БАКЫТ АЛЫП КЕЛБЕГЕН БАЙЛЫК 2-БӨЛҮМҮ..

АРМАНДУУ СУЙУУ!! Кызыктуу окуялар.

БАКЫТ АЛЫП КЕЛБЕГЕН БАЙЛЫК      2-БӨЛҮМҮ..

Эрте менен жумушка келе жаткан Азиз баягы жолдон өттү. Кыязы түн жарымда өзүнөн соң башка бирөөлөр келген окшойт. Оодарылган унаа жок, жол таза. Дароо мээсине » ал тирүү эмес бекен?» — деген ой кылт этери менен жүрөгүн коркунуч каптады. Тирүү болгон эле болсо иштин бүткөнү ошол. Мунун жүзүн эстеп калган да, даана көрдү го? «Бекер кылыптырмын! Мени таанып калып, айтып салса, кызмат абалынан пайдаланган деп соттолуп кетем» . Бул ойду ойлоору менен бүткөн денеси кайра калчылдап кетти. Ушул убакта түндөсү жасаган ишине өкүнүп кетти. Кыйсыпыр түшкөн ойлору менен алпурушуп олтуруп жумушуна да кандай жетип келгенин билбей калыптыр. Унаасын токтотуп өзү болсо түшпөй көпкө олтурду. Ичкериге киргенден коркуп турду. Бир убакта болгон күчүн жыйнап ишканасына кирди. Баары мурункудай эле өз жумуштары менен алек. «Өөөх!» — деп алды ичинде. Жүрөгү бир аз ылдыйлап өзүнө келе түшкөндөй. Иш бөлмөсүнө өтүп кагаздары менен алек болуп кетти. Бирок ою дагы эле кечээги түнкү каргашада.

—Азиз байке жаңы иш түшкөн түнү, — деди жанындагы шериги

—Жаңы иш? — деп алаңдаган Азиздин жүрөгү катуулап сого баштады

—Ооба түндөсү чоң жолдо акыркы үлгүдөгү жол тандабас оодарылып кетиптир.

—Анан? — деди шашылган Азиз андан аркысын угууга ашыгып

—Анан ошол ичинде аял киши экен, ошол жерден мерт кетиптир.

—Кудайга шүгүр, — деп алды өзүнчө кобуранып

—Эмне? — деди шериги түшүнбөй

—Ыя?

—Сиздин сөздү укпай калдым Азиз байке.

—Жаман иш болуптур дейм

—Аа, ооба айтпаңыз. Айрыкча жаш балага кыйын эле болду.

—Эмне? Кайсы жаш бала? — Азиз чоочуп кетти

—Жол кырсыктагы бала. Жети, сегиз жаштар чамасында. Апасы өлүп, бала тирүү экен.

—Бала жок болчу эле го, — деди Азиз оозу бош.

—Ыя? Эмне дейсиз?

—Бала кайжакта азыр?

—Райондук ооруканада. Эртен борборго которулат болушу керек. Кызыгы ал аял жөнүндө азыр эч кандай маалымат чыкпай жатат. Окуя түн жарымда болгон. Биринчи жолуккан унаа кабар бергенде таңга жакын убакыт экен. Балким бир аз эрте бирөө көргөндө аял тирүү калат беле?

—Балачы? Ал сүйлөбөйт бекен?

—Ал азыр оор абалда. Аялдын жанынан эч кандай документ да табылган жок.

—Унааны экспертизага бердиңерби?

—Жоок, эмне кереги бар? — деди шериги Азизге карап.

—Негизи дегеним.

—Жоок, ал ишти тергөө эч кимге жүктөлө элек. Борбордон тергөөчү топ келет деп жатышат. Ошолор өздөрү изилдейт окшойт. Менимче бул жөн аял эмес Азиз байке, — деди шериги акырын

—Эмнеге? — Азиз андан бетер алайды

—Акыркы үлгүдөгү жол тандабас биз жакта эмне кылып жүрөт эле байке? Жаш бала менен. Анан да тергөөчү топ да борбордон келет. Сизге шектүү эмеспи?

—Жок, менимче бир чоңдун ойношу балким, жаш аялыдыр. Үйдөн качкандыр. Тиги чиновник айыбы ачыла электе өзү тергөөчү топ жиберип ишти басты кылып атса керек.

—Мумкүн, — деди шериги да Азиздин сөзүнө муюп.

Азиздин ойлору ансайын аралашып кетти. «Түндөсү жаш бала жок болчу го? Же мен көрбөй калдымбы? Кызык ал эсинде беле? Балким эсин жоготуп эч нерсени эстей албайттыр? » Азиздин айласы түгөнө баштады. Шериги сыртка чыгып кеткен соң түнкү окуя дагы бир жолу көз алдына тартылды…

Катардагы нөөмөтүн өткөрүп, эртеси да түнгө чейин иштеп кеч чыкты жумушунан. Үйү райондун борборунан бир аз алыс болгондугу үчүн чоң жол менен кетет. Райондон бир канча узап, бөксө адырларды аралап баратканда жолдун четинде бир ыз ылдый тарапка оодарылып турган унааны көрдү. Азиздин унаасы эскилиги үчүн акырын жүрүп баратып көрүп калды. Болбосо жөн өтүп бараткан унааларга көрүнбөйт болчу. Жол кырсыктын катталганына аз эле болгону унаанын түтөп жатканынан билди. Өз унаасын четке токтотуп дароо чуркап барды. Чоң капкара жол тандабас оодарылып жатат. Алдыңкы орундук тараптан аял кишинин ичке колу чыгып жатат. Азиз дароо ылдый боло калды. Тиги кол акырын кыймылдап жатат. «Тирүү!» — деди кубанып. Эми аялды сууруп чыгып жардам бермекчи болгондо аялдын жанында кара дипломат ичиндеги акчасы менен ачылып жатканын көрдү.

Азиздин көздөрү бирде аялды, бирде акчаны карайт. Ушул убакта өзүн кандай шайтан азгырды экен, ою бузула түштү. Аялга сунулган колдору өзүнөн өзү акчаны чогулта баштады. Аял болсо жөн гана көздөрүн жалдыратып Азизди карап жатты. Сүйлөөгө чамасы жок болчу. Белинен ылдый тарабы кыпчылып апакай көйнөгү канга чыланыптыр. Тармал чачтуу, көк көздөрү бакырайган аял. Жолдо эч кандай видео байкоо жок. Азыр акчаны алып кетсе эч ким байкабай калат. Кийинки унаа келгиче бул аял үзүлөт. Азиздин ойлорун ушул кара булут каптап дароо дипломатты кучактап, артына карабай өз унаасына чуркап кетти. Көк көздөрү жашка толуп жардам сураган аялды карабай кетти Азиз.

—Эмне болуптур? Ушунча жыл өмүрүмдү арнап таза иштеп бердим. Эч ким баалаган жок. Билбеди. Же маянамды көтөрүлгөн жок. Мынтир арабага айланган унааны минип жүрөм. Бул аял баары бир өлөт. Мынча акчанын өлүккө эмне кереги бар эле? Мага болсо керек! Үй бүлөөм, балдарым, кызымдын окуусуна… —

Азиз жол катар өзү менен өзү сүйлөшүп бара берди. Көрсө пендени жолдон чыгаруу ушунчалык бат туура. Мынтип алдына бир баштык акча же алтын ыргытсаң баарынан баш тартат туура… Адамгерчиликти, инсандыкты унутуп баарын акчага жөн гана алмаштырып коёт экен го?… Сырттан караган ар бир адам » жок мен болгонумда мындай кылмак эмесмин, акчаны албайт элем» — дешибиз мүмкүн. Бирок мындай акчаларды көргөн адам өзүн өзү билбей калат экен. Ал убакта адамды акыл да, эрк да эмес напси башкарып калат окшобойбу? Напсисине ээ боло алган адам гана туура жол тутпаса көпчүлүк Азиздей эле чечим чыгараары турган кеп.

—Нейланы жердин түбүнөн болсо да табамын!

—Шеф!

—Бас жаагыңды! Мен эмне дегем сага ыя?! Керт башың менен жооп бересиң дедим беле?! Кайсы унаа менен качыптыр?!

— Сиздин кара жол тандабасты минип кеткен.

—Шуркуя! Баланы да кошо ала кеткенин! — деген киши чоң особнякты үч көтөрө баарын урушуп жатты.

—Бүт жакты текшерткиле! Чек ара, аэропорттон бери көзөмөлгө алгыла! Ал шуркуя менин акчамды кошо ала кетти!

—Шеф…

–Жогооол! Тааааап! Издеееее! Колунда паспорту жок, жаш бала менен кайжака качат эле?! Баарынан да биринчи акчаны алгыла, анан экөөнүн тең көзүн тазалап салгыла! — деди алдында баштарын салып шүмүрөйүп турган жигиттерине.

—Шеф, муну караң? — деген бир жигити сырттан планшетти көтөрүп чуркап келди.

—Тоо жактагы райондордо экен. Жол кырсыгы катталыптыр. Аял өлүптүр, бала болсо жандандыруу бөлүмүндө экен. Унаа сиздин унаа, бул так эле Нейла эже.

—Акчачы?! Унаада акча бар бекен?! — деди Хан шашыла

—Унаага текшерүү жүрө элек. Жол кырсык тоо жакта катталганы үчүн жергиликтүү тургундар тарабынан табылган. Биз тергөөчү топту жиберебиз дедик, кетишти жигиттер.

–Тез жөнөгүлө! Ошол кабар берген адамды тапкыла!

Хан бир орунда тура албай тыбырчылап кетти. Ананчы оной эмес акчасына кошуп, не деген сырларын уурдай качты Нейла.

Азиз үйгө барбай биринчи райондук ооруканага келди. Жандандыруу бөлүмүндөгү кече түшкөн бала жөнүндө сурап үстүнө кирди. Узун кирпиктерин бир кыймылдатып жаш бала аппаратка уланып жатат. Маңдайы жарылып, буту менен колу жаракат алыптыр.

—Бул эч нерсени билбейт, — деди өзүнчө. Ушул тапта балага боору ооруп кетти. Асма уколдор коюлуп, аппаратка уланган колун бекем кармап алды. Баланын колу кыймылдады да көздөрү ачылды. Азиздин жүрөгү болк этти. Баланын көздөрү аялдын көзүндөй көк эле. Кудум ошондой жалдырап карап турду. Бир саамга Азиз өзүн жоготуп койду. Тийтилдеген үндөн өзүнө келе түштү да медайымды чакырганы чуркап кетти. Дарыгер менен медайымдар келгенде баланын көздөрү жумулуп кетиптир.

—Баары жакшыбы? — деди Азиз алдынан чыккан дарыгерге

—Комага түштү,- деген дарыгер акырын унчукту

—Борборго которуү керек тезинен, болбосо биздеги аппараттар менен сактап кала албайбыз.

—Качан которулат?

—Тергөөнү күтүп жатышат. Уруксат бериле элек, — деген дарыгерди узата карап кала берди Азиз.

 

 

УЛАНДЫСЫ БАР…

Канча баа бересиз...

Сизге дагы кызыктуу

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️