Өчкөн сүйүүм, бүтпөс арман.
……….14-бөлүм……..
Сайкал чын эле жашоосунан тойуп кетти көрүнөт, көзүнөн тамчы жаш чыккан жок. Гүлбара келгенде жашырбай баарын айтып салды. Шамил Сайкалды кызганып эмес, эжесине жан тартып, ызылдап жездеси менен катуу урушту. Гүлбара өзүнүн муштуму өзүнө тийгендей селдейип олтуруп калды.
—Калп, бул жалаа ишенбегиле. Жумуштан келсем мага өзү жабышты, нары түртсөм :<балдарыңды өлтүрүп кетем>!-деп коркутту. Чогу качып кетели деди, менин Сайкалга колум тийген жок.
—Кудай урсун дечи, нан урсун дечи.
Гүлбарадан эмес кайнисин өлтүрүп койобу деп корконунан «нан урсун»-деп жиберди. Көздөрү муштумдан шишип кеткен Сайкал зөөкүрдү жаман карады.
—Жаныңды жеп калп айтып жатасың, мени кордогонуң аз келгенсип, карганып жатасың. Сени нан урса демек, күнүң аз калды жайыңа койдум. Кудайга койдум..
Шамил жездесине ишенип, Сайкалды жаактан алып жиберди. Сайкал анда дагы ыйлаган жок. Кеч киргенде Шамил «мага канбай, жездеме жабыштыңбы»-деп сазайын берип чыкты. Башыма түшкөн балээден кутула албайт экенмин дедиби Сайкал өзүн үй-бүлө мүчөсүндөй алып жүрүп калды. Баары Сайкалга көнүп калгандай, Шамил да аялы катары мамиле кылат. Гүлбаранын апасы келип, Сайкалды базарга чыгарып жиберишти. Бир эле катарда болгондуктан Сайкалды беш мүнөт сайын текшерип турат. Шамил Бишкектен товар ташып келип берет. Жеген ичкени эле болбосо, бир тыйынга да ээ чыга албайт. Базарда жүрүп, баардык жокту изилдеп чыкты. Автобустун Бишкеке кайсы күнү, кайсы жерден кетерин да билди. Гүлбаранын буюмдарынын арасынан Сайкал паспортун таап алды. Даярданып жүрдү качууга. Сайкал качып кетсем баары жакшы болот!-деп ойлоп жаткан. Чындыгында жашоосу мындан да чырмалышын али билбейт болчу. Ошол күнү Бишкектен товар келип, Гүлбара кабыл алып жүргөн. Бир сумкасы алмашып кетип, издеп көпкө кармалып калды. Сайкал эки жайды тең бирдей карап, жакшы соода кылды. Мындай мүмкүнчүлүктү жибербей качып жөнөдү. Автобуска олтурса тутулуп калаарын сезип, башка шаарга кетүүчү автобуска олтуруп алды. Бул шаар жакын болгону менен, Сайкал эчнерсе билбегендикден дароо автобекеттен түшүп калды. Бактысына Кыргыз киши Бишкеке кетүүгө адам жыйнап жатыптыр.
—Байке мен дагы Кыргызмын. Мени көптөн бери кул кылып жүрүшөт, сатылып кеткем. Суранам мени алып кетиңизчи, паспортумдан башка эчнерсем жок. Мени багажникте алып өтсөңүз да болот, чыдайм байке. Канча десеңиз төлөйм, мына акчам бар. Тигил байке Сайкалды карап, үшкүрүнүп алды. Чынында Сайкал коркуудан титиреп турган болчу.
—Кызым кантип алып кетпейин, алып кетем. Сен коркпо ашып кетсе кайра кирүүгө тыюу салышат таможнийден. Артыңдан куушпаса эле алып кетем.
—Товар ташышат, айдоочулар менен тааныш коркуп жатам.
—Ай байкушум ай, мейли кеч киргенде жолго чыгабыз. Азыр жүр эс алып ал кичине. Ошол эле жердеги жатаканага алып кирип койду. Канчадан бери өзүн ээн сезе элек болчу, жуунуп, тамактанып алып уйкуга кетти. Кеч кирип баштаганда жанакы киши келип, ойготуп анан жолго чыгып кетишти. Бир жерден токтобой кетишти, кээде эле кичинекей дүкөндөрдөн майда-чүйдө менен өзөк жалгап жатышты. Тамактанчу жайларда тигилердин тааныштары болуп калышы мүмкүн эле. Ошентип эртеси кечке маал Кыргызстанга кирип келишти. Өз жерине өткөндөн кийин жер кучактап ыйлап, жерди өөп кирди. Анча-мынчалары анча түшүнбөй жаман карап коюшту. Берирек жылган соң, шопурга рахматын айтты.
—Рахмат, сизге кандай ыраазычылык билдиришти да билбей турам. Мына бул акчаны алып коюңузчу, алла ыраазы болсун.
—Менин да сендей кыздарым бар кызым. Мен сенден акча албайм, жардамым тийгенине кубанычтамын. Акчаңды өз керегиңе иштет, жумушка орнош, туугандарыңа бар. Эми абайла..
—Болбойт андай, жок дегенде кичине акча алыңыз. Таарынам болбосо, жол акысы жаман болот. Эч болбой койгондуктан шопур киши эки миң теңге алды. Ошентип Сайкал шаарга кетүүчү машинага олтуруп мурунку иштеген тигүүчү цехке жөнөдү. Барса баягы таежесине кошуп берген кыз дагы эле иштеп жатыптыр. Жетип барып чачына жабышып калды. Кыз болсо Сайкалды көрүп чын эле таң калып, коркуп да турду.
—Сотко берем, каматам силерди.
Жөн койбойм, айбандар десе.
—Колуңдан келгенин кыл, анын байланышы күчтүү. Эчнерсе кыла албайсың, жогол бар.. Эртеси Сайкал туугандарын чакырып, «Сезим» кайрымдуулук фондуна барды. Тайкелери бул иш менен адам саткычтардан көп акча өндүрүп алабыз деген максатта жетип барышты. Сайкал зордукталганын айткан жок, жөн эле кул болуп сатылып кеткенин айтты. Кызматтагы адамдар келишти, жактоочу, журналист, милиция баары чогулду. Кара катынды тез эле таап келишти, «Арыз» жазылып иш козголду. Бул убакта Сайкал «Сезим» борборунда жашап жатты. Туугандары алып кетишкен жок. Иш үч-төрт айга созулду бирок, майнап чыккан жок. Кара катын камалган жок, акчаны кенен бердиби же чын эле колдоочулары күчтүүбү кутулуп кетти. Журналист, чоңдору деле бул ишти унутуп салышты. Астанадагы даректен эчкимди табышкан жок, базардагы орунунда башкалар экен. Ооба булар өтө куу адамдар, милиция келерин билип башкаларды тургузуп койсо керек. Сайкал кайра эле ара жолдо калды. Майнап чыкпаган соң туугандары да ары бурулуп кетишти. Сайкал айласыз атасына жардам сурап барды. Эсинде калган экен оңой эле тапты үйүн. Киргенде эле атасы кош көңүл карап койду. Атасы Данисага капа болчу, мынтип алдуу-күчтүү жаны майып арабага байланып калганын кечире алган эмес. Даниса балким туура кылгандыр, буларды жазалабаса дагы канча тагдырды талкалашмак ким билсин..
—Кандайсыңар, мен мен…
—Эмнеге келдиң? Чоңоюп калыптырсың өз жаныңды өзүң бак да. Бага албасаң күйөөгө тийип ал.
—Айтууга оңой. Ата теги жок, тай жагы жинди чалыш кызды ким алат? Канчадан бери көчөдө жан баккан кыздын кимге кереги бар? Бирөөгө эмес өз атама керегим жок болуп жатса эмне кылайын. Ата, ата мен кыйналып кеттим. Биринчи сиз анан апам ката кетириптир. Буга менин кандай тийешем бар, эмне күнөөм бар. Ата мени сиз эле эмес бул аалам ашыкча көрүп жатат. Апамдын арбагы нараазы болуп жаткандыр силерге, мен дагы нараазымын. Сиз басуу мүмкүнчүлүгүнөн айрылсаңыз, мен ата-энемден айрылдым. Бириси зөөкүр, бириси адам өлтүргүч болсо менде айып эмне? Мага акыркы жолу жардам берип коюңузчу, суранам кийин кадам басып келбейм. Азыр менде башка айла болбой жатат, мен дагы сиздин кандан жаралган кызмын. Айланам тунжурап башка адам жок. Башымды ийнине коюп сырдашчу апам жок. Кайгымды бөлүшчү атам жок, боору ачыган бир дагы адам жок. Төрт тарабым бийик жар болуп калды, ары бассам да, бери бассам да баарыбир жардан кулай турган акыбалда турам. Бир жолу, бир жолу жардам бериңизчи.. Башын мыкчыган Мурат көзүнө жаш алып кетти. Жанакы биринчи келгенде сакасайып чыккан кыз чоңоюп калыптыр. Сайкалды келип кучактап алды. Бир тууган экенин билип жатты, Сайкалдын ыйына чыдап тура албады. Мураттын аялы Сайкалды сооротуп, курсагын тойгузду. Жашоолору оңолуп калыптыр, ошол күнү атасыныкында конуп калды. Эртеси аялы урушуп жатып Муратка Сайкалга акча карматтырды. Ыраазы болуп, кетүүгө камынып калды.
—Рахмат эже, ата.. Мен унутпайм бул жакшылыгыңарды.
—Сөз бердиң, эми эшигимди аттап келбе. Сайкал көп нерсе айткысы келди, бирок унчукпоону туура көрдү. Ушул жашка келгиче кызым тирүүбү, жашап жатабы?-деп кызыгып койбогону аз келгенсип берген акчасын милдет кылып жатат. Үйүнө келбе деди, мындай атадан кечтим. Убагы келсе миң эселеп кайтарам, карыз калбайм.
Шаарга келип, радиоузелди тыңшап олтуруп студент кыздар менен чогу жашаганы баатир тапты. Акчасын үнөмдөп, жумуш издеп таппай жүрдү. Баардыгы эле билими жогору болуш керек дейт. Көп жылдык тажрыйбалуулар жумушсуз жүргөндөн кийин билимсиздерге эмне бар. Ошол студенттердин арасынан бир кыз убакытынча конок үйүндө иштеп турса болоорун айтты. Айласыз Сайкал барып жумушка орношту. Ар ким келип, жыргап кетишкенден кийин Сайкал тазалап чыгат. Кечке жаны тынбайт, анан аз эле акча алат. Ак мээнет кыйын бирок, наны таттуу экенин сезди. Бул иш дагы жанына тийди, акча эчнерсеге жетпейт. Бир күн ачка, бир күн ток калып жатты. Ошол жерди башкарган Аяна менен жакшы сүйлөшүп калды. Аяна Сайкалды мынтип тыйын санабай, башка кыздардай эле денесин сатууну сунуштады. Биринчи өөн учурап, ордунан ыргып турду. Аяна менен урушуп кете жаздады. Иштебей чыгып кетейин десе ачка калат, иштесе деле тамагына жетпейт. Ойлонуп Москвага кетүүнү чечти, ал үчүн да жол кире табыш керек. Атасынан акча алып келгенде эле кетип калбаганына өкүндү. Жеңил ойлуулука алдырып, Аянанын сунушуна маакул болду.
—Аяна мен маакулмун, иштейм. Москвага кетишиме жол кире кылып алсам болду. Эки жума эле иштейм.
Мыйыгынан күлгөн Аяна көрөбүз!-дегенсип сүйүнүп алды. Анан тазалагычтан денесин саткан кызга айланды. Бул иш азгырып кетет экен, мына акыркы күн, тигине акыркы күн деп жүрүп чыга албай калды. Тапкан акчасы кенен баарына жетет, ал тургай курбулары менен сайрандаганы да жетип жатты. Бул жашоо Сайкалга жагып кетти, арам акча, оңой жашоо Сайкалды өзүнө тартып көзүн сокур кылды.
Уландысы бар..