Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Кыялкечтин кундолугунон 1

https://kyrgyzcha.site/?p=35596&preview=true Кызыктуу окуялар.

Кыялкечтин кундолугунон….

 

Убакыт учкан куш деген чын экен да. Мына, кече эле корушкондой болдум эле, эсептесем 2 жылдын жузу болуптур. Ошол гана бойдон эч озгоруу жок. Ошол эле шайыр кыз, ошол эле мен билген татына кыз, коздору жалтырап, алоолоп жалындаган. ..(ангыча оюмду болуп)

— Кандайсын ай байке? деген Айсулуунун уну дароо кулака тааныш жагымдуу угулду.

Мен адатымча сыртыман кулуп эле;

— Жакшы, озун кандай? дедим, бирок ичимден оюм улана берди.Мен аны тиктеп, суктанганымды эч бир токтотподум. Аны мен ушунчалык боорума бекем кысып кучактап, аппакай жузунон суйуп сылап, адатымча эркелете «сагындым сени» дегим келди. Бирок курнамыс тунук сезимдеримди тушап туруп алды. Балким ал деле мендей сагынгандыр. ..

— Шугур, эмне анча ойлонуп? Басып келеби деп карап турсам катып калдын да?

— Кечир! Сени коруп, кайсы «красотка» деп оозумду ачып калбадымбы.

— Йаде? ( Кылыктанып кулуп)

Бир топко тиктешип туруп калдык. Ичимен кезигишууго келгениме эч бир окунбодум, а тескерисинче кубанып турдум. Ким билет, балким мен интернеттен Айсулуу жазган катты окубаганда, мандайымда турбайт эледир…Ошентсе да ичимен заманбап байланышка да ыраазы болуп алдым…Айсулууну суктана карап;

— Билесинби? А сен озгорулбоптурсун.

— Хм, муну «комплемент» катары кабыл алайымбы же …?

— Албетте!

Саламдашкан колдор коё берилбей турду. Мен биринчи жолу «свиданиеге» келгенсип калтырап барып бетинен бир чоп эткенге аран жарадым. Айсулуу да мени бир тан кала карап алды да;

— Мм, анда байкагын!

— Эмнеге?

— Кезек сенде эми… Неге арыктап кеткенсин?

— Мыкты короз качан семиз болчу эле… (жыртайып)

Бирок, ушул суроого канча жолу алдап жооп бергенимди деле билбей калдым. Мен учун жана башкалар учун бул алдоо убактылуу дары деп эсептейм. Аларды кайгыга салгым келбейт. Тескерисинче тамашалап жуздорундо жылмаюу белек кылгандан жазбай келем…

— Ээк жаман бала десе… (кыткылыктап келип бир тыс эткизе чымчып алганга улгурду)… А если честно?

— Билбейм, коп ойлонгондуку го…

— Кимди анчалык ойлоп жатасын?

— Эч кимди деле.

— Иииий ай ушу алдаганды уйронуп алсан боло тыныраак.

— Макул! Анда эмне дейин?

— Калп да болсо сени ойлоп деп кой да ( Жылмайып)

— Ии макул калп да болсо айтып коёюн (жылмайып)

А негизи чындыгында эле оюман эч чыгарбай, багып келгенимди билбейт да. Журогумдо туболук очпос аты моор болуп басылып калса керек. Канча жолу аракет кылып алаксып да кордум, бирок элеси ар дайым мени коштоп келет. Ичимдеги сырларым менен болушкум келип, жай суйлошуп олтургум келди…

— … Убактын кенен элеби?

— Сага кечке чейин убактым бар ( сырдуу карап)

— А кечиндечи?

— ……… Неге сурадын? ( ойлонуп)

— Бир жерге барып тамактанып суйлошуп олтурсакбы дегем.

— Эски кундордой де…

— Иида.

— Ммм, мейли «я согласна» .

— Журу анда, кайсы жака баралы?

— «Нуу незнаю даже» , сен жакшы билесин го?

— Ммм анда Набережныйдагы кафечи?

— Кайсы?

— Унутуп калат! Тропиканочу?

— Аааа кечир, кечир эстедим, аны кантип унутайын ( кулуп алды)

— Ии не анча?

— Сен музыканттардан микрофон талашып бекер концерт коюп бергенинчи?

— Кайсы? ( олумуштоно)

— Аииий бети жок десе, уялбай мас болчумун дебейсинби?

— Билбейм , эсте жок! Балким тескерисинче сен болуп журбо? ( жылмайып)

— Хмх, карасан муну ( тултундап)

— Болду эми тамаша да, андан коро биз таанышкан кафе десен окшошот да..

— Ооба, ал кафе бизди тааныштырган.

А чындыгында Айсулуунун туулган кунундо ошол кафеден таанышканбыз. Ал курбулары менен туулган кун тосуп олтурган, а мен досум менен сыранын атасын таанытып жаткан кез эле. Ошондо эле ортодо айланып бийлеп жатканда эле Айсулууну козго илип калгам. Анын узун чачтарынан жазалган «прическасы» эле бир тайлык эле. А койногуно соз жок. «Медляк» башталганда барып «ковалердин» ролун ойногонумду билем. Ошондо мактанычбы же Айсулууга жагайын десем керек, музыканттардан микрофонун коркутуп уркутуп талашып алып, куттук айтып ырдаганымчы ииий…Кантсе да аракетим талаада калбады да. Жактырышып мамиле тузулуп кетти да…

— Кеттикби анда?

— Бакыт?

— Оу?

— Бугун мен кечке чейин мен сеникимин, кайда десен озун билесин.

 

Шып эле Айсулуу колтуганда дене боюм дунгуроп, озумду мас адамдай сезип бараттым. Ушул жолугушууну кутуп журуп, эми кыялымдын ээси мени колтуктап бара жатканда мен алсызмынбы. .. Кызык, Кыргызстанга эмне максат менен келди болду экен? Ммм айткандай Айсулуунун Бишкекте билишимче эч кимиси деле жок. Демек, мен учун эле келгенби? Бирок жеке жашоосунда мага орун жок болсо эмнеге келет мага? Эхх сансыз табышмак ойлорго чырмалып калбасам эле…

 

Жолдо таксиде баратып Айсулуу;

— Бишкекте кыймыл кобойуптур ээ?

Пример HTML-страницы

— Ошондой го. Мен деле Мекенде коп турбай калдым да.

— Неге? Иштеп жатасынбы?

— Ооба.

— Уйлондун беле?

— Жооок! Кайдан? Мага ким тиймек эле.

— Койчу Бакыт! Кантип эле?

— Ой чын баары эле чанып жатышат да.

 

А бирок тескерисинче мага тийчи кыздар коп эле. Негедир алардын тагдырына балта чапкандан коркуп эле мамилени супсак кылчымын. Озумду атайын жаман корсотчумун, конулун калтыруу максатын бат эле ишке ашырып алчымын. Ооба, копчулук кыздар учун мен жаман адам бойдон кала бердим. А балким чынында эле жаман адамдырмын, ким билет эми? Мейли дечи, ага эч кайгырбайм. Башка бироого оз тузумду татыткым келбейт эн негизгиси…

 

— » Нуу прям! Давай не будем а?»

— Албетте ( жылмайып)

— А сенчи?

— Эмне мен?

— Уй булоолук жашоо кандай?

— Жакшы ( коздорун ала качып, бир аз маанайы томондой тушкону байкалып калды)

Негедир бул суроомо Айсулуу тетири жооп бергендей сезилди. Кулуп суйлогондун аркасында канча мунду жашырып жатканын мен да сурай албадым. Бирок коздору мага эч качан алдабайт. Акыркы 2 жыл мурун коштошууда мени тиктеп » Суйбойм сени» деп айтып, озуно жини келип турганын мен сезип тургам. Анда да ушул коз караш эле..

 

— Бакыт?

— Оу?

— Кел баягыдай шампан ичебиз?

— Мен ичпей калгам да

— Чын элеби?

— Ооба, сен иче бер уялбай эле.

— Макул Бакыт байке ( жылмайып, канатыман кирип кокурогумо башын жолоп ойлонуп калды)

 

Ангыча кафенин алдына барып тушуп калдык. Ичине кирип баратып, буттар баспайт калчылдап.

Дал ушул кафедеги болуп откон мезгил эске тушуп…

Ошентсе да ичине кирдик. Ичин жагымдуу жазалгалап коюшканбы, айтоор козго жакшы корунду.

Барып орун алып олтуруп, тамактануунун камын коруп баштадык. Айсулуу менден уялгансыдыбы же билбейм, бирок шампан жонундо соз кылбады эле, мен акырын айтып алдырып алдык…

— Билесинби сен мени мас болуп алып уйго чейин которуп барганынды?

— Ообада, Народныйдын ичине которуп киргенде билесинби?

— Охраналары келгендеби?

— Иида, ошол кезде жинди эле экенбиз ээ?

— Экенбиз деп мени да кошуп койбодубу (кулуп)

— Анан эмне, жиндинин жанында соо адам журчу беле?(кулуп)

 

Ошентип баштан откон бактылуу кундордон маек токуп олтуруп убакыт тун болуп калды. Айсулуу 1 шампандын тубуно жетип, экинчисин боксортуп койду. Жанаша олтуруп шандуу маанайда олтурдук. Бир убакта козунон молт молт жаштары менин кокурогумо агып жатты. Бул коз жаштардын тамып жатканына коп себеп бардай…Арасында окунуч, кубаныч,сагыныч. ..

Ун дебестен мен да ыйлагым келди негедир, бирок….тош жараарлык бир ушкурунуп алдым да;

— Айсулуу?

— Да?

— Кетелиби?

— Саат канча болду?

— 2 ден отуп калды.

— Тункубу?

— Жооок, кундузгу ( жылмайып)

— «Ты новерно шутишь да?»

— Иида эркем, азыр ээ

— Сен каяка?

— Азыр мен …

 

Ары барып эсептешип келип, Айсулууну жетелеп эшикти коздой жонодук. Негедир таанышкан кунго кайрылгым келди. Такси алган сон, Народныйга бардык, бирок Айсулууну которгон жокмун, жетелешип журдук, иии мейличи кучакташып журдук.)) Народныйда ырдалып жаткан радиобу же мындай элеби, кыскасы экообуз ичин кыдырып, кыйкырып ырдап журобуз. Алганыбыз 1 орбит …)) Андан чыгып Панараманы коздой айдаттык. Таксини куттуруп коюп экообуз «романтика» болуп жаттык. Бирок эшик суугураак болгондуктан тез эле кайттык ал жактан.

Уйго келдик. Уктоочу болмого кучакташып отуп, эриндерибиз байланып жатты… Экообуз тен бири бирибизди сагынышып калганыбыз айтпасак деле билинип турду. Махабаттын туу чокусун ирээттешип ашып жатып…. бир маалда эсибиз ооп тиктешип жатып калдык. Мурдумду курт жеп мен 1 тамекини жайлап баштасам Айсулуу;

— Чекпей эле койчу, карачы арыктыгынды. .. «Хотя» ичпей калганына абдан кубанычтамын, эми тамекини да таштап койсон сонун болот.

— Буюрса таштайм.

Бирок муну таштаганым менен эч нерсе озгорбосун Айсулуу билбейт.Тамекиден да койгойлуу бир дарт ичимен жеп мени жоготуп жатканын хеч бир билгизбедим. Ангыча мойнума аркаман асылып назик эрндери менен кайра мени багындырып алды.

Тун бир оокумбу же танга маалбы, Айсулуу суйлоп жаткандай болгон. Уйкудан калып калгансып кашайып козум илинип кетиптир. Бир ойгонсом кучагымда экен. Ичимен бугун менден откон бактылуу адам жок деп сызып алдым да , кайра таттуу уйкуга кете берипмин.

 

Телефон шынгырайт эле шынгырайт. Козумду ачсам кундуз экен. Трубканы алсам дос балам мени издеп калыптыр, 1 кун дайыным жок жоголуп кетсем. Аны менен суйлошуп бутуп эле, Айсулууну «ваннада» экен деп барып таппай келдим. Эшке чыккан го деп эч жаман ой жок. Жуунуп тазаланып чыксам деле жок. Телефон чалайын деп телефонумду алсам, жаны смс деп турат. Ачып окусам Айсулуудан экен. «Ты обязан быть счастливым! Спасибо тебе за всё, и прошу, забудь и не ищи меня!» Бул смсти окуур замат чалсам, абонент очурулгон деди. Башыман ылдый муздак сууну куйгандай эле магдырап олтуруп калдым…Андан бери канча убакыт отту, бирок кусадар болуп журом дагы деле.

Балким дагы бир куну убакыт сааты келгенде кезигээр чыгаарбыз деген умут менен жашап келем…

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE