Пример HTML-страницы

Сүрөт: Ысык-Көлдөгү жолдо 39 жаштагы тургундун өмүрү кыйылды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү Жети-Өгүз районунун Желе-Дөбө айылындагы жол кырсык боюнча толук маалымат берди.

Маалыматка караганда, Жети-Өгүз районунун Барскон айылынын 1968-жылы туулган тургуну Ш.К.У. «Хонда Стэпвагон» үлгүсүндөгү унаасы менен Жети-Өгүз районунун Барскон айылынан Каракол шаарына бара жатып, аталган айылдын күн батыш тарабынан алдыңкы оң дөңгөлөгү жарылып кетип, жолдон чыгып, ала салып кеткен. Анын кесепетинен 8 адам жаркат алып, 1 адам каза болду.

Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын 1983-жылы туулган тургуну Б.Н.Ж. денесинен алган жаракатынан Ысык-Көл облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшүп, көз жумду.

Жаракат алып, Ысык-Көл облустук бирикен ооруканасынын травматология бөлүмүнө жаткырылгандар:

— Барскон айылынын 1963-жылы туулган тургуну У.К.Ч. (аял киши);

— Барскон айылынын 1976-жылы туулган тургуну К.Г.Ж. (аял киши);

— Барскон айылынын 2014-жылы туулган тургуну К.Б.Ө. (эркек бала);

— Ысык-Көл районунун Семенов айылынын 2015-жылы туулган тургуну К.Э.К. (кыз);

— Ысык-Көл районунун Семенов айылынын 1989-жылы туулган тургуну А.А.К. (аял киши);

— Саруу айлынын 1998-жылы туулган тургуну М.кызы А.

Ал эми Барскон айылынын 1976-жылы туулган тургуну С.Ө.К. (эркек киши) жана Дархан айылынын 1998-жылы туулган тургуну А.А.А. (кыз) жеңил жаракат алып, ооруканага көрүнүп кетишкен.

Буга чейин ӨКМ аталган жол кырсыктан 11 адам жаркат алганын билдирген.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE