Пример HTML-страницы

ОшТУда өспүрүмдөр арасында стол үстүндөгү теннис боюнча мелдеш өттү

Акыркы жанылыктар

TurmushОш технологиялык университетинде 1-июнь – Эл аралык балдарды коргоо күнү белгиленди. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, стол тенниси боюнча балдар жана өспүрүмдөрдүн арасында мелдеш өткөрүлдү. Бул иш-чаранын негизги максаты өсүп келе жаткан муундар арасында ынтымакты, достукту бекемдөө, аларды дени сак жашоого үндөө жана спортту сүйүүгө чакыруу, стол тенниси боюнча командага мыктыларды тандап алуу болуп эсептелет.

Спорттук иш-чара Ош шаардык балдар жана өспүрүмдөр спорттук мектебинин демилгеси жана Ош технологиялык университетинин колдоосу менен окуу жайдын стол тенниси залында өткөрүлдү. Шаардагы орто мектептерден, Ош облусунун бардык райондорунан жана Баткен облусунан келген командалар катышты. Оюндун жүрүшү калыстар тобу тарабынан бааланып, жеңүүчү командалар дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE