КҮҮГҮМДӨГҮ КӨЛӨКӨ (12-бөлүм.)
Алыбекке көз көрсөтүп келээри менен жолго чыкты,Жийде.Шаарга жетээри менен,үйүн мыйзамдаштырып,энеси менен кыздарынын бөлмөсүнө керектүү эмеректерди сатып алып,кубанычынын чексиздигинде сүңгүп,бардык ийгилигиме,бардык кубанычыма тилектеш,аркалаш,моюндаш болгон асыл апамдын өмүрүн бер деп тилеп,айылына келип,көчүрүп кетмекчи болду эле:-Окуу жылы бүтсүн,балдардын энесин чакырып,табыштайын,Болгонбайды табалы,атаңа,агаңа куран окуталы,турган эле жерден кетип калсам,атаң таарынбайбы деген Чырак кемпирдин жүйөөлүү сөзүнө көнгөн,Жийдеш,айылдагы үйүн бир сыйра оңдоп түзөп коюуну чечти.Кыздары да,тыпылдап кол арага жарап,жеңилин да,оорун да колдон жулуп,атанын үйүн агартышып,Чырак биринчи эле такси менен,коңшу айылдагы кудасы Калыгулдукуна кетти,келининин жайын билип,балдарын өткөрүп,энчилерин
алышсын деген сөзү кудасына майдай жагып,Чыракты коноктоп,жолго салды.Эртеси эле машина айдатып,баштыгын көтөрүп келген куда-кудагыйынын кебетесин көрүп,неберелер кандай деп,бир сурап келбей,мал жанын бөлүп берейин десе,таң заардан келе калгандарына,дүнүйө жолдон чыгарат,балдарыма үй кылып берсе болду деген ниет менен,Эркаалыны чакыртты.Балдардын малын бер,кичине бала деди эле:-Жеңе,анын баары бул кичинекей машинеге батпайт деди Эркаалы,андан көрө,кыр ашып,айдап эле барып бермекмин
балдар менен дегенде,кудасынын көзү чанагынан чыга жаздап:-Куда
гый,деги канча мал бересиз деп,аптыгып алды.Келин менен балдар кыйналбай жашасын,район
дун борборунан бир иреттүү там алгандай мал берем деген,Чырак кемпирдин сөзүн уккан Калыгул ичинен,»катын болбосоң,коё кал,өлгөн бала эмес,тирүүсүнүкүн чуктай албай жатам» деп ойлоп кетти.Эртеси эле,эки баланы жолдош кылып,жеңеси бөлүп берген малды айдап,таң сүрө бел ашып,Калыгулдун кызына төрт түлүк айдап келгенсип,эбактан бери корголу жок короону малга
толтурган Эркаалыны абдан конок
кылган Калыгулдуку,үстүнө кербен
чапан жаап,эки көздүү кендир куржунга кудагыйга деп,мыкты чапан,жоолук,таттуусун салып узатышты.
Чырак кемпирдин ойлогонунун баары ордунан чыгып,кудайга ыраазы,бир гана санаасы Болгонбайда.Анын талаада жүргөнүнөн,өлүп калганынан да коркпойт.Бул акмак бир тууганынын кыздарына кол салгандан кайра тартпады,дагы бирөөнү сыздатып,баласын кордобосо экен,таза ата-тегине наалат,зак кетирбесе экен деп,тилеп,жүрдү.Болгонбай арак ичпесе андан мыкты киши жок.Кара курсактын айынан өзүнө окшогон бөтөлкөлөш өнөгү менен
«эмгек биржасына» барып,түш оогончо турушту.Жумушчу издеген-
дер да,бул экөөнү карап койгон жери жок.Көпчүлүгү жумуш таап,
бир аз киши калган эле,кырктан ашкан,турмуштун каарынын жүдөт-
көнү сулуу жүзүнөн даана көрүнгөн,
чарчаган аял сыйда басып келди да,»печка көөлөп,мор оңдотот элем,
жакшы обед,биртике тыйын берейин»деди эле,карды кайрылып
турган экөө шар эле макул болушту.
Темир жолдун жээгиндеги кичине-
кей кулайын деп калган жер тамга
келгенде:-Акелер,үйүм ушул,жерине
карап,сатып алып,эмгиче там сала
албай жатам,кыздарым чоңойсо,
Россияга барып,бир эки жыл иште-
сем эле,бүтүрөт элем деп,ыйман-
дай сырын төккөн келин,дароо дас-
торкон жайып,экөөнүн курсагын тойгузду да,эмне иш жасоо керекти
гин көрсөттү.Болгонбайдын чынын
да колу алтын эле,заматта чекчей-
те жасаган экөөнү алкаган келин
экөөнө беш жүз сомдон берди эле,
Болгонбай бир беш жүздүктү кайра
берди да,ушул жетет деди.Бир бош
болгонуңуздарда тамдын крыша-
сын арзаныраак жаап берсеңиздер
жакшы болот эле,ага чейин акча
таап коём деген келинге,эмки жумада келебиз деген боюнча убада берип кетишти.Кийинки жумада Болгонбай өзү эле келди,
«акчам болбой жатат,аке»деди ке-
лин:-Мен жасай берейин,бары бир
бересиң да,күн жылууда жаап таш-
тайын деген Болгонбай,үйдүн үстүн
чыйырчыктын үйүндөй гана кылып
жапты,иш учурунда ичкенин да коюп,жашоодон кандайдыр бир жылуулукту күтүп,ырахат сезген-
дей,Таазим менен илгертен чогуу
жашагандай,кыздарына да кылдат
мамиле жасап,эски мончодо кетпей калган күндөрү жатып да,
калчу болду.Нечен жылдан берки
чыгарылбаган таштандыларды,ка-
лың өсүп,жапайы болуп,суу көрбөгөн малинанын ордун тазала-
ганда,Таазимдин алган жери алтынга тете болуп,ыраазычылыгынан Болгонбайды алкаганын сөз менен
жеткире ала турган эмесмин.
«Болгонбай колукту алып келиптир,урунуп беринип жүрүп,акыры кудай да,ага боор ооруса керек,тотугуп эле калган неме экен,эки чоңоюп калган кызым бар,жолдошум каза болгон,шаарда үйүм бар,жумушум бар»дейт.Чын эле,баягы жапайы аюудай болгон Болгонбай жок,кебетеси кетип,эски өпкө кабынын этеги эки жакка кетип,курсагын майкеси жаппай бөлтөйүп,кызыл эти көрүнүп,арак сасып эле,сөзүнүн баш аягы жок,басып жүрчү эле,зыңкыйта кийгизип,ээрчитип эр кылып алыптыр.Багы ачылсын байкуштун,Болгонбай башынан кишидей болгондо,Чырак мындан да,кырдуу болмок.Өлүм өксүткөнү аз келгенсип,тирүү туруп,өлүктөй бары жогу бир тең болгон Болгонбайдын
азабын билгизбей тарткан Чырак,кыйындыгынан баарын көкүрөгүнө батырып,көк түтүнүн көмөкөйүнөн көргөзбөй чыгарып,эмне күн,эмне түн кечирип жатканы,бир өзүнө,бир кудайга эле белгилүү да.Дагы көкүрөгү ылдыйлап калганда,өз көзү менен көрүп калганы жакшы болбодубу,Жийдеши үйлүү болду,жесир келиндин ыраазычылыгын алды,эми Болгонбайы чоң жолдон оң жолго түшкөнү Чыракты көрдөн төргө сүйрөбөйбү дешип,колтуктарына аласа бересенин ак жоолук,көк жоолугун кыстара,Таазимдин чекесинен өөп,башына салганы салып,кырк бырыш жалтырак баш-
тыктан чыгарбаганы,колуна карматышып,кеч берсе да,кудайым
унутпасын дешип,Таазимдин кийимин көз караштары менен сый
рып караша,самоордун чайынан
катыра ичишип,бак-таалай тилеп
кетип жатышты.
Таазимди көргөндө эле,ичине
ысык илеп пайда болуп,Чырак бул
аялдан кандайдыр бир ырайымдуу
лукту,жөнөкөйлүктү,аялдык бакыт-
ты эңсегендигин сезип,ичинен эне-
синдей аяп,бак тилеп турду.»Чоңо-
юп калган эки кызым да,Болгон-
байга көнүп калды»дегенде,жылан
денесинде сойлогондой,»менин ити
ме бакыт тоголонуп келип,алака-
нына топ деп эле түшүптүр.Эми,
ушул бакытын кармап калса болго-
ну.Итим иттигин карматып,эски чапанын жамынса,өзүн тирүүлөй
көмүп,бирөөнүн убалына калат деп,
убайым жеп,уулунун ар бир кыймы-
лына саресеп салып,өмүрү көрбө-
гөн Таазимдин эки кызын аяп да,
коруп да,коркуп да,жаман ойлорду
ойлоп алганы үчүн,өзүн өзү жектеп
жатты.
(Уландысы бар.)











