Пример HTML-страницы

Кара-Көлдө бир үй-бүлөдөгү 4 адам кызамык жуктурду

Акыркы жанылыктар

TurmushЖаңы жылдын башталышы менен Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында бир үй-бүлөдөн 4 адам кызамык оорусуна чалдыгып, дарыланып жатат.

Кара-Көл шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмү тастыктаган маалымат боюнча, 2024-жылдын 2-январынан баштап бүгүнкү күнгө чейин кызамык менен 6 адам каттоодо турат. Анын экөө шаардык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүндө дарыланууда.

Өткөн жылы кызамык менен 3 аял киши, 1 жашка чейинки эки бала, 1 жаштан 4 жашка чейинки эки бала, 5 жаштан 9 жашка чейинки бир бала, 20 жаштан 29 жашка чейинки бир жаран катталган. Ал эми 30-декабрда кош бойлуу келин ооруп, каттого алынган. Анын дене табы көтөрүлүп, денесине кызамык чыккандан кийин төрөгөн.

«Кызамык менен ооругандардын басымдуу бөлүгү мурда пландык эмдөө албай баш тарткандар жана баланын ден соолугуна байланыштуу дарыгер тарабынан эмдөөсү кийинки мөөнөткө жылдырылып жүргөндөр. Мисалы, быйыл 2-январдан баштап кызамык каттала баштады. Бир үй-бүлөдөн төртөө ооруп жатат. Алар Бишкекке барып, сасык тумоо менен ооруп, борбордогу клиникалардын биринде 3 күн жатып, дарыланып чыгышкан. Ал жактан келген соң (Кара-Көлгө) 1 жумадан кийин ооруп баштаган», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE