Ак көгүчкөн 23 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=12041&preview=true Кызыктуу окуялар.

АК КӨГҮЧКӨН 23 БӨЛҮМ 

Эмне деп сүйлөп койдум? Аял кишинин чачы узун болгону менен акылы кыска дегени чын да. Мен аны кетсин деген эмес элем, кетишин каалаган жок элем. Эми Жусуп келсе эмне дейм? Мен дагы кетип калсамбы. Кетип калсам Жусуптун көзүн кийин карай албай калам, аялы мен үчүн кетип калганын кантип айтам эми. Башым катып, маанайым жок олтурсам Жусуп эрте келип калды. Жусуп менин көздөрүмө тигилип карайт, баарын билет окшойт.

— Жусуп, мен бир нерсе айтайын деген элем. Кел олтур, өзүңдү басып..

— Мага айтты, албетте бул акылсыздык. Бирок сен тараптан эмес, ал тараптан. Эгер мен башка бирөөгө үйлөнүп, балалуу болгум келсе эчак ажырашат элем. Сен өзүңдү күнөөлүү сезбе, ал көптөн бери ошентип жүргөн. Экөөбүздүн ортобузда сүйүү бар деп эле дайыма айтып, кызгана берчү. Анан балалуу болуу бактысынан ажырап калгандан бери кызганбай калган. Көрсө табышса деп жүргөн экен.

— Түшүндүрүп айт, биз ага карындаш катарында экенибизди.

— Миң жолу айттым, миң жолу.

— Сага эмне деп жооп берем деп кыйналып жүрдүм эле, жакшы болду мени туура түшүнүп. Мен дагы кетип жатам, суранам бүгүндөн калбай аялыңды алып кел.

— Өзүңдү ыңгайсыз сезип жатсаң мейли бара бер, каршы эмесмин. Аялым болсо келбейм дейт, барып келдим. Мейли эс алып, ойлонуп анан келет..

Өзүмдү ыңгайсыз сезем да анан, келип алып аялын айдап, өзүм ээ болуп алгандай сезип жатам. Коштошуп чыгып, Аида эженин үйүнө бардым айла жок. Аида эже дагы мас экен, аял кишинин ичимдик ичкени бул туура эмес деп түшүнөм. Жаткан жери чачылган, кусуп дагы салган. Үйдүн эчак кебетеси кетип калыптыр. Аида эженин жини келгенине карабай, алып кирип жуунтуп, кийимин которуп, анан өз бөлмөсүнө алып барып жаткырып коюп, анан үй жыйноого туура келди. Уйку жок.. Дагы деле Жусуптун аялын ойлоп кыжаалат болуп жатам. Коңгуроо кылсам эч байланыша албай койдум. Айлам кетти, же кайдан издээримди билбей. Мен эртең менен жөн гана ойлонбостон сүйлөп алганымды айткым келет. Ойлонуп айтылган сөз, бирок максаты башка болчу. Мен аны менден күйөөсүн кызганып, кайрадан артка кайтса деген элем. Олтурган жеримде көзүм илинип кетиптир, таң атаарда уктасам керек, бат эле Аида эже мени ойготту.

— Аа, сен келдиңби? Ошондой, эми жалгыз, бактысыз аял дагы бир санга көбөйдү. Кош келипсиң биздин катарга!-деп күлүп алды да, ичимдик сакталган муздаткычка жөнөдү. Мен кече үйдөгү ичимдиктин баарын төгүп салган элем. Ачып таппай калып дароо мени жаман карап алды.

— Катып салсаң эле ичпей койот деп жатасыңбы? Азыр мен бир коңгуроо кылсам базарды көчүрүп келип беришет. Сенин ишиң болбосун.

— Аида эже, кандай сонун жумушуңуз бар эле. Кандай сонун аялсыз, сулуу, назик жөндөмдүү. Бул эмне кылганыңыз? Бул сизге жарашабы?

— Айттым го, сенин ишиң болбосун.

— Менин жашоомду баштан аяк билесиз туурабы? Мен деле сабыр сактап жүрөм го тирүүлүктүн күнүн көрүп.

— Туура, сенде менде бар нерселер жок. Ошол эле учурда менде сенде бар нерсе жок. Жаштыгым жок, жаштыгым. Эхх, жашоонун артка жылдырылып башка жолду тандоо мүмкүн болгондо, аттиң. Байлыктын артынан жүрүп, кандай балдарым бой жеткенин билбей калдым. Байлык, мен жакшы көргөн байлык мени бактысыз кылды. Сендей кезиме кайра кайтууга мүмкүн болсочу э, ошондо мени жанындай сүйгөн, мен аны жанымдай сүйгөн жөнөкөй малчы баланы тандап, уй саап, жайлоодо бирок эң бактылуу жашоону тандайт элем. А сен болсо эч кайгырба Айжамал, байлык колдун кири. Кайненен алып алган акчага кейибе, Акжол үчүн дагы кайгырба. Сен аны жакшы көрбөсөң, тозоктун өзү ошол.

— Эх, айтканга оңой тура эже. Мындан ары эмне кылууну билбей калдым. Колумда акыркы акча бар, ал товар түгүл жол киреге жетпейт. Эми күнүмдүк жумушка чыгам.

— Акча элеби? Эгер акча сени бактылуу кылат деп ишенсең, мына бул акчаны ал. Болгондо бересиң, болбосо ыраазымын…

Аида эже мага бир партия товар алып келүүгө жетээрлик акча таштап койду. Алаарымды же албай коюуну билбей, көпкө ойлонуп, анан эки ай токтобой иштесем кайра төлөп койот экениме көзүм жетип, акчаны алып алдым. Эч ойлонбостон билет алып койдум, учаар күнүмө чейин бош элем. Эмне кылууну билбей, Жусупка байланышып аялын сурадым. Маанайы суз, турмушка чыгып кетип калыптыр!-деди.

— Койчу, кантип эле? Ал сени гана сүйөт эле го.

— Мен дагы ошентип ойлогом, үч баласы менен калган кишиге тийген имиш. Өзү төрөй албаса да, бирөөнүн баласын багайын деген го.

— Балким жөн эле айтып койду?

— Билбейм, Айжамал бош болсоң жолугуп, чай ичели.

— Ооба, бош элемин!-деп алып өзүм катуу уялып кеттим. Жусуп мени көрүп тургандай, кызарган бетимди колум менен жашырып жатканым эмнеси. Өзүмө күлүп жибердим, Жусуп эмнеге күлүп жатасың?-дейт. Ыңгайсыз абал, Жусуп аялын кетип калды деп чын жүрөктөн кайгырып жатса, мен аны унутуп, өзүмдүн акыбалыма өзүм катуу күлүп жибердим да.

— Жусуп, көңүл бурба. Мен сени менен кезигем деп сүйүнүп кеттим.

— Чын элеби Айжамал?

— Ооба, бир тууган бир тууганды көргөндө кубанат да.

Жусуптун эски сезимин ойготуп албайын деген ой, дароо актанып, кайактагы калпты ойлонууга дагы мүмкүнчүлүк бербей, айттырып салса эмне кылайын? Өзүмдө дагы кандайдыр бир башкача сезим болуп, ичиме бирөө от жагып жаткандай сезилди. Бул сезим мени ичтен кытыгылап, бир ордумда тура албай толкунданып алдым. Эртең Жусуп менен жолугууну чыдамсыздык менен күтүп, көөдөндө тынчтык, Жусупка болгон ишеним артып жатты. Аида эже болсо көз кыры менен карап койот.

— Эй кыз, эсиң барда этегиңди жый. Дагы бир нерсеге илинген турасың сен, кече эле ыйлактап жүрүп, бүгүн эмнеге бактылуу болуп чыга калдың? Эгер Акжол жарашам деп жаткан болсо жарашпа, сен аны бактылуу кылам деп жүрүп өлүп кетпе. Кече эле эмне кылды? Эч качан кечирбе.

— Аида эже, мен сизге Жусуп тууралуу айттым эле го, эсиңиздеби?

— Ким ал? Сенин бөйрөгүнду саткан немеби?

— Жок, ал Аврам болчу. Жусуп мени Дүйшөндон куткарып албадыбы, ошол досум мени жолугушууга чакырып жатат. Мен макул болдум.

— Аны үйлөнүп алды дедиң эле.

— Экөө балалуу болбой, аялы башка үч балалуу кишиге турмушка чыгып кетиптир. Жаман ойдо эмес, жөн гана жолугабыз. Мен Жусупка өмүр менен карызмын, мындай учурда аны колдоп койгонум туура болот.

— Эски сезимдер ойгонуп кетсечи? Менимче сен дагы аны жакшы көрөсүң, болгону ошол кезде Аврам жаныңда болуп, өз сезимдерин сени алдап койгон. Өзүң билесиң, мен эмне дейт элем. Бирок абайла, сүткө оозу күйгөн, айранды үйлөп ичиш керек.

 

Бул сөздөрдү кантип мойнума албай койом? Мейли мурунку кезди айтпасам дагы, азыркы учурда мени баскан сезимди, жактыруу, жакшы көрүү деп айта алам. Азыр, эң башкысы бул жолугушуудан мен эмне күтүп жатам? Ошону аныктап алышым керек, эгер күткөн нерсем тескерисинче чыкса, жан дүйнөм дагы өрттөнөт. Ойлонууга чама келбей, жатып калдым. Ойго алдырып жүрүп, чарчаганымды билбей калыптырмын. Качан жаздыкка баш койгондо, денем талып, бошоп катуу оору басты. Колумду ушалап жатып уктап калган экенмин, ойгонсом түшкө жакындап калыптыр. Кечки ойлор азыр жок, кечки жолугушууга жасанып барам дегеним унутулду. Анткени менин жолум дайым кара гана сызыктар дан турат, ал сызыкка мен Жусупту тарткым келбейт. Бир учурда кудай бизди кошкон эмес, балким азыр дагы алыс эле болгонубуз оң го. Күндөгү кийимдерди кийип алып Жусуп менен жолугушууга бардым. Жусуп колуна кызыл розаларды көтөрүп алыптыр. Анын дагы көздөрүндө башкача сезим жанып калган тура. Эгер адам бирөөнү жактырса, сезимин эч качан жашыра албайт. Мен ушул сөзгө кошулам, анткени оозуң алдаса дагы, көздөр эч качан жалган айтпайт. Кадимки жигит сүйгөн кызын тосуп алгандай, ал дагы мени чекемден аста өөп койду. Биз экөөбүз көп жерге бардык, маанилүү эмес кайсы жер экени, эң башкысы мен анын күйүп турган көздөрүн гана көрүп жүрдүм. Жусуп мага, мен Жусупка эч нерсе деп айта алган жокпуз. Же биз үчүн ал сөздөр маанисиз болуп саналат. Мейли, мейличи. Көптөн күткөн бакытым ушул болсо, баарына ыраазымын. Жөн гана бактылуу болуу үчүн мен бардык нерсемди берүүгө даярмын. Мындай бактылуу күндөр менин жашоомдо саналуу гана, мындай бактылуу бир күн үчүн дайым көп жылдык азап менен төлөп берип келем.

Жусуптун жанында жүргөн күндөрүм мага жагып, эч жакка баргым дагы келбей калды. Бирок иштеш керек болчу, эч нерсем жок, Жусуп мага азыр эч ким эмес. Мен Жусупка мени бак деп айта албайм. Мойнуна жип байлап койгон иттей болуп, айласыз чет өлкөгө чыгып кеттим.

Уландысы бар

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️