Пример HTML-страницы

ӨТҮГҮМ БУТУМУ КЫСАТ.

https://kyrgyzcha.site/?p=38162&preview=true Пайдалуу кеңештер.

ӨТҮГҮМ БУТУМУ КЫСАТ

 

✍🏻Качандыр бир кездерде бир падышанын караса көз тойбогон өтө сулуу аялы болот. Бирок, кулк-мүнөзү өтө начар эле. Ортолорунда уруш-жаңжал көп болот эле. Акыры чыдабай калган падыша бир күнү ажырашмакчы болот. Аны уккан вазирлери падышага жумшартуу(оюнан кайтуусу) үчүн:

-Жубайыңыз өтө сулуу жан, мындай сулуу аялды эч жерден таппайсыз!- деп мактап башташат.

Падыша үн-сөзсүз тыңшап олтуруп бир кезде:

-Өтүгүм кандай экен, жактыбы?- деп сурайт.

-Өтө сонун!

-Кымбат булгаарыдан жасалган. Падышалыктын эң таанымал өтүкчүсү атайы мен үчүн жасап берген. Ошондуктан меникиндей өтүк эч бир жерден табылбайт.

-Ооба, ооба. Айтканыңыздай экен, өтө сонун өтүк экенин моюнга алабыз. Хмм.. Бирок, биздин сурообузга мунун кандай тиешеси бар?

Падыша мындай деп кыска жооп берген экен:

_-Өтүгүм бутумду кысат…_

 

📌Демек дүйнө канча кең болбосун,жашооң канча жакшы баары жетиштүү болбосун бирок үй -бүлөнү ыйманы менен нурга бөлөгөн, сени түшүнгөн,сыйлаган ,урматтаган,мээримин төккөн,жашооңдун бир бөлүгү болгон жарың болбосо эки бутуң бир өтүккө тыгылган сыяктуу же болбосо жүрөгү жаралуу, жан дүйөнөсү оорулуу сыяктуудур…

 

✨Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: «Дүйнө ырахаттардан турат. Дуйнөнун эң жакшы ырахаты такыба аял!» (Муслим)📚

 

✔«Аял жакшы – эр жакшы» дейт кыргызда, улуу сөз. «Эрди эр кылган да, жер кылган да аял» – деп айтылат. Мааниси мындай терең макал башка элде айтылбаса керек. Айтылса да мындай күчтүү, салмактуу чыкпаса керек.

 

✔Аял эч качан өзү бактылуу болбойт. Анын бактысы ак никелүү болуп күйөөгө чыгуу, бала төрөп чоңойтуу. Бийликтен, байлыктан бактылуу болом деген аял катуу адашат.

 

✔Жакшы аял турмушка чыгып бакыт тартуулоого аракет кылат,жаман аял аны күтөт

 

✔«Аялдын пири анын никелеп алган күйөөсү»,- дешет. Эгер аял өз өмүрлүк жолдошун пирдей тутуп кадырлабаса, анда андай үй-бүлө бактысыз үй бүлө..

 

✔«Аялдын жакшысы эрден чыкпайт, эрден чыкса да элден чыкпайт» деген кеп бар. Ыймандуу, сабырдуу, кайрымдуу болуп туруп эрден чыгып кеткен аялдар сейрек жолугат. Аялдардын көпчүлүгү чыдамсыздыктан, тилинин азабынан, тарбиясыздыктан, түшүнбөстүктөн, өзүмдүн айтканым туура дегендиктен ажырашып кетет. Андайлар өзүн да, өзгөнү да бактылуу кыла албайт.

 

✔Жакшы жар жайнаган дөөлөт,жаман жар жабышкан мээнет

 

✔Эрте турган эркектин ырысы артык,эрте турган аялдын баарысы артык…

 

✔Эри -катын таттуу болсо чырагы жанар,эрди- катын урушса өмүрдөн көңүл калар..

 

✔Аял жоомарттык кылганда, эркек намарттык кылганы өлүм..

 

✔Жакшы аял жаман эрди хан кылат,жаман аял жакшы эркекти жок кылат.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE