман көрүп жатканын түшүнбөйт, алардын алдында өзүн канчалык жакшы алып жүрбөсүн баарыбир бир шылтоо таап, урушканына жиндене берчү. Көчөдөгү кыздардын апаларын көрүп ичи күйөт. Алардын апалары кучактап өөп, жумуштан кайтканда толтура таттуу алып келип берет. Сайкал болсо бир айда бир атасынын пенсиясы тийгенде гана таттуу жейт. Анысына деле кайыл, иши кылып эч ким урушпаса болду. Атасынын жанынан карыш чыкпай Сайкал алтыга толду. Мектеп босогосун аттады, мектепте тың кыздардын катарына кошулду. Эми Чолпонго урушууга дагы бир шылтоо табылгандай. Окуткан эжейинин кызыл өңдүү калеми тийип оңдолгон ар бир жерди шылтоо кылып, Сайкалды чыбык менен зыпылдатып алат. Сайкал каалосу үчүн эмес, айласыздан мыкты окууга мажбур эле. Жүрөгү ооруп жүргөн Чыңгыз бир күнү төшөктөн турбай калды.

 

Уландысы бар,

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️