Пример HTML-страницы

Ноокатта 81 жаштагы кемпирди мыкаачылык менен өлтүрүп кетишти. Анын сөөгү жер төлөдөн табылды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айыл аймагынын Ак-Булак айылында өрттөнүп кеткен үйдүн жер төлөсүнөн жансыз дене табылды.

Облустук милициянын маалыматы боюнча, окуя тууралуу кечээ, 26-апрелде саат 18:30 чамасында Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ноокат РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө кабарланган. Аталган маалымат Ноокат РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге РИИБдин жетекчилиги жана ыкчам тергөө тобу чыгып, окуя болгон жерге кароо жүргүзгөн.

Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө өрт чыккан үйдүн жер төлөсүнөн табылган өздүгү аныктала элек жаран Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагынын Ак-Булак айылынын тургуну — 81 жаштагы Б.Б. (аял киши) киши колдуу болуп каза болгондугу аныкталган.

Ошондой эле окуя боюнча ар тараптуу жана объективдүү текшерүү иштерин жүргүзүү максатында маркум Б.Б.нын эмнеден улам каза болгондугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза, соттук-биологиялык, соттук-криминалисттик экспертиза дайындалды.

Өрттүн себебин аныктоо үчүн өрт-техникалык экспертиза дайындалып, окуя болгон жердин айланасындагы күбөлөр суракка алынды.

Топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-пунктунда (өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) көрсөтүлгөн кылмыштын курамы бар болгондуктан кылмыш иши козголду.

Ал эми тергөө амалдарын Ноокат РИИБдин тергөө кызматы жүргүзүүдө. Бул оор кылмыштын бетин ачуу максатында атайын тапшырмалар берилип, ыкчам текшерүү иш-чаралары жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE