Пример HTML-страницы

Караколдун тургуну туристтик-экологиялык милицияга суу кайыгын белек кылды

Акыркы жанылыктар

TurmushКаракол шаарынын тургуну Элдияр Алакунов ыйык Орозо айында Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясына суу катерин белек кылды.

Анын айтымында, жаңы туристтик-экологиялык милициясы түзүлгөндөн баштап, аталган кызматтын кызматкерлери Ысык-Көлдө браконьерликке каршы күрөшүү боюнча көп иштерди аткарышты. Буга байланыштуу милицияга сууда жүрүүчү катерин белеке берүүнү чечкен жана анын белеги, бул багыттагы ишти күчөтүүгө мүмкүнчүлүк берерине ишенет.

Өз кезегинде облустук милициянын башчысы Орунбай Кочкоров демөөрчүгө ишеним көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, милиция жарандардын укугун жана эркиндигин коргоо боюнча коюлган милдеттерди аткарууга бардык күч-аракетин жумшап жатат деп ишендирди. Ал кошумчалагандай, алынган суу кайыгы милицияга браконьерликке каршы күрөшүүдө гана эмес, жайкы туристтик сезондо туристтер менен эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылууда да жардам берет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE