Пример HTML-страницы

Колдон учкан махабат❤️ 20 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=4967&preview=true Кызыктуу окуялар.

Колдон учкан махабат же Үзүлбөгөн үмүт.
20-болум. ( Аягы)
Кудай эмне кылып койдум? Жаратканга жакпаган иш болду, баламдын көзүнчө чыныгы жүзүм ачылды. Эми балам эч качан унутпайт, өмүр бою мени жек көрүп өтөт. Эч кимим калган жок, сиңдим эми эч качан кайтып келбейт. Апам кечирбейт, экинчи жолу апама чыккынчылык кылып ишеничин тебелеп кеттим. Баарына азап алып келем, балким баарын жайына коюп булардын жашоосунан чыгып кетсем туура болоттур. Балама кантип түшүндүрөм? Эмне дейм? Ансыз деле күмөн санап жүргөн Эрмек бала өзүнүкү экенин эми эки дүйнөдө мойнуна албайт.
— Балам, келчи сүйлөшөлү. Кече эмне болгонун өз көзүң менен көрдүң балам. Чоңдор кээде адашат, ойлонбой иш кылат. Көп катачылык кетирет, кичинекей балдар ал чоңдордун күнөөсү үчүн азап тартпашы керек. Сен апаңа таарынган жоксуңбу? Кечиресинби? Балам, эгер мени азыр күнөөлөп жек көрсөң баарын түшүнөм. Кааласаң жашооңдон чыгып кетем, менден уяла турган болсоң атаң менен калсаң болот. Баарын чоңойгондо түшүнүп аласың, ошондо өзүң чечим чыгарып, мени менен бала эне катары мамилени улантасынбы же катташпай койосунбу өзүң чечесин. Сени ал үчүн эч ким уруша албайт, ал сенин чечимин. Азыр бар дагы эртеңкиге чейин жакшылап ойлон, чечим чыгар. Эгер мени кечире алсаң жашообуз мурункудай улана берет, эми сени кыйнабайм. Экөөбүз гана жашайбыз, эч кимге байланбай алыстарга саякаттайбыз. Өзүбүз үчүн гана жашайбыз, сенин каалаганын болот.
— Апа, эмнени ойлоном? Сен апасын, сеники ар дайым туура. Чоңдордун мамилесин түшүнбөй койдум апа, сизден алыс жашагым келбейт. Атам болсо ансыз да мени балам дебейт, атам биздин жашообузда кээде гана пайда болот. Ар дайым бизди таштап кетет, атам келип кеткенден кийин сиз капаланасыз. Мен аны каалабайм, эгер атам мени баласы катары кабыл кылбаса анда мага дагы андай атанын кереги жок. Сизди туура же туура эмес кылдың деп айыптоого менин эч кандай акым жок.
— Балам, алакандай башыңа ушунча акыл кайдан батат? Бирок, сен адашып жатасың. Ата деген ыйык, ата баладан кече алат, бала атадан эч качан кече албайт. Эмне болсо дагы ал сенин атаң. Эртеби кечпи баарыбыз өзүбүздүн кылган иштерибиз үчүн жазаланыбыз. Кимдики туура, кимдики туура эмес кудай өзү таразалайт. Сен мени түшүнгөнүн үчүн рахмат, жалгыз калдым деп бекер айтып жүргөн экенмин, көрсө менин коргоочум чоңоюп калган турбайбы. Мен сени жакшы көрөм, сага болгон сүйүүм түбөлүк балам.
— Апа, чын эле мени атам таштап кеткен жаттың беле?
— Өзүмдү сага тарбия берүүгө татыксыз сездим балам, сенин келечегиңе балта чаап албайын деп басып кетүүнү эп көрдүм.
— Апа, сен мени таштап кетсең мен жалгыз кантет элем. Таштабачы.
— Апаң сенден айлансын, апаң сага садага болсун балам. Атасыз өскөн кыйын экенин жакшы билем, балам сен эч качан мен көргөн күндү көрбөйсүң. Мен ал нерсеге жол бербейм, сенин апаң менин апамдан жакшы.
— Тайэнемди алып келесиңби?
— Жок балам, эми мен сен үчүн гана жашайм.
Кучакташкан эне бала көпкө ыйлап, сырдашып олтуруп анан уйкуга кетти. Жашоо күндөгүдөй эле уланып, Күмүштүн мээси бир топ тынчып калды үйдө ызы чуу жок. Апасына калган буюмдарды жеткирип берди, Гуля Күмүш тарапты бурулуп карабай койду. Акырын коштошуп кеткен. Алияны болсо башка жака иштегени кеткен деп уккан, Кыял аркылуу Эрмектин ооруканадан алиге чейин чыга электигин билди. Баарына кол шилтеп өзү үчүн жашайм деп чечти. Бир айга жетпеген убакыт өтүп, Күмүш баласы экөө бир жака эс алып келүүгө даярданып жатышкан. Эшик кагылып калды. Ким болду экен деген ой эч эле бирөөнү жооп катары таап бере албады.
— Ким бул? Жооп болгон жок.. Балам, бар эшикти карачы ким келиптир?
— Апа, атам келиптир? Киргизейинби?
— Ооба балам, атаңды кантип киргизбейт элек ач эшикти. Чоң апамдар дагы турат. Ошол маалда Күмүштүн көзүнө баягы окуя чыгылды. Акыл өлүп калганда, туугандары келип, ызы чуу болуп, элдер үйдөн кууп чыкканы.
— Эмне керек силерге? Эшикти ачпайм, эгер балама зыян келчү болсо силерди аябайм. Милиция чакырам, кеткиле.
— Күмүш, тамашаны коюп эшикти ач. Мен өз үйүмө, өз үй-бүлөмө келдим.
— Күмүш, Эрмек сага ооруган убакта керек эмес болуп калат экен да э? Бир жолу акыбалын сурап койсоң эмне болот? Апаңды карылар үйүнө алып барганың туура болуптур, эстечи ал сага кандай азап берди эле. Үйдө бир сыркоолу жетиштүү болот, биз сени түшүнүүгө аракеттенип кечирдик. Эрмекти сенден ажырата албайт экениме көзүм жетти, эми силерге аралашпайм. Тынч жашасаң болгону, кошуналарга уят ач эшикти.
Эшикти ачса Эрмек, кайненеси, кайнатасы туруптур. Эч нерсе айткан эмес окшойт. Колдорунда жүк дагы бар экен, үйгө киргизди. Кимисинен эмне сөз чыгат дегендей этияттап чай коюп жүрдү. Эрмек башкача негедир, күлүп, тамаша айтып, куунак олтурат. Бул эмне ооруканада жатып баарын унутуп калганбы деген ой келет.
— Апа, атамды эми келбейт дедиң эле го?
— Балам, чоңдор сүйлөшүп жатат, бар бөлмөгө кирип укта, сабак кыл.
— Эмне уруш болдубу үйдө? Күмүш, Эрмекке жинденген такыр болбойт экен, эми урушпай жашагылачы. Же айылга биздин колубузга барсаңар кантет, баарыбыз чогу жашайбыз.
— Жок апа биз ушул өзүбүздүн үйгө көнүп калганбыз. Силер конок болуп келип тургула.
Андан ары маанисиз сөздөр уланып, кечке жуук айылга кетишти. Өздөрү жалгыз калды.
— Эмне кечирдинби?
— Менин эркектик намысым эчак калган эмес, кайсы арыма кечирбейт элем.
— Кандай жашоо болот мындан ары? Мен эми сени менен жашай албайм, кеткениң оң болот.
— Мен ошону каалайм, биринчи кеткенде туура кылган экенмин. Баарын билип туруп кайтып келген өзүмө сооп болот. Акыры кармалдыңбы уятсыз.
— Мурун бизде байланыш жок болчу, баягы күнү капыстан болуп калды. Мас болуп калдым, сага өчөшүп, калганын билбейм.
— Айрымасы эмне? Баарыбир ала жипти аттадын, эми сага азап гана берем. Менден кутулбайсын, сотко берем. Баламды тартып алам, сенин башка төрөй албай калганыңды жакшы билем. Жалгыз балаңды, үйдү тартып алам эмне кылаар экенсиң.
— Эрмек, экөөбүз биринчи үйлөнгөндө баары башкача эле го. Сен мени жакшы көрчү элең, дайыма аяр мамиле жасачу элең. Мен ошого көнүп калыптырмын, мени таштап кеттиң. Азыркы болуп жаткандын баарына өзүң себепчи экениңди билесиңби? Баланы эч качан энеден айрыбайт сот. Үй өзүңө буйрусун, азыр башымды эле алып чыгып кетем.
— Өзүң билесиң, босогодон аттагандан кийин баары кеч болот. Мен өзүмө өзүм кол салам, сен дагы энеңдин кейпин кийесин. Билип кой, аны менен кутулам десен катуу адашып жатасың. Өлгөндөн кийин дагы сага тынчтык бербейм. Күндүзү астындан, түнү түшүңдөн кубалайм. Жашоомду эч нерсеге татыбас кылып тебеледин Күмүш. Сага болгон сүйүүм үчүн ушундай жазалансам, сенин күнөөң канчалык оор экенин элестете албайм. Кана сени кармабайм, төрт тарабың кыбыла.
— Жаман эркек өлөм деп коркутат.
— Жаман аял жакшы эрди жок кылат.
Эшик жабылды, артты карап олтурган Эрмек аялын кетти деп ойлоду. Айткан сөзүнөн кайтмак эмес, арабасын аста кылдыратып ашкана тарапка бет алды. Ошондо эшикке чыкчу эшик ачылбаганын көрдү. Эрмекти кыя албай бугун чыгарууга жуунуучу бөлмөгө кириптир. Күмүш үчүн эч кандай баалуулугу жоктой сезчү өзүн. Азыр аз да болсо өзүн керектүү сезип, ыйлап кирди. Күтүп олтура берди, Күмүш чыкканда акырын барып кучактап алды. Күмүш дагы Эрмекке ыктап олтура калып кучактады. Үй-бүлө эми табышты окшойт, эми бирин-бири кечирип кабыл алышты.
— Күмүш, мен сени кечирем. Сен дагы мени кечир. Ошондо сенден бир ооз тактап сурабай жалгыз таштап кеткениме. Мен үчүн апаңды карылар үйүнө берүүгө мажбур болгон үчүн. Мен үчүн балам ата тарбиясын кошуп берип, мен үчүн жалгыз багып жатканыңа кечир. Кадырына жетем деп алып сөзүмө тура албаганым үчүн, күн сайын көзүңдөн жаш токтобой акканы үчүн кечир. Ак сүйүүңө жетүүгө жардам бербей, ыңгайлуу абалды пайдаланып жула качканым үчүн. Сага болгон сүйүүм үчүн мени кечирчи.
— Кечирим сураба Эрмек, мен акмакмын. Сендей адамды барктай албай арам ой болдум, арам жол бастым. Сени дайыма басынтып адам ордуна койбой жүрдүм. Сендей мени эч ким сүйгөн эмес, сендей мага эч күйгөн эмес. Учурган убакытты кайтара албасак дагы, кел азыртан бактылуу болуп баштайлы. Бизге баары суктанышсын, мен сени сүйүү көз менен карайын. Ызгаар сууктан сенин койнунда сактанайын. Кор кылбайм, сага жасалма бут салдырып берем. Мурунку акыбалга келип, толук кандуу адамдын жашоосун улантасын.
— Сен мени таштаба, мени азапка салып, тирүүлөй кызганыч отуна жакпа Күмүш.
Эрмек менен Күмүш жаңы үйлөнгөн жубайлардай бактылуу өмүр сүрүп баштады. Бирок, адамдын өзүнө болгон сүйүүсү күчтүүлүк кылып Эрмек Күмүштөн көп өтпөй терс бурулду. Бир үйдө, бир бөлмөдө жашаганы менен бөтөн бирөөлөр. Мындай жашоо жыл артынан жылдар улана берди, Эрмек бул үйдө үнсүз эстеликке айланды. Күмүш канчалык аракет кылбасын көңүлүн жылыта алган жок. Сыртынан кооз, ичи тоңгон муз бул үйдө айтылбаган толтура сыр жатты. Күмүш өмүрүндө жалгыз Эрмекти сүйгөнүн түшүнүп жетти, Нурлан бул жөн гана кызыктуу оюнчук сымал. Оюнчука жеткиче кызык болот, жеткен соң бир ойноп кызыгы тарайт. Нурлан деген ысым жашоосунда болбогондой унутуп кеткен. Баары кеч эле, тоңгон жүрөк ээриген жок. Баарыбир үмүтү үзүлбөй Эрмектин карегинен айланып келет. Колдон учкан махабат, же үзүлбөгөн үмүттөр.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE