Пример HTML-страницы

Өзгөндөгү мал базарда сүт багытындагы уйлар канча сомго бааланууда?

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 20-март күнү Ош облусунун Өзгөн районунун мал базарында баасы 100 миң сомду чапчыган сүт багытындагы уйлар сатыка чыкты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, мал базардын уй, бука сатылчу бөлүгүндө алып сатуу иштери азыраак болду. Муну алып сатуучулар аба ырайы жана жаз мезгили келип калганы менен байланыштырууда.

Бул жолу базарга Россиядан алып келинген 15 уй сатууга чыкты. Анын эсси уйлардын ар бирин 100 миң сомдон баалады. Бирок аны сатып ала турган адам табылган жок.

Аталган базардагы уйдун баасы:

Бир уй торпогу менен 70-80 миң сом;

Багылган букалар 100 миң сомдон 150-200 миң сомго чейин;

Кунажын 30 миң сомдон 50 миң сомго чейин.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE