Пример HTML-страницы

Ат-Башыда уюштурулган жармаңкеде кумшекер 70 сомдон сатылып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushАт-Башы районунда резервдик фонддон келген өсүмдүк майы менен кумшекер арзан баада сатылып жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы уюштурган жармаңкеге келгендердин саны көп. Анда өсүмдүк майы 130 сомдон, кумшекер 70 сомдон сатылып жатат.

Ат-Башы районунун тургуну Гүкү Бердигулова буга чейин бул азыктарды кымбат баада алган.

«Бүгүнкү жармаңкени уюштурган райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкерлерине ыраазычылык билдирип кетем. Буга чейин шекерди 100 сомдон, өсүмдүк майын 160 сомдон алгам. Бүгүн учурдан пайдаланып арзан сатып алып жатабыз», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE