Пример HTML-страницы

Өчкөн сүйүүм 16 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=7148&preview=true Кызыктуу окуялар.

~~Өчкөн сүйүүм, бүтпөс арман.~~~
《 ♡♡♡♡16-бөлүм♡♡♡♡♡
—Талант, ушунун эмне кереги бар эле? Кетчи, кетип калчы..
—Сенден кетиш үчүн издеген жокмун, эми баары мен айткандай болот. Эки сүйүшкөн биринчи жолу таанышкан жердеги олтургучта олтурушту. Анан жанакы кафеден тамактанышты. Мурунку күндөрүн эскерип алышты. Эки инсан урушкандары менен жүрөктөрү бир согуп турду. Сайкал Таланттын жанында тилин жуткан, жоошко айланып калды.
—Мен сени сүйөм!! Сүйөм жаным, сен аны билбейсиң, сезбейсиң. Сен үчүн баарына даярмын, эми менден алыстаба, качпачы жаным.
—Жок Талант мен сага татыктуу эмесмин, жолубуз эки башка. Сени алдыда аруу-таза кыз күтүп турат. А менчи мен, мен деген тепселип, соолуп бүткөм, андай бакытка татыктуу эмесмин. Экөөбүз тең кыйналбай, эки жолго түшөлү..
—Сен мени сүйөсүңбү? Сүйөсүңбү дейм? Ошону эле айтып койчу.
—Талант сага болгон сүйүүм канчалык экенин элестете да албайсың. Асмандагы жылдызды, башыңдагы чачты, ааламдагы деңиздин тамчысын ченей албагандай эле, менин да сүйүүм чексиз. Сага болгон сагынычым саргайып жарага айланды, кусалык мойнумдан кысып, айласыздык жүрөгүмдү кескилеп салды. Мына мен сени ушунчалык сүйөм. Жаз келгенде бак-дарактар бүчүр алат, эгер сүйүүм дарак болгондо ошол бүчүрдү мөмө болушуна жол бербейт элем. Бүчүр бойдон сактамакмын, себеби мөмө болсоң кышында үшүк алып кетет же кушка жем болот элең. Ооба, бүчүрдү да үшүк алат, күз кууратат. Күздүн-кыштын келбешин тилемекмин же өзүңдү кучагыма алып, бүчүрүм менен кошо түбөлүк уйкуга кетмекмин. Эгер сен ак кар болгонуңда, жайдын ысыгына ээрип кетпешиң үчүн асмандагы булутуң болмокмун. Ооба баары колумдан келмек бирок, азыр биз адамбыз. Жөпжөнөкөй адамбыз, колумдан эчнерсе келбейт. Баары бүткөн, баары кеч.. «Тең теңи менен, тезек кабы менен».
—Мейли баарына маакул дейин. Бир эле суроом бар, менин ордумда болсоң эмне кылат элең? Менин ордумда болуп калсаң, акыбалымды карап туруп кош көңүл басып кете алат белең? Кайрадан ошол чөйрөгө мени ыраа көрөт белең?
-Талант сурооң мени жарга такады. Кандай жооп беришти билбейм, алдыңда ушинтип туруп калбаш үчүн сага болгон сүйүүмдөн кечип кетет элем. Сени сүйбөш үчүн жанымды бермекмин. Бир эле маселе бар бул жерде, баардык сурооңо ошол маселе менен жооп берем.. Мен сен эмесмин, менин сендей эрким жок. Сенин ордуңда болгондо мендей шуркуянын бетине түкүрүп басып кетмекмин. Чыныгы эркекте ошентет да, ошентет.
—Сен менин намысыма тийип бүткөнсүң, намысыма тийип кутулуп кетем дебе. Эми жибербейм, жибербейм. Сайкалды катуу кучактап алды. Ижарага алып жашап жүргөн бир бөлмө үйгө алып барды. Бул экөөнө азыр бири-биринен башка эчнерсе керек эмес эле. Талант Сыргака жолукту, досунун жардамы менен банктан күрөөгө акча алды. Алган акчасына үйгө буюм, идиш-аяк, Сайкал экөөнө тең кийим кече алышты. Талант жумушка орношуп, жаңы курулган үй-бүлөсүн багып баштады. Сыргакты аялы менен чакырып экөө нике окутушту. Ошенти үй-бүлө курулду. Эки жаштын банкта карызы, үйдөгү эки буюм анан чооң сүйүүлөрүнөн башка эчнерсе жок эле. Сүйгөн адамга бул маанилүү эмес, бири-биринин жанында болсо эле буларга жетиштүү эле. Өздөрүн ааламдагы эң бактылуу, эң бай адам сезишип жашашат. Таланттын Сайкалга мамилеси жаңы таанышканда карындаш катары болсо азыр деле ошондой. Көрсө Талант сүйүүсүн ошентип көрсөтөт тура. Баары унутулуп, өткөн жашоо артта калгандай. Бактылуу жашоо улана берди, Сыргак менен Сайкал бир жерде такыр олтура алышпайт. Сайкал барбай койот, мурункусу бетке чабылып, уяттан Сыргака көрүнүүгө күчү жетпейт. Арадан убакыт өтүп, карыздарынан кутулду. Акча чогултушуп жумуш башташты, жумуштары жакшы жүрүп жатты. Чын эле Сайкал бакытка балкып кетти, бактысына көз тийдирип албайын!-деп коркот. Жыл айланып, Талант Сайкалга төрөп берүүсүн суранып баштады. Сайкал өзү деле наристе күтүп жүргөн. Сүйгөн адамынан балалуу болуу бул деген чоң бакыт эмеспи. Боюнда болбой койгондуктан даарыгерге барууга аргасыз болду.
—Сайкал Чыңгызовна э?
—Ооба, анализим чыгып келдиби?
—Чыгып келди!-деп дарыгер аял оор үшкүрүп алды. Эшикте олтурган Талантты да чакыртты эле Сайкал болбой койду. Врачтын сүйлөп баштаганын эле жаман нерсени сезди.
—Ал кирбей эле койчунчу, өзүмө эле айта бериңиз. Боюмда болобу? Төрөймбү? Мага эмне болуптур? Оору жугузуптурмунбу?
—Жок, баардыгы жакшы. Жаман оору жок, Сайкал каякта иштейсиң?
—Азыр үйдө эле кийим тигебиз.
—Каяктан болосуң? Мурун боюңдан алдырган эмес белең?
—Таенемдер менен мектепке барганча шаарда эле жашаганбыз. Кийин айылга көчүп кеттик, алтынчы класста кайра шаарга келгем. Боюмдан алдырган эмесмин, боюмда болгон эмес, болбой жатат.
—Кызык, сага тээ Сибирьдин суугу тийгендей суук тийиптир. Мен сени Нарында же суук жерде чоңойсо керек дегем. Ошол жерден Сайкал ыйлап жиберди.
—Эже ошо алтынчы класста шаарга келгенде көчөдө калгам. Андан кийин окуган жокмун, быйыл акча менен жолдошум тогузду бүттү деген күбөлүк алып берди. Он эки жашымдан көчөдө кайыр сурап, көпүрө астында түнөгөн күндөрүм болду. Сибирдин суугунан кем болбогон Астананын суугунда таманы жок бут кийим менен жүрдүм. Андан кийинки жашоом андан татаал. Айтыңызчы мен төрөй аламбы?
—Жок, аянычтуу бирок, жок. Менден башка догдурларга дагы барып көр, бир нерсени айтат баары. Төрөйсүң деп акчаңды алгандарга ишенбе. Баары кудайдан, кудайдан сурагыла.
Кызды аяганы менен айласы жок болчу. Жумушу баарын ачык айтууга мажбур кылды.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE