Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө 16 мас айдоочу кармалып, 21 унаа айып короого киргизилди

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунда 3 күндө бир катар айдоочулар айыпка жыгылды. Бул тууралуу жол сакчылары билдиришти.

Маалыматка караганда, 24-январдан 27-январга чейин облус боюнча «Үйрөтүү, транспорт каражаты» деген аталыштагы рейд өткөрүлдү. Анын жүрүшүндө инспекторлор автомектептердин кызматтык автоунаалары менен курсанттарды айдатып үрөтүп жүргө инструкторлорду токтотуп, курсанттарга айдоону үйрөтүү эржелерин так сактоолору багытында бир катар түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошол эле учурда курсанттарга айдоону үйрөтүү эрежелерин бузгандыгы үчүн автомектептердин инструкторлоруна Укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 188-беренесинин 2-бөлүгү менен 17 протокол түзүлүп, ар бирине 3000 сомдон айыптар салынды. Мындай жол кырсыктарын алдын алууга багытталган иш-чаралар облус аймагында маал маалы менен уюштурулуп турмакчы.

Рейд учурунда жол эрежелерин бузган 593 айдоочу аныкталды. Анын ичинен мас абалында унаа башкарган 16 айдоочу кармалып, 21 унаа айып короолорго токтотулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE