КҮҮГҮМДӨГҮ КӨЛӨКӨ (9-бөлүм.)

КҮҮГҮМДӨГҮ КӨЛӨКӨ Кызыктуу окуялар.

КҮҮГҮМДӨГҮ КӨЛӨКӨ  (9-бөлүм.)

Көчөнүн башына чогулуп алып,ылдый көздөй келе жаткан беш-алты адамдын караанын көрсө эле,айылдыктар:-Кагылайын кудай,тынч болгой эле,тигилер кайда,чогулуп алып дешет.Бүгүн да,айылдын дүкүлдөгөн төрт беш баласы өйдөтөн келе жатканын көргөн Кадыраалы карынын аялы:-Тигилер ким деп,абышкасынан сурады эле,»алар якуттар» деп,боору эзилгенче күлдү,Канайдыкына баратышкан го,Канай эле,буларга ме,ал деп бере

тургансып,күндө салпактап келишет деп,сүйлөнө берди.Мен болбосом,Келдибегиң да бармак,Канайдын кашегин кайтарып олтурмакпыз деп,күлүп алды.Мунун жөнү бар,Канайдын Якутияда көп жылдан бери иштеген баласы бар,мындан эки жыл мурун келип,айылдан бир бригада курулушка деп,он чакты баланы алып кетет,айткандай эле,тамак-аш,жатакана менен камсыз кылып,айлыктарын берип,карап жүрүп,ишеничке кирип,бир объект алып,жалаң кыргыздар иштешип,Канайдын Камчыбеги эки миллионду чөнтөк-

кө салып,көздөн кайым болот.Же документтери жок,же акчалары жок балдар,араң жетишип келиш-

се,Канайдын эң кенжеси атасынын

үйүнүн жанына эки этаж там курдуртуп,европалыктардыкындай түрпөттөгү үй айылда биринчи салынып жаткандыктан,нары-бери

өткөндүн оозу ачылып,караганы эле ошол там.Якутиядан эптеп келген балдар чогулуп алып,Канай

аксакалга айтышып,баласы канча бир акчага «олтургузуп» кеткенин айтышып,акчабызды кайрып бер-

син дешип,Канай аксакалдын эшигин тытып жаткандары да ошондон экен.Кыскасы,мыйзам да,буларга иштебестиги айдан ачык,балдар ата-энесин жарга такап кыргызча күүлөшүүдө.Бизге

эч нерсенин кереги жок,уулуңуздун эле дарегин бериңиз,болбосо ушул

там бизге тийешелүү,кирпичтен бери бөлүп алып кетебиз деп,карыя

га сыйдараак мамиле кылып,ыза

болгондорун жашыра алышпай,бир

маал келип кетишет.Айылдыктар,

аларды тамашалашып:-Канайга там салып,бердиңер.Анча болду,өзүңөр эле кармап,киргизип

койсоңор деле болмок дешип,ого

бетер,күйбөгөн жерин күл кылышат

Эми,минтип жаш бала эмес,кил-

тейген эле алды төрт баланын атасы болгон айылдаштары менен,

эртедир кечтир жолугушууну унуткан,тигил баланын кылганына жердештери таң калса да,колдоруна тийгизе албай жүрүшөт.

 

Бүгүн айылдагы фельдшердик бөлүмдө майрам болгону турат,саат ондо «минздравдан» киши келет экен,айылдын элин чогултуп койгула дептир деп,ФАПтын улгайганынан баспай калган эки медсестрасы көчөнү кыдырып жүрүштү.Жүрөк текшерткен аппарат,аба менен камсыз кылчу аппарат алып келет экен дешип келүүчүлөрдү күтүп жатышканда,айылдагы «азуулуу» аял,Кумаш жалпы турган калың элге «шаңк этти:-Тим эле өкмөт бергенсип сүйүнөсүңөр да,ал тигилер алып келе жаткан аппараттын баарын биздин айылдын мигранттары салып жибериптир,каадаланып аны алып алышып,чогулушуп,өздөрү чечип, бардык маселелерди кыйратып жа

табыз деп,уялбай келип калышат

эмеспи дегиче,кубалашкан эки мыкты машина удаа келип токтоп,

ичинен мыкты кийинип,мыкты жыт

танган бир топ аял эркеги түштү.Че-

белектеген Айыл Өкмөтү баарын тааныштырымыш болду эле,бир чыканактай болгон аял:-Ушундай оор кырдаалда,айылын эстешип,Россияда иштеген уул-кыз-

дарыңар алып берип жиберишип-

тир,кабыл алыңыздар деп шаңшып

баштаганда:-Ошол мекенден сандалып алыс жүрүп,алып барып бер сүйүнүп калсын дештиби,уул-кызыбыз.Сен алып келбесең,жетпей калмак бекен?Кана бекер дары,элдин жарымына

жардам бермек түгүл,оо дүйнө уза-

тып кутулдуңар.Беш коробканы эки чоң машинеге бештен он киши салып алып келдиңер,деги силерде уят барбы,жеп ичип эле жатасыңар

деги биздин мамлекет башындагылар топук кылбадыңар,элдин жонун эзип,жылгаяк тепкенден уялбадыңар,деги биз уялалычы деп,басып кеткен Кумашты ээрчий караган немелер,айыл Өкмөтүнө бир нерсе айтышты да,келген жагына кеткендей болушту.Мигранттардын жардамы менен,Кыргызстандагы бир топ ооруканалар кымбат аппараттарга ээ болушуп,ал түгүл кайсы бир

айылга «Тез жардам» машинасын

алып беришти.

 

(Уландысы бар.)

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️