Жашагым келет 19 бөлүм

Жашагым келет!!!! 19-болум
Бутка туруп, жашообуз бир топ оңолуп калган. Ушунчалык жамандыктан кийин жашоону жаңы барактан ачкым келди. Мыкы менен кеңешип, Шурунун жылдыгын Нарында эле өткөрүүнү чечтик. Ата-энеси кечирген соң баардык туугандары жылдыкка катышканы туурадыр. Ушул айдын аягы барып өткөрүп келип, анан кийинки айдын баштары жаңы келиним Ырыс менен Мыкынын үлпөт тоюн эл сыяктуу чоң Ресторанда өткөрөлү!-деп чечтик. Бир четинен Мыкынын тоюн Шурунун туугандары укса кандай акыбалда калат болду экен, ал үчүн дагы бир топ убайым тартып жатам. Элге уят болбойбузбу дейм да, антейин десем тээтиги беш балалуулар дагы жылдыгын беш айда өткөрүп, төшөгүн жаңылап жатпайбы. Мыкы эмне жыйырма беш жаштагы жигит. Күтүп турсак да болмок бирок, азыр баса калып үйлөнтүп салбасам бара-бара үйлөнүүдөн качып, көпкө бойдок жүрүп калабы деп корком. Шурунун боюнда болуп келгенин достору дагы билип калды да, Мыкыга ар кандай сөз ыргытып тийишип жатышкан окшойт, намыстанып тез эле үйлөнүп алды го. Ырыс аябай жакшы келин экен, кылган иши арбыган, дайыма кийген кийими таза, жаткан төшөгү таза дегендей. Болгону кичине түнт экен, жарылып баардык нерсени айта бербейт. Бүт ичине жута берет. Ырыска баарын түшүндүрүп, Шурунун жылдыгын өткөрүп келүүгө Нарынга жөнөдүк. Апам, мен, Сайра, Мыкы, Баатыр агам болуп. Унчукпай эле бардык, анткени жаназаны дагы өткөрүп, жылдыкка дагы чабыласынарбы деп куда көнбөй коймок. Биз барсак эле таң калып калышты. Мыкынын үйлөнгөнүн угушса керек, куда кут болсун деп мени куттукташты го. Чынында уялдым бирок, бул жашоо экен да. Куда тарап деле жакшы эле ой менен айтышты окшойт, жүзүнөн эч таарынуу байкаган жокмун.

—Амансыздарбы кудалар, жакшы олтурасыңарбы? Биз айтпай дебей эле Шурунун жылдыгын өткөрүүгө келдик.
—Оо келиңиз аяш апа, кана төргө өткүлө.
—Кой бизди өткөрбөй туруп мал базарга алып бар, өзүң тандаган жылкыны алып келели.
—Жок аяш апа, кызым үчүн мен дагы бир нерсе кылайын. Жылкы мына сарайда байланып турат, ошонун бирөөсүн сойобуз. Эмне кызым үчүн сойбой горумо алып кетмек белем.
—Жок, биз келинибизге өзүбүз сойобуз. Силер бизге үйүңөрдун эшигин ачып берсеңер болду.
—Бир жолу менин айтканыма көнүп коюнуздарчы аяш апа, болбосо катуу капа болом.
—Кийит, дасторконго киришпейсинер анда.
—Болду сүйлөштүк.

Апам менен куда келишип жатышса ары жактан кудагый ыйлап жиберди. Мен дагы Шурунун кылыктарын эстеп, ыйлап жибердим. Барып кучактап, бир сыйра эскердик.

—Кызыма он сегиз миң аалам тар болдубу? Муштумдай кызыма кичинекей жер табылбай койдубу? Ааламга батпай, чыныгы жашоого кетип калдыбы. Шурунун урматына союлган малдар, ушул баласынын бешик тоюнда союлса болбойт беле. Өлүп алып, эми жыргап жатасыңбы кызым? Мени ойлогон жоксуңбу кызым, жаркыраган келечегиңди көрө албай, шайтанга алдырып койдуң. Ушул балада болсо кеп, берип жаның тынса болбойбу.
—Болду басыл кудагый, өмүрү кыска экен да. Сабыр кылалы, балам дагы сыздап жүрөт.
— Өлгөндүн өзүнүн шору экен, баласы дагы чоңойот, күйөөсү мынтип үйлөнөт. Кызымдын эле шоруу, кызымдын эле шору.
—Басыл болду, күйөөсү үйлөнбөй эмне он жыл аза тутсунбу? Кызыңды ушулар өлтүргөнсүп док урунасын да, жап дедим!-деп аяш апам келининин оозун жаап салды. Келини ыйлаган бойдон кирип кетти. Мыкы өзүнчө аябай капаланды, ортодогу бузукулар үйлөнгөнүн дароо жеткирген тура. Кантип той кылабыз деп ойлонуп калдым, үйгө киргим келбей нан ооз тийип базарга бармай болуп калдым. Бүгүн базарлык кылып, эртең даярданып туруп бүрсүгүнү жылдыкты өткөрүп кетип калсак жакшы болмок. Эне да баарыбир, кызы үчүн күйүп жатат. Мен аны жакшы түшүнөм, таарынбайм. Мен деле баламды жоготуп көрбөдүмбү, тирүүлөй эле тозоко барып келгендей болосуң. Кудай, бир эле нерсени суранат элем өзүңдөн. Энени баладан, баланы энеден эч качан айрыбачы суранам. Баласын жоготуп, боздогондордун акыркысы биз болуп калалычы. Душманыма дагы ушул күндү ыраа көрбөйм.

Чын эле тирүүнүн жашоосу улана берет экен.
Баягы беш күндүк калган наристе там-тун басып калыптыр. Кудайды калыс дегени ырас экен, бул бала менин балам Мыкыга окшош экен аябай. Эл эч качан күмөн санамак эмес экен, эгер тигилер келип абийирди ачып талашпаганда. Эмне деген түрлүү адамдар бар э, мына Шурунун баласын талашып эмне болду. Ымыркайды энесиз, менин баламды аялсыз, ата-энесин сүйүктүү, эрке кызсыз калтырды. Өзү барып түрмөгө жашынып жаны тынды.

Ызы-чуу болуп жатып биз дагы базарга кетип калдык. Татуу, кийиттин баарын борбордон алып келген элек, азыр болсо ошол калган майда баратын ташып келдик. Биз шаарда жүрүптүрбүз да эч нерсени билбей, айылда жакшы экен. Белге кубат берип, күч болгон бул эл экен. Көчөнүн эркектери жылкыны жыга чаап союп, жиликтеп казанга салып ташташты. Келиндери болсо эки кап унду арыдан-бери жууруп, ачытып конок үй толтура боорсок кылышты. Салаттын түрүн жасап, жер-жемишти мол коюп дасторконду титиретип салышты. Мен оюмда кудагый экөөбүз өлгүчө жүгүрөбүз дегем. Андай эмес эле, бизди олтурган жерибизден кыймылдатпай баардыгын өздөрү зымпыйтып салышты. Бири-бирине эрегишпей, күлүп гана жүргөн келиндерди көрөсүң. Кээде уккандарым бар, баланчанын келини антип, анан түкүнчөнүкү мынтип дегендерди. Ошондо ушундай начар келиндер кайдан чыгат деп таң калчымын. Көрсө баардык эле үйдөн жакшы кыз тарбияланып чыгат экен, болгону барган жеринде кайненеси эптей албагандар экен деп койдум. Себеби шаардан алып келген келиндер деле жаркырап жүрөт тигинтип. Келин жаман эмес, келген жери жаман дейт беле. Мен ошондой го деп жыйынтык чыгарып койдум. Чын эле айылга кылганыбыз жакшы болгон экен, эл аябай келди. Шаарда болсо эмне саналуу туугандар келет болду. Эң башкысы ушунун сообу Шуруга тийип, жаны жай алып калса болду.
Эки күн туруп дагы, биз шаарга кайтып келе бердик. Үйгө келсек Кайрат жок экен, Ырыс бизге тамак асып олтуруптур. Үйдүн тамагы башкача да баарыбир, тамактанып алып уйкуга кеттик. Бир маалда эле ызы-чуу болуп кетти үйдүн ичи. Жүрөгүм шуу этип, чыгуудан корком. Жаман кабардан ушунчалык коркуп калыптырмын, бир нерсе болсо эле жүрөгүм шуу эте түшөт. Анан Ырыс чуркап кирди, биз Салим экөөбүз уктап жаткан элек.
—Апааа туруңуз, басыңыз, карасаңыз.
—Ай кокуй эмне болуп кетти? Тынччылыкпы?
—Билбеейм эмне экенин, чыгыңыз. Жана Кайрат телефондо айтса тамаша экен деп жатып алган элем. Көрсө чын айткан экен.
—Эмнени айтты эле? Түшүндүрүп айтчы айланайын, жүрөктү түшүрбө кокуй.
—Кайрат келинчек алып келиптир.
—Ай тамашанды кой, ботом жүрөгүм көтөрбөй калган мындайды.
—Апа мен тамашалап эмне кылам? Сизге тамашалабайм эч качан.
—Эмне кылабыз аппееей, бар тайненди чакыр тез. Кууп келсе эмне дейм. Кыз эмне деп жатат, карадыңбы деги.
—Унчукпай эле турат апа.
— Өзү келиптирби? Эмне кылышты билбейм, тайненди алып келгиле. Мен өзүмдү колго ала албай жаман болдум. Он биринчи классты быйыл аяктамак да Кайрат. Тогузунчу класстан коледжге өтүп алып билинбей калды. Өзү араң он сегизде болсо балам, келин канча жашта экен деп ойлоном. Ушундай кандай болсун? Мыкыга той кылган жатсак бул катын эрчитип келиптир. Мыкы өзүм окубасам да Кайратты окутайын деп жүргөн эле да. Мыкы апама барса гилейип алып келин ала албайт экенби, мен тойуна барам деп келбей коюптур. Куураганымды айт, эмне кылышты билбейм. Сандыктан колума илинген жолукту алып чыгып баратсам, Ырыс өзүнүн жакшы ак жоолугун алып чыгып берди. Анан барып башына жолук салдым. Жапжаш кыз, мөлтүрөйт тим эле. Унчукпай олтурат, экөө бири-бирин жактырышат окшойт.

—Кызым ай атың ким садага болоюн.
— Айжан.
—Кызым канча жаштасын?
—Он алты.
—Кокуууй ата-энең эмне дейт ботом, кийин бизди сотко берип убара кылбайбы? Келиним унчукпай койду, эшике чыксам Ырыстан өзүм жооп берем деп айттырып жибериптир. Кичине тынчып, камыр жууруп баштадым. Казанга от жагып, боорсок жасап баштадык. Баатыр агамдын үйүндө койлорум бар эле, ошонун куйруктуусун машинага салып, жыйырма миң акча менен ачуу базарга жөнөдүк. Ата-энеси кызынын үйдө эмес экенин да билишпептир, таң калып аябай жаман болуп кетишти. Кулдук уруп эле, үйүнө кирип олтуруп алдык. Байкуш атасы кызым он алты эле жашта болчу!-деп бир тызылдайт. Менин балам дагы жаш экенин айтып жатам, кызынын кол катын карматтым. Алып барган таттуулар, арактар катуу сынга алынды. Туугандары адам тенсинбегендер экени көрүнүп турду. Туугандарын тартса бул келиним дагы ушундай герсейген неме болот да эми. Айла жок балам жетелеп барса кантип кабыл кылбай койом. Айжанды бизге берүүгө ыраазы болуп, артынан куугунчу жиберди. Куугунчуларды дагы сыйлап, кийитин кийгизип узатып жибердим. Ошондо апам айтып калды, жанагы Ресторандагы боло турган Мыкынын тоюнда Кайрат экөөнү тең үйлөнтобуз деп. Бизге кайра жакшы да, кош той болсо мен кандай бактылуу болом.

Уландысы бар

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️