Пример HTML-страницы

Рак илдетине жол ачкан чылым чегүүнү кантип токтотсо болот?

Акыркы жанылыктар

TurmushАзыркы коомдо эркектер эле эмес, аялдар дагы тамеки чегүүнү адатка айлантып алышты. Мындай жагымсыз көрүнүш ден соолуктун талкаланышы менен коштолот. Тамеки тартуунун кесепети жана андан баш тартуу, аялзатына тийгизген таасири боюнча Нарын район аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ борборунун Ат-Башы району боюнча бѳлүмүнүн санитардык дарыгеринин жардамчысы Үмүт Шерик кызы айтып берди.

Тамеки чегүү

Көбүнчө өспүрүмдөрдө чоңдору тууроодон калыптанат. Тамеки чегүүнүн адатка айланып кетишине андагы негизги таасир этүүчү зат — никотиндин бир аз дүүлүктүрүүчү касиетке ээ болгондугу да түрткү берет. Мунун негизинде тамеки чегүүнүн сергитүүчү таасири бар. Интеллектуалдуу активдүүлүктү стимулдаштырат деген ой пайда болот. Бирок мындай физиологиялык эмес, стимулдоо акырында адамдын нерв ситемасын бошоңдотот.

Коомдо тамекинин зыянын ар бир киши билет. Бирок, ошого карабастан тамеки чеккендер көп. Мисалы, тамеки чеккенде өпкөсү ышталып, акырындап барып өпкө рагына айланат. Тиштери түшөт, боюнда бар аялдардын балдары начар төрөлөт, боюнан түшө берет.

Таасири

Психикалык күчтү талап кылуучу кырдаалда тамеки чеккендер үзгүлтүксүз чегет. Натыйжада никотинге катуу ууланышы мүмкүн (башы ооруп, оозу кургайт, уйкусу бузулат жана башкалар). Тамекини узак убакыт чегүүдө ниотинге көнүп калат. Абалы начарлап, тамеки чекпей калса же аз чексе кыйналат. Никотин жана тамекинин күйүү продуктулары ден соолукка өтө зыян болгондуктан, тамеки чегүүдөн баш тартуу зарыл. Тамеки чегүүнүн баштапкы стадиясында эле дем алуу жана жүрөк-кан тамыр системасынын функциясынын бузулушуна, органдар жана ткандардын кычкылтек менен камсыз болуусунун начарлашына (тамекинин түтүнү артерия канын кычкылтек менен камсыз кылуучу гемоглобинге терс таасир этет) байланыштуу бузулуулар болот. Тамеки чеккендер инфекциялык ооруларга тез кабылышат.

Тамеки чегүү — жүрөк-кан тамыр системасынын дем алуу жана тамак сиңирүү органдарынын ооруларынын коркунучтуу шишиктин пайда болуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. Айрыкча оорулуу адамдар үчүн тамеки чегүү коркунучтуу.

Тамеки чегүүдөн баш тартуу

Миокардд инфаркты, облитерациялоочу эндартериитти жана башкалар айрым ооруларды дарылоонун бирде бир шарты. Кош бойлуу мезгилде тамеки чегүү түйүлдүктүн өсүшүнө тескери таасир тийгизет. Тамеки чегүү өзүнө гана эмес, тамекинин түтүнү менен дем алгандар үчүн да зыяндуу. Айрыкча тамеки чегилген үйдө балдардын болушу коркунучтуу. Ошондуктан жалпы бөлмөдө тамеки чекпөө керек. Үйдү тез-тез желдетүү зарыл.

Тамеки таштоого чаралар

Тамеки чегүү адамдардын ден соолугуна чоң зыян келтиргендиктен, ага каршы күрөшүү боюнча атайын чаралар (тамекини жарнамалоого, коомдук жайларда чегүүгө жана башкаларга тыюу салуу) көрүлүүдө. Ар бир эрки күчтүү адам тамеки чегүүнү таштай алат. Дароо таштаганда 3-5 күн гана кыйналышы мүмкүн. Тамекини таштоону жеңилдетүүчү медикаменттик каражаттар да бар. Аны пайдалануу үчүн дарыгер менен кеңешүү зарыл. Тамеки чегүүнү таштаганда аппетит жакшырып, адам салмак кошуп, бара-бара өзүнүн калыбына келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE