Пример HTML-страницы

Ошто 5 балалуу келин ооруканага түштү

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүндөгү мечиттин имамы биринчи жубайын башка жубайына кармап берип сабаткан. Бул тууралуу юрист Фарух Абдрахманов билдирди.

Анын айтымында, 39 жаштагы келин 5 баласы менен көчөдө калган. Учурда ал жеке менчик ооруканада дарыланууда.

«1983-жылы туулган К.А. (имам) менен К.М. (жубайы) 2004-жылы үйлөнүшкөн. Ортодо 5 баласы бар. 2008-жылы үй сатып алышкан. 2018-жылдан баштап жолдошу өзгөрүп, кол көтөрүп баштаган экен. «Биздин ич ара салтыбыз бар, сен каршы болбошуң керек» деп экинчи аял алган. 2020-жылы имам дагы бирөөгө үйлөнүп, бирок ал менен ажырашкан. Андан кийин биринчи жубайына «банкрот болуп калдым, үйдү сатууга туура келип жатат, силер башка жакка барып жайгашып тургула» деп, «үй сатылат» деп жазып койгон. Аялы 5 баласы менен ар кайсы жерде ижарада туруп, анан инисинин үйүндө жашап жүргөн. Ал убакта жолдошу бир да жолу кабар алган эмес.

Ушул жылдын 14-сентябрында К.М. жолдошу иштеткен тез татым жайына барып, «кабар албай жатасың, алиментке берем» дегенде, «колуңдан келгенин кыл» деп экөөнүн ортосунда чыр чыккан экен. Андан соң сатылат деген үйгө документтерин алууга барганда жолдошунун акыркы алган жубайына — төртүнчү жубайына туш келип, ызы-чуу башталган», — деди Ф.Абдрахманов.

Юрист кошумчалагандай, окуя андан ары эки аялдын жаңжалы менен уланган.

«Акыркы жубайы унаасы менен жолдошун жумуштан алып келип, жолдошу биринчи жубайын муунтуп турган, жаңы аялы сабаган. Жолдошу кармап берип, сабаткан соң төртүнчү жубайы жеңил темир менен башына 3 жолу чааптыр. Эси оогон абалга келип калганда унаага отургузуп, качып чыгышкан. К.М. ордунан турганда, унаанын чети менен койдуруп, чыгып кетишкен. Коңшулары аймактык милицияны чакырышкан», — деди Фарух Абдрахманов.

К.М. милицияга кайрылгандан кийин гана жолдошу Ош шаардык ооруканасына алып келген. Бирок ал жердеги дарыгерлердин мамилесинен улам жеке менчик ооруканага которууга туура келген.

Ош облустук ички иштер башкармалынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев учурда эки тараптын арыздары иликтенип жатканын, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатышканын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE