Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдөгү рейдде 25 мас айдоочу кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көлдө жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо багытында рейддик иш-чаралар уюштурулууда.

Иш-чаранын жүрүшүндө 26-сентябрдан 3-октябрга чейинки бир жума аралыгында Ысык-Көл облусунун аймагында жол эрежелерин бузган 813 айдоочу аныкталып, протоколдор түзүлдү. Анын ичинен мас абалында автоунаа башкарган 25 айдоочу кармалып, 31 унаалар атайын айып короолорго токтотулду.

Жалпы түзүлгөн протоколдордун ичинен ылдамдыкты ашырып айдаган 247, жол белгилерине баш ийбеген 33, автоунааны тиешелүү документтери жок башкарган 9, автоунаа айдоого укугу жок 4, адамдарды ташуу эрежелерин бузган 5, жол эрежелерин бузгандыгы үчүн салынган айыптарды убагында төлөбөй жүргөн 9 айдоочу жана жолдо жүрүү эрежелерин бузган 22 жөө жүргүнчү болду.

Жол кырсыктарын алдын алууга багытталган мындай рейддик иш-чаралар облус боюнча маал-маалы уюштурулуп турмакчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE