Пример HTML-страницы

Кадамжай районунда 14 миңден ашуун турак жай мыйзамсыз курулган

Акыркы жанылыктар

TurmushКадамжай районунда 14 миңден ашуун турак жай мыйзамсыз курулган. Бул тууралуу акимдин орун басары Баатырбек Коргонбаев билдирди.

Анын айтымында, мыйзамсыз курулган турак үйлөрдүн ээлеген аянты 3890 гектар жерди түзөт.

«2021-жылдын декабрь айында тактаганыбызда жалпы Кадамжай району боюнча 14400дөн ашык турак жай мыйзамсыз курулган. Бул маселе боюнча атайын түзүлгөн комиссия жер-жерлерге чыгып, өлкө башчысынын указдарына ылайык, мыйзам чегинде документ алуучу үйлөргө тактоо жүргүзүп жатабыз. Учурда Кыргыз-Кыштак айыл аймагынын Умай-Эне участкасындабыз. Албетте курулуш курууга мүмкүн болбогон айрым жерлерге чектөөлөр бар экенин, мындан ары мыйзамсыз курулуш жүргүзбөөнү эскертип жатабыз», — деди ал.

Ошону менен бирге мыйзамсыз салынган турак-жайларга документ берүү иштери эртерээк аяктаса тургундарды базага киргизүү жана башка иш кагаздарындагы көйгөйлөр чечилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE