Пример HTML-страницы

Кочкор-Атада мүмкүнчүлүгү чектелген 12 бала кол өнөрчүлүктү үйрөндү. Алар эмгектерин көргөзмөгө койду

Акыркы жанылыктар

TurmushНоокен районуна караштуу Кочкор-Ата шаарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын эмгектеринин көргөзмөсү болду.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, иш-чарага район, шаар жетекчилиги, мекеме-ишканалардын башчылары жана шаар тургундары катышты.

«Өлкөдө «Жаштарга жана балдарга ыңгайлуу шаар» долбоору жүрүп жатат. Анын алкагында Кочкор-Ата шаарында «Биз биргебиз» аталышындагы кампания баштап, ага аярлуу катмардагы балдарды тартканбыз. Негизги максаты бул катмардагы балдарды коомчулук менен аралаштыруу, алар да коомдун бир бөлүгү экенин билдирүү болду. Саамалыктын арты менен калаадагы ден соолугунан майыптыгы бар 12 баланы алып, аларга кол өнөрчүлүктү үрөтүүчү атайын окууларды уюштурдук. Көргөзмөдө балдардын колунан жасалган буюм-тайымдар сатыкка коюлду», — деди шаар мэри Алтынбек Жумаев.

Кочкор-Ата шаарында 4 мамлекеттик мектеп, 1 кесиптик лицей жана 1 колледж бар. Шаарда 18 миң 100дөн ашык калк жашаса, анын 31%ын жаштар түзөт.

Ал эми Ноокен районунда ден соолуганан мүмкүнчүлүгү чектелген 6000ден ашык адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE