Пример HTML-страницы

Асилбек 16 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=11167&preview=true Кызыктуу окуялар.

Асилбек 16 бөлүм 

Өз мээнетим менен тапкан окурмандарым жана жакын досторум, сиздер мени колдоп, күтүп, бирге ойлонуп кээде урушуп окуп жаткандарыңызга ушунчалык ыраазымын. Жеке жашоомдо бир аз кыйынчылык болуп жатса да эмнегедир сиздердин ар бир жылуу сөздөрүңөрдү окуганда толкунданып, кадимкидей жүрөгүм жылып эч нерсени билбей жатам. Ушунча убакыттан бери мага аябай жакын адамымдай туюлуп калдыңыздар. Кээ бириңер сырыңарды, басып өткөн жолуңарды мага ишенип айтып жатканыңарда өзүмдү эң керектүү адамдай сезем. Бул сезим мага кайгы-капаны түк сездирбей, дайыма бактылуу кылат. Чын дилинен мени жакшы көргөндөр менен жолугушуп, мага болгон жылуу сезимдерин жанынан сезингим келип кетет. Сиздерге бакыт жана узак жашоо каалайм. Ошондой эле китеп сатып алып, мен жардам берип жүргөн балдар үйүнө көмөк көрсөткөндөргө да алкышым чоң. Чын жүрөктөн чыккан сөздөрдү сиздер дагы жүрөкө кабыл алышыңыздарды каалайт элем. Сиздер жазган ар-бир ой-пикирди окуйм, баарына жооп бере албаганым менен ичимден миң ирет ыраазы болом. Сиздер бар мен такшалып келе жатам. Дагы бир жолу чоооооооооооң рахмат. Мен силерди жакшы көрөм.?

 

—Тайке эмне кылып жүрөсүз бул жакта? Кетпедиңиз беле..

—Кетсем келе албайт дедиңби? Түн ичинде Асилбектин үйүн сагалап жүргөнүңдү көргөндөр айтып барды. Эмне издеп жатасың?

—Которунуп жатканы жатам, бөлмөмдөн чыгыңыз.

—Эмне мен сага жаш баламынбы? Кайда качкан жатасың? Кантип дитиң барат адам өлтүргөн адамдын баласы менен качып кетүүгө.

—Сиз дагы адам өлтүргөнсүз, жеңем тийип жашап эле жатпайбы. Анын үстүнө анын атасы өлтүргөн, ал эмес. Анан сиздин менде кандай акыңыз бар, мага бир үзүм нан берип койгондойсуз. Менин жашоом өзүм билем, биздин үй-бүлөгө киригишпеңиз. Тээ балдарыңызды башкарып алыңызчы, жакында өзүңүзгө окшоп адам өлтүрүп баштайт. Чыгып кетиңиз.

—Эй сенин тилиң өсүп калганбы, керек болсо энеңде акым бар билдиңби. Сен ушул жашка келгичең менин нанымды жеп өстүң.

—Үйгө бир тоголок нан алып келген эмессиз, уялсаңыз боло.

—Сени, сөйрүйгөн атала атаңды багып жаткан энеңди мына мен окуткам. Демек баарыңарда менин акым бар, менин айтканым болот. Досумдун баласына тийесиң, Асилбегиңди унут уктуңбу..

—Эч качан… Энемди окут деп, сенден суранган эмесмин. Атамды сабап, оорукчан кылганыңдан кийин энем багат да анан. Атамдын өчүн да алган эмесмин сенден, менин колумдан өлүп жүрбөгүн.

—Сенсиреп калдыңбы сен? Ошол атаң, сага окшоп дейди, жеңил ой болгон. Энеңдин үстүнө катын алган жатканы үчүн жазалагам.

—Атамды жазалаганы акың жок.

—Энеңе ичиң ачышпайбы?

—Атам ойноп тыйылмак, баардык эркек ошондой сен дагы. А сен болсо оорукчан кылып койдуң. Ал энем экөөнүн иши болчу, башыңды батпаган тешике тыгып жүргөнүң жүргөн. Азыр болсо үйдөн чыгып кет.

—Мына сага мына…

Уланбек Самараны оозу-мурдун кан жалата чаап жиберди. Нагима чуркап кирди эле Уланбек аны түртүп чыгарып койду. Байкесинен коркуп, кайра барууга батына албай туруп калды эле Уланбек, Самараны бөлмөгө камап чыгып кетти. Нагима эшикти ачып койсо ал дагы көргүлүктү көрмөк. Уланбек чыкты да, байланып турган атын минип эшике чаптырып чыкты. Самараны күтүп турган Асилбекти көрүп ошол жака барды.

—Сүйгөнүң чыкпайт, ал эртең эрге тийет. А сен болсо жакшылыкча жөнө, болбосо менден көргүлүктү көрөсүң. Акыркы жолу айтышым.

—Болбосо эмне кыласың?

—Азыр көрсөтөм эмне кылаарымды.

Даярдап чыккан жоон арканды Асилбеке ыргытты эле башынан кирип, бутуна түштү. Арканды тартып жибергенде Асилбек жерге оонап түштү. Атты катуу чаптырып сайды көздөй баратты. Асилбек артында сүйрөлүп жүрдү. Бир топ барган соң артын караса Асилбек кыймылсыз жатып калыптыр. Өлүп калды дедиби же ушул токмок жетиштүү дедиби арканды бошотуп, андан ары кетип калды.

 

—Апа эшикти ачып койчу суранам. Эмнеге коркосуң? Жаныңды албайтко, мен Асилбексиз бактылуу болбойм. Менин бактымдан да жаның таттуу болуп жатабы? Апа жаным, алтыным кызыңды аяп койчу. Асилбек эшикте турат, бир нерсе кылып койсо эмне болот? Асилбекти өлтүрүп койсо мен дагы бир күн калбай артынан өлөм.

—Самара эсиңе келчи, жаным сага садага. Өз жаным өлүп кетсин, мен сени ойлоп жатам. Асилбеке тийген күнүңдө да тайкең силерди жөн койбойт. Араң токтогон кан дагы агышы мүмкүн. Акылыңа келчи, тайкең айткан балага тийчи, ошондо Асилбек өлбөйт. Асилбекти жашасын десең эртең келген балага тий. Ошондо туура иш кылган болосуң. Асилбекти өлүмдөн, тайкеңди түрмөдөн, бизди уяттан сактайсың.

—Маакул апа, жаным апа айтканыңызды кылам. Эмне десеңер ошо, азыр эшикти ачып койчу, Асилбекти өлтүрүп койбосун. Акыркы суранычымды аткарчы.

—Жок кызым жок, азыр чыксаң кан төгүү анык болгон турат. Мени кечирип койчу, сени бактылуу кылууга алым жетпей калды.

—Апа дейм апааа… Самара эшикти ургулап ыйлады, терезени талкалады. Бирок, терезнин темир торунан чыга албай койду. Эшике жабышып ыйлап кала берди. Нагима ары басып кеткен түр көрсөткөнү менен кызынын ар бир дем алганын, жүрөгүнүн атып чыкчудай сокконун, жалбарып ыйлаганын баарын угуп олтурду. Чын эле айласыз эле.

 

Эртеси Уланбектин түрмөдө чогу олтурган досу баласын алып, келди. Ал досу баңги менен алектенет, эсебинде адам өлтүрүү фактысы да бар. Темир тор артында олтурганда экөө кан дос болгон. Кийин кудалашмай болуп сөз алышкан. Жээни тууралу айтканда кийинкиге калтырбай жетип келгени ошол.

Нагиманын үйүнө барса карындашы Самара камалып турган эшике жөлөнүп уктап калыптыр. Артык дагы түнү менен ичип азыр келген окшойт, тапчанда кийиз оронуп уктап жатат.

—Мына ошол үчүн жээнимдин тагдырын өз колума алдым досум. Атасынын акыбалы тиги, карындашым эзилип бүттү. Жээнимди сага берсем кор болбой өтөт, сага ишенем досум. Бактыярдын баласы Нурлан мурдун чүйрүп турду. Нурлан шаарда өскөн бала, атасынын түгөнбөгөн акчасына көпкөн. Атасы түрмөдө жатканда жалаң апасынын тарбиясын көрүп, коркок болуп чоңойгон. Колунан эч нерсе деле келбейт,бирок өзүн аябай кыйын сезет.

—Пааап…Айылдык кызды албайм мен, эрчитип жүрүштөн уялам.

—Эй кызтеке озуңду жапчы былжырабай, албасаң эрге берем.

—Ну ладно, көрөйүнчү биринчи.

—Энеңдурайындын баласы десе, чоюлган.

Уланбек баланын сүзмө экенин көрүп турса да унчукпай, жөн гана күлүп койду. Самаранын кийинки тагдыры Уланбеке кызыксыз эле. Болгону азыр Самараны Асилбеке бербей калса эле болду.

 

Асилбек өзүнө келгенде таң атып калган экен. Тытылган кийимдери менен үйүнө барды эле Аиданын жүрөгү түшүп калган.

—Ким кылды? Жанакы Уланбек кылдыбы? Асилбек өзүң милициясыңго, камап сал эшекти. Ай балам-аай ошол кызга жабыштың да калдың. Балким артка кайтаарсың.

—Жок жеңе мен Самарага сөз бергем. Азыр кийинип барып, Уланбекти түрмөгө тыгам да, Самараны алып келем. Даярдангыла шаарга кетебиз. Той шаардан болот.

—Иий маакул, биз даяр элебиз.

—Оуу эй бала эмне түндө улак болдуңбу?

—Кайдан билдиңиз?

—Ат сүйрөгөндө гана ушундай болот. Рас болот, укпайсыңбы мени мындан беттер болот токтотпосоң.

—Жуман ава биз качып кетебиз.

—Кайда качасың? Алакандай Бишкегиңден сени ойноп таап албайбы. Тынч жашасаң боло..

—Жок, алам дедимби алам. Уланбектин болсо түбүнө жетем.

—Эй кан төгүү башталып кетпесин кайра балам, ойлонуп иш кыл.

—Жуман ава баары мыйзам чегинде.

Асилбектин денеси да кочкул кара болуп кетиптир. Бети аймалган. Формасын кычырап кийди да Самарага жөнөдү. Асилбек барганда Самараны алып чыгып кетишкен экен. Кылган ишине маашыркана Уланбек тапчанда жыргап ичип жаткан экен, жакасынан сүйрөп машинага салып кетти. Алып барып камерага камап, өзү кайра айылга келди. Нагима абысындары менен кудага камынып калышкан экен, артынан эрчип алды. Тээ Сокулуктун өйдө жагындагы дачалар тарапта экен үйү. Нагималардан мурун өзү кирип барды. Самара ушунча кадырсыз болуптур көшөгөсүз эле эски диванга олтургузуп коюптур. Самара Асилбекти көрүп эле мойнуна асылып алды.

—Келдиңби жаным, сенден үмүт үзбөй күттүм. Сага ишендим жаным, кебетеңди карачы эмне болгон?

—Кийин сүйлөшөбүз Самара, бас кеттик азыр.

—Кыз эч кайда барбайт. Келинимден колуңду тарт.

—Эркек болсо балаң чыксын.

—Нурлан бас бери, кана аялыңдын намысын коргочу балам. Атасын таанытып койчу.

—Пап мага кыз жаккан деле жок, алып кете берсин. Менин девушкам бар, ошону алам.

—Эй атып салам азыр ит аткандай, бас дедим бери. Кана аялыңды алып кал тезден.

—Кыз маакул эмес, мен азыр закон боюнча иш кылып жатам. Азыр ким тоскоол болсо эшикте үч машина милиция турат, камайм байкуштар.

—Мына мен жооп берем, баламдын ордуна менден сурак ал.

—Эшике чыгып сүйлөшөлү.

—Нагима эже Самаранын алдында болуп туруңуз, агаңыз жок дегенде он жылга кетет коркпоңуз эми. Болочок кайненесин Самаранын жанына калтырып эшике чыгып кетишти. Эшике чыгаар замат ызы-чуу башталып кетти.

—Эй балакай, алдагы формаңа ишенбей чеч анан сүйлөшөм сени менен.

—Кеп формада элеби? Эгер жекеме жек болсо чечем эле. Асилбек формасын чечип, жерге койду эле Бахтыяр коркуп кетти. Ал жөн эле өзүн көрсөтүүгө формасына асылган болчу. Өзү коркуп, жигиттеринин бирин салды. Мурун бокс менен алектенип, ал тургай чет өлкөдө биринчи орундарды алып жүргөн Асилбек жанакы баланы бир муштумдан чыгарган жок. Айла жок жол ачып беришти эле Самараны алып чыгып кетти.

 

Уландысы есть..

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE