Пример HTML-страницы

Оюндан от чыкты 4 бөлүм

ОЮНДАН ОТ ЧЫКТЫ

 

4-БӨЛҮМ.

Күндөр өтүп жатты.Күндүзү жумушта болотда,кечинде Данек менен интернетте сүйлөшөт…

 

—Билесинби Данек мен сени сагына берем…Жаныңа жетким келип кетет..Качан келесиң?

Сага бир нерсе айтайын дегем..Мен сени сүйөм..Чындыгыңды айтчы сенин балдарың барбы?

 

—-Ооба Айбек ага бир уул бир кызым бар.Мен колуңузду кармай албайм,бактылуу болуңузчу өз теңиңизди таап…Кош эми жазбайм..Мен токтоно албай барам,калпым көбөйүп кетти…Кечириңиз….!!!!

 

—Мага калп айтып жүрөсүңбү?Ошондо кайсы сөздөрүң калп?Мага ким тең экенин сен чечесиңби????

Алооо,алооо,алллоооо деген бойдон скайп өчтүда номери жоголуп кетти…

 

Айданек болду мынтип биринчи өзүн анан Айбекти алдагысы келбеди..Интернет аттуудан биротоло чыгып баягы өзү көнгөн жалгыздыктын караңгы бөлмөсүнө чөктү.Акыркы күндөрү ушунча калптан тажап кетти….Жумушка берилип иштеп жатты.Өз күчү менен дагы бир точка ачты…Айбекти көрбөйүн деп ошол жака директор кылып которуп салды..Ага болбой эле Айбек келе берчү.Данекти жумуштан үйгө жеткизүү Айбектин милдетиндей болуп калды..Бир күнү отурушуп экөө сүйлөшүп жатышты…

 

——Айданек билесиңби жанакы интернеттеги Данек барго сенин мурунку кызматкериң…Ошону мен жакшы көрүп калдым чын жүрөктөн.

Ушунчалык жан дүйнөсү таза кыз.Балдарым бар деп бир ай мурун сайттардан бүт чыгып кетти колуңду кармабайын дейт…Мага тандоо койбой мен үчүнда чечип салды…

 

—Айбек мен билбейм,балким ошол туурадыр..Сен жаш бойдок бала болсоң…Өз теңиңди тапда..

 

-Билесиңби анын сөздөрү,ойлору,үнү сага окшош.Кееде эгизиби деп ойлоп кетем..Кызык же ага окшош саппаттарды издеймби?Сага байланып баратам…Өзүң жөнүндө айтып берчи…Эгер сыр болбосо…

 

-Сыр деле эмес.Менин эки балам бар.Турмушка адашып эрте чыгып алгам.Жүрөгүм ооручу эмес билбейм турмуштун кыйынчылыгынан ушундай жүрөгүм ооручу болду..Машина коюп кетип белимден жаракат алып баса албай калганыма үч жылдын жүзү болду.Күйөөм чет өлкөгө иштеп кетип жок..Анында бактысын байлабайын деп тынчын албайм.Тагдырым ушул экен баш ийдим…

 

Экөө көөпкө сүйлөшүп олтурушуп бирин бири сагынгандай чып жармаша кетишти.Түн ушундай узун жана таттууу болду.Бул экөө рахаттын туу чокусуна чыгышты…

Эртең менен Данек—Кечир мындайга барбашым керек эле.Мени кийинтип отургузуп койчу…

 

—Эмне деп жатасың.Мен сени жактырып жүрөм.Бул жерде мындай арам ойлор болбосунчу.Мени кабыл алчы.Өмүр бою жаныңда болойун..

 

—Күлкүмдү келтирбечи мындай майыптын көңулүн алып соопко калайын дедиңби?Түнгө рахмат.Бирок мени аяоонун кереги жок…

 

—Эмне деп жатасың..Мамилебиз уланышы сенден көз каранды,ойлон эсиңде болсун мен сени жактырам.Бул майыптыгың мага бирда тоскоол болбойтт…айыгасың

 

 

Ушинтип экөө өз жумуштарына кетти.Данекти жеткизип Айбек көөпкө ойлонду..Мындай жоопкерчиликти мойнуна алуу чындыгында оор болчу..

Интернет чукулап олтуруп мындай Данектин оорусун айыктыруучу жайларды издеп жатты.Бир профессордун ушундай ооруларды операция менен бастыргандарын окуп калып Данекти кезеке койду.

Бул убакта Дамир бир аял менен табышып Москва шаарына келишкен иштегени.

Данеке ушунча сүйүнүч менен келип айтты .Данектин үмүтү өчкөн эбак анча көңүл бөлбөдү.

Атасына барып айтып баарын ортого салып жүрүп көндүрдү.Бирок ал жакта жарым жылдай жүрүүсү керек болчу.Балдарымды сагынам деп көнбөй жатты.Бул кылыгы бекер убара болбосун дегени болчу…

Кезеги үч айдан кийин келмек.Ага чейин Айбек Данекти бирге жашоого көндүргөн.Айбектин үй-бүлөөсү каршы болуп жүрүштү.Данектен өткөн бактылуу жок.Жаңы күйөөгө тийип жаткандай ушунча толкунданды..Атасы кызынын бактысына ыйлап жатты..Эң кымбат деген ак көйнөктөн алып кийдирип үйлөнүү той эң мыкты деңгеелде өттү.Бирок коноктордун баары Айбекти байлык үчүн дегенсип жаман карап жатышты.Антип мынткиче үч ай өтүп кетти.Москвага кеткени даярданып жатышты.Данек өзү ачкан супермаркетти сатып акчаны чөнтөгүнө чампыйта салып жөнөп кетишти.Эки баласында алып алган болбой.Барып бир квартираны алып баатирге жашап башташты.Бүт анализдерин тапшыргандан кийин операцияга болот деген жыйынтык чыгып даярданып жатты.

Операция башталды.Бир нянька кыз таап балдарды таштап Айбек операционныйдын эшигинде олтурду.

6саатка созулган бул операция Айбек үчүн 6 кылымга тете болду.

Аябай оор өтүп жатты..Төртүнчү саатта жүрөк согуусу начарлап бир токтоп калды,аракеттер менен зоорго согуусун кайра ордуна келтиришти.

Профессор көтөрө албайт деп ойлоду бирок бүтөйүн дегенде токтотуп коюууда болбойт болчу.Тобокелге салып улантып жатышты.Ийгиликтүү аяктаганы менен аркы бул дүнүйөнүн ортосунда калган Данек комага түшүп калды…

Профессор чыгып ;—Держитесь,остольное от бога деп далга чаап басып кетти…

Беш күн беш түн байкуш Айбек ошол жерде жатты.Сакалы өсүп кеткен,тамак деле өтпөйт.Беш күндө беш жылга картайгандай болуп кетти.Орустардын Медайымдары кандай сүйүү деп суктанып жатышты..Данек күчтүү экен өзүнө келди..Палатага чыгарды бирок эч кимди киргизбей жатты.Айбекти баары жакшы үйүңө бар деседа болбой көгөрүп калидордо түнөп кетпей жүрдү.Көрмөйүнчө кетпейм деп.Бир жумада ушунча сагынып кетти..Отуруп эле укол сайган кыздан кат жазып жиберди..

 

—-Данегим жакшысыңбы?Сен азаматсың эми баары жакшы болот.Мен сени сүйөм…

Уксаң сага таарындым мен.

Өзүңдү эле ойлойсуң.Мына сен соонун жылуу жумшак жерге кирип жатып алдың менден жашынып.А менчи муздак калидордо тунөп жатам бир жумадан бери.Батыраак өзүңдү колго алып айыкпасаң жаныңа барып алам жолун таап…-деген сөздөр болчу..

Бул катты алып кирип колуна карматканда Данек мага кимден кат келиши мүмкүн деп таң кала окуду.

Бул катты окуп алып көзүнө жаш алып шырыктап токтоно албай ыйлап жатты.Бул ый ошончо жылдан бери чыккан биринчи сүйүнүч ыйы эле..Кудайга шүгүр,Миң мерте шүгүр эх ыраазымын деп кайталай берди.Муну карап турган орус кызда жышын тыя албады.Ыйлаба болбойт деп тыйып жатты..Энеси тааныбаган бул кыз экөө кучакташып ыйлап алышты…Жакшы болуп тыңып калганда Айбек кирип баштады.Экөөнүн сөздөрү түгөнгөндөй үнсүз эле ыйлашатт..

Ээх мынтип жеткен махабат ушунча таттуу болот экенда.Балдарын алып келип сагынычы тарап калды.Бир айдан кийин эле Данек эки үч кадам коюп басып баштады..

 

Карасаң карасаң папа мамам басты деп чырылдаган балдары Данекти айланып сүйүнүшөт.Айбек артты карап көз жашын көрсөтпөйүн дейт.

Ушул учурда буларга бүт аалам суктанып жаткандай эле.Биз күндө чууркап жүргөн бутубузду,көрүп жүргөн көзүбүздү,согуп турган жүрөгүбүздү баалабайбыз.Кудай сыноо бермейинче бир нерсенин кадырына жетпейбиз биз негизи.

 

Данеке отурууга болбойт.Басып эле бир аз көбүнчө жатыш керек.Ар кандай физкультураларды акырыындаап жасатат жеңилдерин.Даары куят.Буттарына массаж жасап.Бул даарылануу жарым жылга созулмак.Айбек мурун дагы орусияда иштеп жүргөндүктөн жөн отурбайын тамак ашка деп бир дүкөнгө кассир болуп кирип алды.Эң кызыгы ошол жерде Данектин биринчи күйөөсү Дамир дагы иштечү.Экөө бирин бири тааныбайт жакшы сүйлөшүп дос болуп кетишти.

Жашоолору тууралуу сүйлөшүшпөйт деле болчу экөө.Бир күнү экөө сыра ичебиз деп бир жерге барышып сүйлөшүп кетишти…

 

—Айбек билесиңби мен бир убакта 15жаштагы кызды алгам.Тыкан жакшы болчу.Апамдар эле байдын кызы деп эч кабыл албай койдуда.Менинда оюм бузулуп кетти.

Кийин мен кетип калгам эч кимге айтпай байкуш эми төрөгөн болчу.Көөпкө күтүп жүрдү.Мен бараар жерим калбаганда балдарымды сагынып баргам кайра. биз бөтөөн болуп калыптырбыз эч жылыбай койду мага .Баса бердим кайра ошентип деп кырсык тууралуу баса албай калганын жашырып койду…

 

—Айбек дагы оооба эки адам келише албаса жашшооо болбойт туура кылыптырсыз деп койду..Мен болсо 29жашымда үйлөндүм.Буга чейин атамды даарылантам деп иштегем.Кийин Бишкекте иштеп жүрүп аялымды жолуктурдум.Баса албайт болчу.Экөөбүз чогуу иштеп жүрүп мен анын жан дүйнөсүн сүйүп калдым.Үйлөндүк эми мынтип Москвага ошону даарылатканы келгенбиз.Үч-төрт айда кетебиз.Ошого чейин иштеп турайын дедим.Кудайга шүгүр аздап басып жатат деди..

 

Муну уккан Дамир дароо Данекти эстеп кетти.Байкуш эмне болду экен.Жүрөгүда ооруйт көп жашабаса керек деп.Бул убакта экөөнүн оюнда,сөзүндө бир адам экенин билбей турушту.Түн жарымга чейин аркы беркини сүйлөшүп тарап кетишти.Экөө аябай жакын болуп кетти…Билинбей эле арадан үч ай өтүп Данектинда ооруканадан чыгуучу күнү жетип келди..

 

—Айбек мынча жайдарысың?Айлык берет экенби?

 

—Жок досум кайдагы айлык бүгүн аяшың ооруканадан чыгат.Эки жумадан кийин Кыргызстанга кайтабыз.Аа баса айлыкда берет бугүн.Ошону алып алып лимузин жалдап аяшыңды чыгарууга баралык таң атып смен бүтсө.

 

—Маакул барамго бирок зачеем ээ лимузин не алтынбы жее ?вахаха.

 

—Досум аша чаппа ал алтынданда жогору.Билесиңби анын бир күлкүсү канчага тете..Мындай сүйүү башыңа келишин каалайт элем..

 

—Менинда биринчи аялым Айка ушунчалык жароокер эле.Ооруп жатсаң бир жылмайуусу тургузуп жиберчү..Сөзү оордунда сулуулугу көз уялтчу..Кадырына жетпедим шайтанга азгырылып.Азыркымчы эй төрт жылдан бери чогуу иштеп акча топтодук.Бул жактын жаранын алдыда үй алып мени кууп чыкты.Жаманды жолуктурмайынча жакшынын кадырын билбейт экенсиңде ээх..

 

-Досум кайгырба..Баары алдыда..

Экөө эртең менен лимузин заказ беришип ичине кызыл Данектин сүйүктүү орхидея гүлүн толтурушуп жөнөп баратыштыы……

 

Уландысы бар….

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE