Пример HTML-страницы

Өчкөн сүйүүм 15 бөлүм 

https://kyrgyzcha.site/?p=7148&preview=true Кызыктуу окуялар.

ӨЧКӨН СҮЙҮҮМ, БҮТПӨС АРМАН
…….15-БӨЛҮМ…
Шаардын четинде эки кабаттуу үйдө иштеп жүрүштү. Сайкал ишин баштаган жайдан башка жайга, башка кыздар менен кетип калган. Мына бүгүн акыркы күн, эртең акыркы күн!-деп жүрүп бир айдан ашып кетти. Эң башында баары оңой сезилгени менен кийин бул иш кыйын анан күнөө экенин түшүнүп жетти. Баткак батыргандай эле бул иштен оңой чыгып кетүү мүмкүн эмес болчу. Бир күнү эле милиция үйдү басып калды. Чыркырап алты кыз, ар тарапка качып жөнөштү. Сайкал экинчи этажга качып, бир жерге жашынган жатса артынан жаш кызматкер жетип келди. Жалооруп, тийбечи дегендей карады. Сойкунун көз жашына, алкаштын сөз бергенине ишенбе дейби. Мындай кыздардын далайын көрүп жүргөн Сыргак Сайкалды чаап жыгыта койду. Бетин кармап өйдө карады эле көзүнө тааныш бирөө турду. Бирок, Сайкал эстей албай койду. Сыргак болсо тааныган, эң жакшы тааныган. Сыргактын досу Талант Сайкал айтпай качып кеткенден бери өзүнө келе албай, ичип жүрөт эмеспи. Кан досунун мынтип азап чеккенин эстеп, азыр Сайкалды уруп жибербедиби..
—Атыңа жарашып калыптырсың го э.
Эй Сайкал сен бир баланын жашоосуна бүлүк салып, өзүн жарга такап качып кеткениңди билесиңби?
—Сен кимсиң? Кимсиң, мени кайдан тааныйсың? Кимди жарга такадым.?
—Ай ары жок акмак, сен мал турбайсыңбы. Сага жакшылык кылып, жанындай сүйгөн адамды унутуп койгон турбайсыңбы. Ал сен үчүн үй-бүлөсүнөн кечти, ал турсун өзүнөн өзү кечкен турат. Мээң жок экен, мындай кылганың туура эмес.
—Талантпы? Ал кайда? Эмне кылып жүрөт? Ал дагы мени сүйөт беле? Мен сүйүүм жоопсуз!-деп аны жайына койгон элем. Бир туугандарынан айрыбайын дегем. Ал кайда? Айтчы ал кайда?
—Эми сага Талантты кармата койбосмун, эми аны дагы бир жолу өлтүрүүгө жол бербейм. Мындай Сайкал, дагы бир жолу алдымдан чыксаң мен сени өз колум менен өлтүрөм уктуңбу. Баарыбызга маалым болгондой эле милицияда иштегендер көчө кыздарын жөн койбойт эмеспи. Алып барып эки күн камап, суусуз койду. Сайкал ачка, муздак жерде калганы үчүн эмес, Талантты эстеп жүрөгү ооруп жатты. Жанындагы кыздар Сайкалды улам сооротуп коюшат. «Болду Сайкал, эмне бир-эки күндө чыгарышат. Бизди дайыма эле ушинтип, чыгарып коюшат». Кыздардын бул сөздөрү бири да угулган жок. Эртеси чыгарып жиберишти, айла жок кайрадан жанакы үйгө барды. Баргандан кийин иштебей койду. Бир бөлмөнү бошотпой жата берди. Жанындагы кыздар кыбыр-шыбыр болуп, Сайкалды жаман көрүп жатышты.
—Мага периште болуп албадыбы, бир жолу кармалып, жүрөгү ушунча түшүптүр. Биз көргөндү көрсө бул өлүп калмак экен.. хааа—ха-ха.
Бул сөздөр анык эле кулагына жаңырып жатты. Шаардын башка четинде болсо Сыргак бүгүн дагы Талантты издеп жүрдү. Издегенде эмне дайым барып, ичип жүргөн үч жери бар. Дайыма ошол жактын биринен таап алып кетет. Талант менен Сыргак айылда чогу чоңоюшкан. Дайыма Талантты башкалар апаң жүн баш!-деп шылдыңдаганда Таланттан бетер теригип балдар менен мушташып кетчү. Ошол үчүн чоңойсом милиция болом!-деп өзүнө максат коюп алган. Талант экөө кан достордон болот, бири-бирин дайым куткарып жүрөт. Шаарга чогу келишкенде Сыргактын апасы ооруп калып, Талант окууга тапшырбай жумушка кирген. Тапканын досунун апасын айыктырууга берчү. Же ошол үчүнбү Сыргак Талантты башкача көрөт болчу. Акыры Талантты таап келди. Эки күн жолугушпай калышты эле Талант кадимки көчө адамындай кейпке келип калыптыр. Сыргак чыдай албай, көзүнө жаш алып жиберди.
—Кандай досум, ичип жатасыңбы? Мени айтып алсаң болмок, өзүң майрамдай бербей досум.
—Күндөгүдөй элемин, сен жумуштасың. Анан сен ичпейсиң го.
—Досум ичип жатса шерик болбойунбу, жалгыз калтырбай.
—Эки күндөн бери жоксуң, эч кимге керегим жок. Ата-энем байкемдин сөзүн сүйлөп кетти. Сайкал качып жүрөт жалгыз калдым. Сен болсо акыл айтасың, сен да тажаган окшойсуң эки күндөн бери жоксуң.
—Ошентип ойлодуңбу? Азаматсың, мен жөнүндө туура ойдо экенсиң. Ошого мени кечирип кой, эми мен иштебейм. Кайгыңды бирге бөлүшүп сени менен бөтөлкөлөш болом, жаныңдан чыкпайм досум. Бир жылдан соң бир таштандынын түбүндө жашап калабыз. Бизди ушундай бактылуу жашоо күтүп турат. Кана куй досум экөөбүзгө..
—Досуңар эртеден бери ичип жатат, акчасын төлөй элек. Төлөп койгулачы мен сменимди тапшырып жатам.
—Маакул мына акчаңды ал да, бизге жегенге тамак, ичкенге арак алып кел. Талант досун тааныбай, мас болсо да баарын билип турду.
—Эй досум мага өчөшүп сен дагы алкаш болосуңбу досум. Сен эмнени түшүнөт элең, мен бактысызмын. Оозуңа алчы болбо, сен ичпе досум.
—Анда сен дагы ичпе, сен мага күйгөндөй мен дагы сага күйүп жатам. Болду, өзүңдү еолуңа ал.
Эки дос армандарын айтышып, ичип одтурушту. Мас болуп калышты. Анан Сыргак айтпайм деп, жүрөгүнө каткан сөздү кантип айтканын билбей калды..
—Досум, сен ал үчүн өзүңдү өзүң жок кылып жатасың. Балким ал күйөөгө тийип кеткендир же башка жакта иштеп жүргөндүр.
—Жок ал азыр жаш, үй-бүлөөсүндө маселе көп азыр күйөөгө тийиши мүмкүн эмес. Башка жака кетүүгө да акыбалы жетпейт, Сайкалым көчөдө ачка, үшүп кор болуп жүрсө керек. Алдаганды да билбейт, же бир куулукту билбейт кантти экен. Эмнеге мени таштап качты экен, түшүнбөй койдум. Ошол күнү байкем менен урушуп, Сайкалды тандап чыгып кетсем ал мени таштап кетти. Байкемди табалабасын!-деп үйгө баралбай жүрөм.
—Сайкалың сен ойлогондой эле периште эмес, керек болсо. Куулукту ошонуңа берген, ачкалыктан өлбөйт.
—Сен кайдан билесиң? Кайдан билесиң дейм?
—Билем, билем. Ал үчүн кайгырганды жыйыштыр, ал сага татыктуу эмес. Аның деген шаардын четинде өзүн сатып жүрөт..
—Калп, калп.. Ишенбейм, андай кылуу анын колунан келбейт.
—Келет, келип жүрбөйбү. Алардын актанганы шумдук дагы, сени сураган болчу. Мен жашырдым. Азыр дагы сени үмүтүн үзсүн!-деп айтып жатам.
—Сен мага дос эмессиң. Эмнеге ошондо мени чакырган жоксуң? Калп айтып жатасың да, ошого мага далилдеп бере албайсың. Талант туруп, Сыргакты уруп кирди. Сыргак элдерден уялып, формасын шашып чечип салды. Сыргакты уруп жатса да досуна кыймылдабай туруп берди. Талант Сыргактын бети кан жалап кеткенде араң токтотту. Анан олтуруп алып достор кучакташып ыйлап алышты. Ошол кезде Сыргак Сайкалды өлтүрүп салгысы келип жатты. Талант Сыргактан даректи алып, Сайкалдар жашаган үйгө баратты. Сайкал бөлмөсүндө бүк түшүп жаткан, күндүзү жыйнанып кетүүгө камынды эле бараар жери жок кайра жатып калган.
—Мен үчүн бүгүн бул жерди жапкыла, баардык акчасын төлөйм. Кана келгиле, бүгүн майрам бүгүн той. Талант арбир бөлмөнү кыдырып Сайкалды издеп жүрдү. Сайкал Таланттын үнүн таанып, жашынып калды. Өзүнөн артык көргөн инсанын көз алдында, бул кебетеси менен көрүнгүсү келген жок. Кулагын жабып, көзүн жумуп ыйлап олтурду. Жулунган Талант баарыбир Сайкалды таап алды. Өйдө жактан ылдыйга чейин сүйрөп түштү. Олтургузуп алып кызгантуу максатындабы же өчөштүбү кыздарга тийишип, жабышып жатты. Сайкал башын өйдө кыла албай ыйлай берди. Кандай акыбал ээ.
Сүйгөн адамың күйүттөн эмне кылып жатканын билбей калганы, а сен болсо уяттан көзүңдү өйдө кыла албаганың. Ээх дүнүйө, эх адамзат кандай ташбоорбуз, кандай аңкообуз. Ойлонбой иш кылып алып, кийин убакыттын артка жылып, бизге дагы бир мүмкүнчүлүк беришин суранабыз. Ким ойлоп көрдү эле? Мына мен ойлоп көргөм, кылган жаман иштериме өкүнгөндө, убакыт артка кайтуусун тилей берем. Баары бекер.. Жоок.. Убакытты жылдырбайт эмес, жылдырат, менимче бизге мүмкүнчүлүк көп жолу берилет. Убакыт артка жылат, бизге катабызды оңдоого мүмкүнчүлүк берилет. Болгону ал мүмкүнчүлүктү да туура колдоно албайбыз. Эмнеге антип жатат дейсизби? Анткени мен бир нерсе кылып жатканда, ушул эле ишимди мурунураак кылгандай сезиле берет. Же түшүмдө көрдүмбү!-деп таңкалат элем. Эми түшүндүм, бул түш эмес экен. Түш эмес…
Талант жинденип жатып дагы эмне кылышын билбей калды. Сайкал козголгон да жок. Башын каткан бойдон ыйлап олтура берди.
—Канча болду? Канча болду дейм иштеп жүргөнүңө? Мен сени деп үй-бүлөмдөн кечкен элем, сен ошол күнү менден качып кеттиң. Менден качып келген жериң ушулбу? Ушунчага эле алың жеттиби.
—Эмне келдиң? Сени чакырдымбы? Сени жек көрөм, баарын жек көрөм. Ааламды, жашоону жек көрөм. Жогол бар, мени менен ишиң болбосун. Сен ким элең? Сени унуткам? Сен кимсиң? Кимсиң? Чырылдап ыйлаган Сайкалдын сөздөрүн чыдабай калды. Барып ургулап кирди. Жиндиге окшоп уруп, бир туруп кучактап алат. Эки-үч күндөн бери тамактана элеги үчүнбү же чын эле токмок катуу тийдиби Сайкал жыгылып калды. Негизи мындай жерлерде кароолчу менен мамашалары болчу эле. Бул жерде жок, кыздар биригип үй жалдап өздөрүнө өздөрү иштешет болчу. Эсин жоготуп койгон Сайкалды көтөрүп алып чыгып кетти. Берки кыздар таң калып карап кала беришти. Эч нерсе түшүнүшкөн жок, түшүнүү мүмкүн эмес болчу. Бул экөөнүн ортосунда болуп жаткан сезимди эчким түшүнө албайт эле. Жан досу Сыргак түшүнбөгөн бул жеңил ойлууларга кайда дейсиң.

Уландысы бар..

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE