Пример HTML-страницы

Колдон учкан махабат ❤️

https://kyrgyzcha.site/?p=4157&preview=true Кызыктуу окуялар.

«Колдон учкан махабат» же «Үзүлбөгөн үмүт»

Жашоо бул бизге берилген бакыт. Кээ бирлерибиз жашоону барктай билбейт экенбиз. Кээ бири эмес баардыгыбыз эле күнүмдүк түйшүккө алдырып, чыныгы жаныбыздагы баа жеткис бакытты кантип жоготуп алганыбызды андабай калат экенбиз. Өмүрдүн аягына чейин бакыт издеп, табалбай сыздагандар канча. Аттиң ошол кезде бизге бир адам келип, эй мына сенин бактың мына, бакытты алысты издебе. Соо ден-соолук, эртең менен тамак ысытып берген аял, чачтарын ак баскан энең, тапкан нанынды кубана жеген балдарың ушулар сенин чыныгы бакытын!-деп айтса кана. Айткан күндө дагы биз макул болбойбуз да, мындан өткөн бакытты, жомоктогу кереметти изденүү менен болобуз. Албетте жакшылыктын кечиккени да жакшы, эч качан келбей койгондон көрө. Балким мен ушул прозма менен бакыт издеп жүргөн инсандарга, издеген нерсеси жанында экенин түшүндүрө алаармын….

«»Колдон учкан махабат»»же «Үзүлбөгөн үмүт»
1- бөлүм.

— Токтосоң Күмүш, сен кечке эле бара бересиңби? Ал сени байкаган дагы жок, сүйбөгөнгө сүйкөнбө!-деген экен. Балким артынан чуркоону токтотоорсун.
— Нурлан мени жакшы көрөт, болгону ал мага өткөндө таарынып калган да. Ошого менин жиниме тийүү үчүн атайын кылып жатат.
— Күмүш сен жиндисинби? Жинине тийген деле жоксуң, анан эмне сага сөз берип коюп бирөө менен кучакташып турса унчукпай коймок белең?
—Ал анын досу экен, көрдүң го кандай жинденгенин. Дос кыздар менен дагы тура албаймбы!-деп катуу таарынды.
— Күмүш ушунчалык дагы аңкоо болосуңбу?
— Нури аңкоо болгум келип жатат, Нурландын мени таштап кеткенин таарыныч!-деп билгим келип жатат. Эмне кыл дейсиң? Мен аны сүйөм да, ал үчүн баарына даярмын.
— Оойй азыр сен мектеп окуучусун, андай сүйүү сага дагы канча жолу келишин билесиңби? Унутчу болду ошону, ал быйыл мектепти бүтсө аскерге кетет. Ал келгенче сен шаарга окууга тапшырып кетесиң, шаарга барганда Нурланды эстебейсин дагы. Же чын эле Нурланды күтүп шаарга да барбайсыңбы?
—Барба десе барбайм, эмне кыл десе даярмын. Бул эртең эле унутулуп калчу нерсе эмес, мен Нурланды түбөлүк сүйдүм. Эми жүрөгүмө башка эч ким кире албайт.
— Эгер ал сени башка карабасачы?
— Карабаса жок, бирок ал мага аны сүйүүгө каршы боло албайт. Мен аны сүйөм берем.
—Ээх курбум, эртең ушул күндү эстеп далай күлөрбүз. Андан көрө бас сабакка кирели, алардын классына барганың менен жүрөгүң ооруп кайткандан башка пайда таппайсың.
—Чын эле Нурлан мени сүйбөйт!-деп ойлойсуңбу?
— Ойлобой эле билем, болду сезимге алданып, баркыңды кетирбечи.
—Кадырым кетип бүткөнү качан, баягы күнү кетпе!-деп ыйлаганымды баары көрбөдүбү.
—Жинди кыз, эмнеге антесин дейм да.
— Көзүмө эч нерсе көрүнбөй калды ошондо.
— Нурлан дагы деле ошону айтып, мурдун асман карата мактанып жүрөт дейт. Анан тиги Эрмек бар го он бир б да окуган, сага кат жазып жүрбөйбү.
—Ийи ооба, ага эмне болуптур?
— Эрмек мектепти кармайт экен да, биздин балдар айтпадыбы. Эрмек Нурлан мактанып жатканда мурдун жара муштаптыр дейт.
— Эмнеге?
— Эмнеге дейт, сени үчүн да. Эрмек сенин кадырыңа жетмек, карачы артыңдан кандай чуркап жүрөт. Сен үчүн Нурланды сабаптыр.
—Элестетчи кече Нурлан менен бүгүн Эрмек менен жүргөнүмдү. Анан мен Нурланды гана сүйөм да, мейли жамандасын, тебелеп тепсесин. Эч нерсе дей албайм, аны сүйөм.
— Убакыт баарын унуттурат, мектепти бүтүп кетсе унутасын.
— Эч качан…

Күмүштүн артынан жүргөн балдар сансыз, бирок жүрөк деген жалгыз Нурланды дейт. Күмүш намыс эмне экенин унутуп койгон, Нурлан дегенде көзүнө тегерек четтеги нерселер көрүнбөй калат. Убагында Нурлан деле Күмүштү сүйгөндур бирок, биринин артынан бири чоңоюп келе жаткан кыздардын сулуулугу Күмүшкө болгон сезимди соолутуп салган. Кээ бирөө окуучу туруп сүйүүгө эмне бар экен деши мүмкүн, бирок биринчи чыныгы аруу сезим баарыбызга мектеп убагында келеерин эч ким тана албайт. Күмүштүн жан дүйнөсүн ооруткан махабаты аз келгенсип үйдө дагы күндө уруш жаңжал. Бул үй-бүлөдө бир дагы күн тынч өтпөйт, элдердин үйүндө эркеги ичип алып баардыгын кууп, тополоң кылса бул үйдө тескерисинче. Күмүштүн апасы эрден эрге кыдырган ойсоке, Акылга тийгенине алты жыл болуп калды. Акылдын мурунку аялынан үч уулу бар, келинчеги каза болгондон кийин ушул Гүкүнду жолуктуруп калып, бир көрүп эле алып алган. Биринчи көргөндө Акыл базардан жүк көтөрүп келе жатып суусап, муздак суу алуу үчүн дүкөнгө кирген. Гүкү соо убагында аябай жакшы аял. Же жакшы болуп көрүнгүсү келеби айтор, баардык адамдардын койнуна кирчү жыланга айланат да калат. Акыл киргенде эле жымыңдап, ар кайсыны айтып өзүнө арбап алган. Колундагы азык- түлүктү дүкөнгө калтыра салып экөө кенен сүйлөшүүгө кафелердин бирине кирип кетишкен. Аза аздан сыра уурттаган Гүкү Акылдын көзүнө орду менен сүйлөгөн, аябай боорукер, ак көңүл адамдай көрүнгөн. Гукунун башы бош экенин укканда Акыл өз жагдайын түшүндүрүп, балдарына эне болуп берүүсүн суранган эле. Издегени жерден табылгандай Гүкү балдарды аяйм демиш болуп эртеси эле көчүп келип алган. Ал убакта Күмүш тогуз жашта болчу, ажаан таженесинин колунда жүрүп чүнчүп кеткен. Же сабактан жок, же ичкен жегени дурус эмес, башы биттеген бойдон келген. Акыл эркек эмеспи Күмүштүн жүдөгөн кейпин деле баамдаган эмес. Балким ошондо жакшы караса кызынын лөлү кейпинен Гукунун чыныгы кандай адам экенин билмек. Акыл күндө тамак жасоо, кир жуу, үй жыйноо дегендерден кутулуп жатканына эле жетине албай турган. Башында баары жакшыдай эле болуп жүрдү, таң атпай балдары каралган, курсактары ток. Кубанып жумушка кетип калат. Кыйраткан жумуш деле жок, дунгандардын сабизине иштейт. Элдер сегиз сааттан иштесе Акыл он үч саат иштеп көбүрөөк акча кылып кетет. Ананчы үч эркек бала, аялы, аялынын кызын багыш керек да. Курсактарын тойгузса кийимдери жыртылат. Акыл артты карап ыйлап алат, Акылдын кабар алчу деле тууганы жок. Үйдүн чоң эркеги, ата-энеси каза болуп калган. Бир иниси, үч карындашы бар. Акыл кайра бир туугандарына жардам бере албаганына кайгырып жүрөт. Ошонун артынан барыш-келишти да азайтып жиберген уялып. Туугандары деле өзү менен өзү экенине эле сүйүнүп тийишпейт. Гүкү тогуз айда кыз төрөп берди, мына ошондон баштап үйдө тынчтык жок. Сенин балдарың менин кызым кошулуп биздин кызды карабайт деп уруш чыгарат. Боюнда барда дагы аздан ичип жүргөн, Акылдын кой дегенин тоготкон жок. Акыл төрөгөндөн кийин сүйлөшөм деп жүрүп сүйлөшө алган жок. Анткени Гүкү жеткен доолу катын, сүйлөп койгонду бакырды, бакырганды урду, урганды өлтүрдү деп чыгат. Акыл ооз ачкан жатканда эле өлүп берем деп ыйлайт, балдар Гукунун жиндилигин көрүп коркушат. Кетирип салайын десе кетпей койгон, ушул көчөдө эле үч бир тууганы жашайт. Үйдөн катуу мык кагылса эле жетип келишет, бир жолу ошо кет, ажырашалы дегенде милицияга урду деп арыз жазып ит кылган. Эмне кылууну билбей, айласыз балдары үчүн жашап калган. Жаңы төрөлгөн кыз үч айлык болгондон баштап эле берки төртөөнө таштап курбулары менен кетип калат. Акыл кечке жумушта, төртөө үч айлык баланы эптей албай өздөрү кошуп ыйлашат. Башында Акыл келерде келип калчу, мас болсо да үй жыйнамыш этип, эптеп даяр камырды чала демдеп тамак берчү. Бара бара бул дагы калды, Акыл келсе үй чачык, кыз ыйлап жаткан болот, беркилер болсо ачка. Айла жок баланы сооротуп, үйдү балдарга жыйнатып, эптеп тамак кылып жешет. Мурунку күндөн да беттер күнгө калды. Мурун үч баласын эле караса азыр аялын, ымыркайды кошуп карайт. Андай күндүн далайы артта калды, билинбей эле уруш талаш менен алты жыл өтүп кетти. Чоң баласы быйыл мектепти аяктайт, Күмүш онунчу классты бүтөт. Берки экөө бешинчи анан алтынчы класста окуйт. Кенже кыз Алия болсо быйыл алты жашта, мектеп босогосун аттаган турат.

Гүкү бир жолу мас болуп жолдо жатып калган экен, аны кошунанын баласы айтып келгенде кол араба менен барып салып келген. Эл көрбөсүн деп үстүнө кийиз жаап алган, алып келип жини келгенден тим койгон. Түнкү үчтө соолугуп алып, арсыз неме кадырына күйүп ызы-чуу салган. Эшикти тепкилеп, ачпай койсо балта менен чапкылап. Акыл чыкса балта менен коркутуп, балдарды өлтүрүп салам деп. Акыл ошондо дагы кечирим сурап араң кутулган. Башына балээ болду да калды. Бир эле шымы бар, аны дагы маркум аялы туулган күнүнө алып берген эле. Аялы тирүү кезинде буларда катыш күчтүү болчу, айылдан чөп, курут, кымыз сатып келишип пайдасына сатчу. Акыл деле убагында төш жагына асынган кара сумкеде толо акча көтөрчү. Аялы кайтыш болгон соң баардык жоктун берекеси учту. Акыл дос-тууган дегенди унутту, айласыз албетте. Курусу жок шымынын топчусу да бүгүн түшүп калды, сыр бербей эки жакты карап туруп чөптү престеген ак жип менен байлап алды. Элдер карап калганда жумушка жарай берет деп койду. Бир гана ошол талаанын ээси Акылдын үйүнөн дагы ушул эле кийими менен келет экенин билет. Дуңган дагы ичи ачыштыбы кечинде өзүнүн эски кийимдерин берди. Дуңган семиз неме, шымдары Акылга чоң болот. Ошого карабастан үйгө келгенде колго оңдоп алды. Аны көргөн Гүкү кийинип жүрөсүң!-деп дагы чыр чыгарды. Жанагы өзүнө окшогон курбулары Акыл келгенде араң үйдөн кетишет. Аялы экөө ак мээнет менен алган үйү арак канага айланып калган. Күмүш баардыгын көрүп турат, апасына эч ким жокто жөн деп айтымыш этет бирок, тиги жеткен алкаш кызын сүйлөтмөк беле. Унчуга албайт, эмне өгөй атасынын тарабын алмак беле. Кантсе да апасы да, эч ким жок жерде ыйлап алат. Баардыгы аз келгенсип Нурлан дагы Күмүштү теңине албай жүрөт. Үчүнчү чейрек аяктап, он күндүк эс алуу бергенде Күмүш өгөй атасына кошулуп иштеп келмей болду. Жалгыз кара шымы менен боз юбкасы бар. Шымынын аласы жукарып, кичине тешилип калыптыр. Юбкасын кийейин десе астына колготки жок. Азыр күн анча ысый элек
колготки кийбей койоюн десе. Анан жакында классташтар тоого эс алып келмей болуп жатышкан. Ансыз да далай жерге барбайт, тоого эмнегедир баргысы келип туруп алды. Кичине иштеп шым, колготки алып калган акчасына тоого барууга кошулайын деген. Апасына алдын ала баарын айтты, Гүкү көңүл бурган жок. Көнгөн сымал болду бирок, акчаны көргөндө кекиртеги култулдап кетет. Жанагы мурун олтурган дүкөн дагы эжесиники, кээде жардам берип турчу. Эже өз жезде жат да баарыбир, ичип алганын көргөндөн кийин дүкөнгө жолотпой койгон. Жанагы шымынын тешиги чоңоюп кеткендиктен артына эски жемпирин байлап алды. Күн ысып кеткенде байкуш аябай кыйналат, аны алып салса жыртыгы көрүнүп калат. Акыл баарын байкап турса да колунан эч нерсе келбейт, акчасы тигинин арагынан анан балдардын курсагынан ашпайт. Акылдын эки баласы да каникул убагында кошо иштеп анча-мынча кийимге акча кылып алышты. Гүкүгө акчаны жеткире койбой, Акыл балдарды базарга алып барып арзан кийимдерди алып берип келди. Өгөй балдары бул жакта турсун, өз кызы Күмүш дагы апасына көрсөтпөй кийимдерин абайлайт. Көрүп калса өзүңөрдү өзүңөр билип калдыңарбы деп дагы катуу уруш болот. Уруш болду дегенче Гүкү балтасын көтөрүп чыгат, Акыл бир жолу балтаны күч менен тартып алган. Гүкү анда дагы жөн калбай Акыл уктап жатканда темир менен бир чапкан. Дагы жакшы ойгоно калып колу менен бетин жабууга жетишип калган. Ошондон кийин Гукунун жиндилигине тенелбес болгон. Итти да кет десең кетет экен, бул аял кетпейт. Өздөрүн кетириши мүмкүн бирок, өзү кетпей калсын. Кошуналар тажап бүттү, бир жолу бирөөсү баатырсынып келди эле чачташып ит кылган да. Эркек аял дебей мушташа берет экен, өзү да донкуйгон неме таяк да жебейт. Байкуш кошунасы Гүкүгө арыз жазып, акыры көчүп кутулду окшойт. Акылда Гукуну чыгарууга акча жок бир жумадай камерада жатты, акыры байкеси барып чыгарып келген. Бул аялга дабаа жок деп элдер дагы уруш убагында эшике чыкпай олтурушат.

Уландысы бар.

Жашоодо да мындай аялдар болобу!-деп таң калышыбыз мүмкүн ээ. Болот экен, өз көзүм менен көрдүм. Тообо кылдым.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE