Пример HTML-страницы

Ноокендеги айылда 80 балага кышкы кийимдер таратылды

Акыркы жанылыктар

TurmushНоокен районунун Момбеков айыл аймагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө тарбияланган 80 балага кышкы кийимдер таратылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда айыл аймактын башчысы Кадырбек Абдыжапаров билдирди.

Маалыматка караганда, кийимдерди алууга каражат айыл аймактын резервдик фондунан каржыланган.

«Жыл сайын балдарга кышкы кийимдерди берүүнү адатка айлантып алдык. Өткөн жылы да жалпы 144 үй-бүлөнүн балдарына дал ушундай белектерди тапшырганбыз. Быйылкы жылы да майыптыгы бар, ата-энесинен толук ажыраган жана аз камсыз болгон үй-бүлөдө тарбияланган 80 балага кышкы бут кийим жана курткаларды алып бердик. Мында мектеп директорлору көмөк көрсөтүштү. Себебиайрым балдар кышкыгы кийими жоктон улам сабактарга келе албай калган. Аларды өлчөмдөрүн алып, кийимдерди сатып бердик. Ал үчүн айыл аймактын резервдик фондунан 200 миң сом жумшалды. Алдыда бул саамалыкты улантабыз», — деди ал.

Буга катар эле аймактагы 130 үй-бүлөгө 28 тонна көмүр таратылды. Ал үчүн жергиликтүү бюджеттен 150 миң сом жумшалган.

Момбеков айыл аймагында 17 миң 112 адам жашайт. Анын ичинен 452 үй-бүлө аз камсыз болгон үй-бүлө катары каттоодо турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE