Пример HTML-страницы

ЭНЕНИН КӨЗ ЖАШЫ.

https://kyrgyzcha.site/?p=39817&preview=true Кызыктуу окуялар.

ЭНЕНИН КӨЗ ЖАШЫ 

 

Абышка кемпир алган пенсиясына кичине эт алып келишип, коломтодогу казанга асып, тезек калап, кечке ошо тамактын деми менен иштешишти

Күүгүм кирип кечке чарчаган абышка кемпир маңдай терин аарчышып, бышкан этти жээрде баласы темтеңдеп кирип келди

Баласынын жардам бербей кечке көчө таптап жүргөнүнө нааразы болгон атасы

-Ээй, акылы кем! Бүгүн да ичип келдиңби?

Качан, деги киши болосуң, айтчы мага!?

— Эмне?! Мен эле ашык көрүнүп калдымбы? Мен жашмын, тели-тентуш бар,

басам- турам дегендей

-Мени аябасаң да карыган энеңди аябайсыңбы! Керээлден кечке чым ташып берип чарчады. мен болсом ит киргис кылып чымды тиздим.

 

— Оиий! Пай, пай! Укмуш! Чымдарды кыйын тизипсиз, тим эле чычкандын мурду киргис кылып, ха-ха!

Бышкан этти кичине чарага салып келген энеси чыр чыгып кетпесин деп, жакшы эле күйпүлүктөгөнүнө карабай, мас баласы менен атасы алыша кетишти

Карыган, кечке тер жыттанып чарчаган атасын көтөрүп чабары менен жерде жаткан балкага жамбаш сөөгү тийгенде атасынын жамбашы сынып кетти

— Оо, кокуй! Кыйратты!!!

…узабай калгыр!- деп атасы каргап жиберди

Карыганы курусун, көп убакыт ооруканада жатты. Улам операция, уколдорду көтөрө албай дарманы кетти

Кыйналгандан көзү чүңурөйүп, сөөктөн эт качып арыктап кетти

Бир күнү маршруткага салып баласы күнөлүүдөй башын жерге салымыш этип,

ооруканадан чыгарып келатты

кошуна, айыл-апа, баарысы жалооруй карап туруп калышты. Ошо маалда, тим эле атасы сүйүнүп алыптыр, балдакты кош колтугуна таянып, кайраттуу, сыр бербей анан кантсин! Улуу Ата Мекендик согуштан аман кайткандай жылмая карап, алик алып күүлү күчтүү. Чындап эле, Улуу Ата Мекендик согуштан кайткан баатыр дейин десең, төшүндө жаркылдаган ордендери гана жок да.

 

колтуктан жөлөп-таяган баласы

калп эле жылмайымыш эткени менен ичинде котур ташы кайнап, ыззырынып, жүзүндө кара чаар жыландай ыраңы курусун!

Түлөө кылып кошуналар тарары менен кайра уруш-чатак. Эртеси, боз үй тигилип өкүрүк чыгып калды

Эмне болду? деп сураштырып отуруп

кылмыш иш кырк жылда да билинет эмеспи.

Чала мас баласы түртүп ийсе абышканын чыкыйы печканын темирлүү кырына тийип бей ажал болуптур.

 

Көп узабай, жалгыз калган кемпирге да баякы ажал бычагын кайрап жаткандай коркунучтуу күндөр болуп турду

Пенсия алган күнү кемпирдин жанын койбой акчасын кагып кетет, бербесе ур-тепкиге алганы алган

Атасын өлтүргөн моло мени да олтурбөсун деп, кеч киргенде кемпир дайыма жашынып жаны

калат. Курган кемпир

бүгүн негедир жашына албай калды. Ажалы жеткенби?…

Ноябрдын суук түнундө мас келген уулунан качкан эне муздак мончого жашынды

Апжип достору менен келген баласы көпкө отурушуп сайрандашты

Жалгыз келсе бат эле уктап калып, кемпир

үшүбөй калат беле?

Кемпир, калчылдап үшүп бактысыз карылыгына кейип ыйлап жатты

Эненин көз жашы тим эле…ботосун жутуп алган ингендикиндей агып жатты

 

Ошо муздак, ноябрдын суук түнү энесин алып жутту

 

Ата-энесиз күндөр өтүп жатты

Короосунун түптөрүнө чычкан мурду киргис кылып чымды тизген атасы жок

Пенсия тийсе, жүз аарчысына каткан,

тамак-аш алып дасторкон жайнаткан энеси жок.

Энесинин пенсиясын чогуу түгөтүшкөн, сайран курган достору да жок

Үйүндөгү ырыстуунун баарын, чыныларына чейин болор-болбоско сатып да бүттү

Ачка түндөр өтүп-өтпөй, таң да атпай калган мезгил келди

Январдын суук түнүндө кудум эле энеси эски мончодо тоңуп өлгөндөй, үч бүктөлүп өлүп жаткан,ата-энесинин каргышы тийген апжипти кошуналары көрүшүп, жакынкы, алыскы туугандарын чакырышып аны да ата-энесинин жанына көмүп келишти…

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE