Пример HTML-страницы

Эмне үчүн жаңы төрөлгөн ымыркайдын бир туугандарына алгач анын бутун көрсөтүшөт?

Акыркы жанылыктар

TurmushАйрым үй-бүлөлөрдө жаңы төрөлгөн ымыркайдын бир туугандарына алгач анын бутун көрсөтүшөт. Эмне үчүн бул ырым колдонулат? Бул суроого Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын 72 жаштагы тургуну, журналист Разия Кошматова жооп берди.

Анын айтымында, бул илгертеден колдонулуп келе жаткан ырымдардын бири.

«Ушул күнгө чейин келип жетти. Дагы эле эл арасында айтылып, аткарылып келет. Азыркы жаштар ырымдын маани-маңызын толук билбесе керек. Бирок билгендер да бар. Ымыркай төрөлүп, үйүнө келгенде андан биринчи төрөлгөн бир туугандарына алгач анын бутун көрсөтүшөт. Ошентсе жаңы бөбөгүнө мээрими түшүп, ата-энесин андан кызганбай калат.

Биз кичинебизде жаңы төрөлгөн ымыркайды үйүнө алып келгенде, үйдөгү андан биринчи төрөлгөн жаш баланы жетелеп келип, «Жүрү, алдей көрөсүңбү?» деп бутун көрсөтүп коюшчу. Себеби ата-энемди менден тартып алды деп кызганып, жек көрбөсүн деген ырым экен. Бутун көрсөтсө, жаңы төрөлгөн бөбөгүнө мээрими түшүп, жакшы көрүп калары айтылат», — деди Кошматова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE