Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө жөө жүрүүчүлөргө жолдо жүрүүнүн эрежелери үйрөтүлүүдө

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көлдө жөө жүрүүчүлөрдүн катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алууга багытталган «Жөө жүрүүчү» аталышындагы рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, Балыкчы шаардык ЖКККБнын кызматкерлери автомектептерде айдоочулук күбөлүк алуу үчүн билим алып жаткан келечектеги айдоочулар(курсанттарды) менен биргеликте рейддик иш-чара уюштурушту.

Бул иш-чаранын негизги максаты — жөө жүрүүчүлөрдүн катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо. Ошондой эле иш-чарага катышкан курсанттар айдоочулардын жана жөө жүргүнчүлөрдүн жол эрежелерин бузган учурларын жеринде көрүшүп, практикалык жардамдарды алышып, келечекте унаа айдап жолдо жүрүү учурунда мындай кемчиликтерге жол бербөөлөрүнө багытталган.

Рейд учурунда жол эрежелерин бузган 5 адам аныкталып, жолдо жүрүү учурунда жол эрежелерин так сактоолору боюнча профилактикалык мүнөздөгү түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Мындай жол кырсыктарын алдын алууга багытталган рейддик иш-чаралар облус боюнча маал-маалы менен уюштурулуп, өткөрүлүп турмакчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE