Пример HTML-страницы

Turmush: ОшТУда китепканачылар сыйланды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш технологиялык университетинин китепканачылар жамааты тарабынан 27-май — китепкана күнүнүн урматына арналган атайын иш-чара өткөрүлдү.

Бул иш-чарага университеттин проректорлору, китепкана жамааты жана студенттер катышты. Китепкананын директору Акмангүл Курбанбай кызы келген конокторду майрам менен куттуктап, кечени ачып берди. Проректорлор китепканачыларды майрам менен куттуктап, ректордун атынан ардак грамота тапшырылды. Ошондой эле университеттин профсоюздук уюму тарабынан акчалай белек берилди. Студенттер майрамдык ыр-бий тартуулады.

Окуу жайдын китепканасында университеттеги бардык адистиктерге тиешелүү болгон ар кайсы багыттагы миллиондон ашык китептер бар. Мындан сырткары 2010-жылы университет жетекчилиги тарабынан китепканага атайын жер бөлүнүп, чоң китепкана салынган. Мында университеттеги бардык китептер жайгаштырылып, окуу залдары, электрондук окуу залы, окутуучулар үчүн атайын каана жана башка китепканага тиешелүү бардык шарттар түзүлгөн.

Бүгүнкү күндө окуу жайда билим алып жаткан ар бир студент жана ар бир профессордук-окутуучулук курамдын кызматкерлери пайдалана алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE