Пример HTML-страницы

АБАККА ТҮРТКӨН СҮЙҮҮ 3 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=40571&preview=true Кызыктуу окуялар.

АБАККА ТҮРТКӨН СҮЙҮҮ

3-БОЛУМ.

 

#АбаккаТуртконСуйуу

Сабактар күндөгүдөй эле уланып жатты.Анара жакшы окугандыктан тез эле оозго алынды.Сулуулугуна кызыгып кат жазгандар көбөйүп алдынан торугандар да болуп жатты.Мырзабек менен бир көчөдө жашаган үчүн баратканда да келатканда да чогуу келчүү болду.Кат жазгандар жообун алалбай кээси түңүлсө, кээси шаардык бизди карамак беле тоготпойт да деп ,кат жазганын токтотушту.Келген каттардын бирин да окубай эле тытып салчу.Мырзабек ошонусун байкап бул кызга ким жагаар экен деп өзү да сүйөөрүн айта албай жүргөнү ошондон болчу.Бирок, башкаларга караганда мүмкүнчүлүгү көп эле ,себеби, чогу сабакка барып кайра чогуу келчү, мектепте кечелер өтсө да кечинде үйүнө жеткирип коюучу.Күндөн күнгө Мырзабектин Анарага болгон сүйүүсү күч алып баратты.

Маматтар коркуткандан бери көрүнбөдү.Мырзабек ал күндөрдү акырын унута баштады.Күндөгүдөй жашоосу уланып сабак окуу менен алек болуп калды.Ошондой күндөрдүн биринде айылдык клубка Индия киносу келип ,афишасын окууган кыздар кинону мактап эле жатып калышты.Сабактан чыгып чогуу баратканда Мырзабек Анарага киного баралы деген сунуш киргизип калды.Анараны атасы кечинде чыгарбасын айтканда ,,эгер сен макулмун десең мен айласын табам» деди ,Мырзабек.

—Эмне айла табасы,деп,Анара күлкүсү келе Мырзабекти карап.

—Биз класс боюнча барып атаңан жооп сурайбыз ,мейлиби ,деп , Анараны макулмун десе экен деген сөзүн күтүп.

—-Макул,жөнөтсө барам,жөнөтпөсө капа болбо,деп коюп,чуркап үйүнө кирип кетти.

Макулмун деген сөзү кулагына майдай угулуп,ичинен кудундай үйүнө көздөй жөнөдү.Кино башталаарына дагы убакыт бар экен.Мырзабек класстташ кыздарынын жана балдардын үйүнө барып жолугуп чогуу топтолуп баралы деп айтып чыкты.Баары мектептин алдында топтолгон кезде Мырзабек :

—Кыздар,балдар,Анараны ала кетеличи, деп суранып калды.

—Сага керекпи сен алып кел ,бизге эмне деп,бир эки бала каршы болушту.Булардын катына жооп бербей койгонуна ичи күйүп ,Мырзабектин сунушуна макул болушпады.

—Ооба туура ,баргысы келсе өзү келсин.Аны эмне көтөрүп келмек белек деди,кыздардан да бирөөсү Мырзабекти жактырбай.Бул кыз Анаранын сулуулугун жактырчуу эмес.Жактырган жигиттери баары эле Анарага чуркагандыктан ичи тарып ,ошондой сулуу болуп жаралбаганына таарынып да кетчүү.

—Койгула балдар антип бөлүнбөйлү,Анара деле биздин классташыбыз .Аны деле ала кетели ,дешип көпчүлүгү бурулуп жөнөп калышты эле тиги үчөө,, биз барбайбыз «дешип клуб тарапка кетип калышты. Мырзабек тигилерге бирдеме айтмакчы болуп баратып анан кайра колун шилтеп коюп тигилердин артынан жете келди.

Эрчишип алган классташтар Анаранын үйүнө келишти да атасынан ,,Анарага руксат берип коюңузчу ,Индиянын киносу келиптир,бардык классташтар баратабыз,кайра жеткирип койобуз» дешип ,чурулдап жатып ала кетишти.Кино башталаарына аз калганда жете келишип билет алышты да кирип барып чогуу катарлаш отурушту.Свет өчүп экранда Индия киносу башталып баары кунт коюп көрүп жатышты.Анара Мырзабектин жанында отуруп кинонун кызыгына батып Индиялык каармандардын чеберчилик менен аткарганына ыраазы боло ыйлаган жеринде ыйлап,ырдаган жеринде акырын ырдап коштоп отурду.Анаранын ушунчалык бериле кинону көрүп жатканына таң калган Мырзабек кино көрбөй эле Анараны карап отурду.Кинонун нуру аппак жүзүнө тийип даана көрүнүп жатты.Кинонун сүйүшкөн жерине келгенде алардын сүйүүсүнө суктанган Мырзабек , ошентип сүйүшсөк ээ, деп ойлоп жатып колу Анаранын колун кантип кармап калганын өзү да билбей калды.Чочуп кеткен Анара Мырзабекти жалт карап колун тартып алды да ,,бул эмне кылганың «,деп шыбырап койду.Кылганына өзү да ыңгайсыздана колун ала калды да ,,кечиресиң мен байкабай эле «демиш этип кутулмакчы болду.Бирок ,атайын эле колун кармаганын Анара сезди,кагып койоюн деп ойлогон бирок ,капа болуп калбасын деп акырын эле шыбырап койгон болчу.Мырзабек уяла түшүп тик карап кинону көрүп отуруп калды.Бирок ою Анарада эле.,,Колун карматпаган кыз сүйүүмдү кабыл алар бекен ,бүгүн айтып көрөм деген элем.Каап шашпай эле турбай ,колун кайдан кармай калдым эле.Эми мени менен сүйлөшпөй койсочу», деп ,мээсин өзү жеп жатты.

Кино аяктап жарыкты жандырды эле киного келгендер сыртка чыга башташты.Алар менен катар классташтар сүрүлүп сыртка чыгышып бир бирин күтүп ,чогулушкан соң жүргүлө кеттик дешип эрчишип бара жатышты.Алгач Анаранын атасына убада бергенин эстешип ,биринчи Анараны жеткирип койолу да анан таркайлы деп сүйлөшүп Анараныкына баратышты.Бири бирине тамаша айтышып кетип бараткан классташтар арттан келе жаткан машинага жол берип четке чыга өткөрүп жиберели дешип жол четине сүрүлүштү ,ал машина өтүп барып токтоду да эшиктери ачылып баягы эле Маматтар түшө келди:

— Аа ,классташтар,кайдан бу түндө,деп келекелеп билип турса да сурады.Аны көргөн кыздар айланып өтүп кетишти да балдарды күтүп калды.Бир балакет болуп кетпесин деп Мырзабек ойлоду да,Анаранын үйү жакын калгандыктан кыздарга,,силер барып келе бергиле биз ушул жерде күтүп турабыз ,деди.Анын оюн түшүнгөн кыздар Анараны жеткизгени басып кетишти.

—Ии ,баатырлар,биз жок кенен басып калган экенсинер да ,ээ.деп,алдында турган Сүйүндү түртүп жиберди.Мушташ чыгаргысы келип турган Маматты байкаган Мырзабек ,

—Өз жолуңар менен кетебербейсинерби,биздин урушкубуз келген жок, деп ,баарынын атынан жооп бере салды.Мырзабектин бул сөзү жакпай калып Мамат жакын келип эмне дейсиң ия,деп ,укпаган кишидей кулагын тосту.Эсен менен Шакен деген достору башкаларын чөнтөктөрүнө карап тамеки барбы ия деп,руксаты жок эле балдардын чөнтөктөрүнө карап жатты.Мырзабектин далысына бир колун коюп алган Мамат ,Мырзабекти ар кандай сөздөрдү шылдыңдамайга өттү.

—Эй ,жөжө,урушкубуз келген жок дейсиңби?Сенин урушкуң качан келет.Ошону күтүп турайын.Сенин урушкуң келгиче мен карып кетпейминби,деп күлдү эле беркилер да кошо күлүп калышты.

—Ээ досум,бул жөжөлөр короз болгуча качан?Короз болгуча эле бирден түлкү тиштеп кетсе эмне болот ,деп ,каткырышып балдарды шылдыңдай башташты.Тамеки барбы деп чөнтөктөрүнө карап жатып биртике акчаларын да алып коюшту.Акчамды бер деп талашайын деген балдардын бирин Эсен дегени ичке бир койду эле ,тырышып отуруп калды.Мырзабек классташ баласын ичке урган Эсенди эмне урасын деп, экөөнүн ортосуна тура калып ,тийбе деди.Ары жактан кыздар көрүнүп жакындады да Мырзабек ,Сүйүн баскыла кеттик деп чакырып калышты.Мырзабек азыр мушташса булар уруп койлорун билди.Себеби ,булар үчөө болсо да бири-бирин колдоп тураарын билет.Мырзабек мушташып кирсе бешөө болгонуна карабай таяк жеп калышаары белгилүү болчу.Берки балдардын жүрөктөрүн үшүн алып койгонго жүрөгү даап кол көтөрө албашын Мырзабек сезип турду.Азыр тынчтык жолу менен эле таркап кетүү керек болчу.

—Мамат,бизди күтүп калды,кыздарды жеткириш керек.Ата энеси сарсанаа болот ,кеч болуп кетти.Эртен күндүзү жолугалы .Чечилбеген маселе болсо ошондо сүйлөшөлү ,деп ,Мырзабек Маматтын руксатын күтпөй эле,, кеттик балдар», деп ичин басып отурган классташын өйдө тургузуп колтуктап жетелеп жөнөдү.Мамат кыздардын Мырзабекти чакырганын угуп ,азыр балдарды урса алар чыңырып баарын чакырып чаң салбасын деген ойдо Мырзабектин чечимине каршы болбой унчукпай туруп берди.Кыздарга кошулган Мырзабектер чогу ары карай кетип караңгыда көрүнбөй калышты.

Маматтын койо бергенине нааразы болгон берки экөө эмне кетирдиң,баарын токмоктойт элем азыр деп эрдемсинип мушумтарын түйүп бир бирине уруп койду.

— Кете берсин,тиги кыздар чыңырышып ызы чуу салбасын дедим.Эртен деле күн бар.Мырзабек күндүзү жолугушалы деди го ,көрөйүнчү эмне сөзү бар экен деп,Мырзабектин да ойноп айтпаганын сезди.Балдардан тоноп алган акчасын караңгыда шыкаалап карап :

—Бир тамеки менен бир бөтөлкөгө жетет экен деди сүйүнчүлөп.Бир топко чейин сүйлөшүп турушту да кеттик дешип үчөө,машинага отуруп от алдырып ,буруп айылдын этегине түшүп кетишти.

Маматтын атасы райцентрге үй салып жаткандыктан ошолорду карап отургун деп Маматты ошол жака жиберген эле.Киндиктери туташкан берки шериктерин ала кетип ,айыл тынчып калган.Ал жакта да жөн жүрүшпөй машинасын айдап жол эрежесин буза бергендиктен ГАИ ге түшкөнү угулуп,атасы барып машинасын милициядан чыгарып кеткиле деп кайра айылга айдаптыр..Айылга келип эле көнгөн адаты менен ар кимге тийишип кинодон чыккандарды тоноп жүрүп капыстан эле Мырзабектерге учурап калышкан эле.

Кыздарды үйлөрүнө жеткирген балдар өзүлөрүнчө калганда сүйлөшүп туруп калышты.

—Балдар качанкыга чейин мунун , шылдыңдап биздин үстүбүздөн күлгөнүнө чыдайбыз.Бара бара үстүбүзгө чыгып тебелей баштады,деди Мырзабек.

—Эмне кылуу оюнда бар.Мушташайын дейсиңби ?

—Ооба ,жекеме жекеге чакырыш керек.Булар үчөө болгондо гана ушул иштерди кылат жалгыздан жүрө алышпайт. Силер мени колдоп жанымда турсаңар ,мен урушам Мамат менен.Таяк жесем да бир өчүмдү алам,деди Мырзабек.

Мырзабектин чечкиндүү айтканына баары шек санаган жок,бирок атасы чоң иште иштесе айып баласында болсо да милицияга айтып жазалап койбойбу деген кооптонуу турду алардын оюнда.Балдар макул болгонун же макул эместигин айтпай эле таң атсынчы дагы сүйлөшөбүз эртең, деп таркайлы деп таркап кетишти.

Мырзабек бул балдардан үмүт жок экенин сезди да ичинен суу жүрөктөр деп,кетип бараткан балдарды карап турду ,анан үйүн көздөй басып ,эртеңки кунду ойлой баштады.Уктап калган ата энесин ойготуп албайын деп акырын жыла басып келип жарыкты жандырбай эле өзү жатчу жайга барды да чечинип жатып ,,көрүшөбүз,же сен же мен «деп ойлонуп жатып көшүлүп уйкуга кирип кетти.

 

УЛАНДЫСЫ БАР…..

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE