Пример HTML-страницы

Turmush: Күйөөсүнөн таяк жеп, психикалык оорулуу болгон аялдар көп,

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Теплоключенка айылынын 47 жаштагы тургуну Медина Эрмек кызы 10 жылга жакын убакыттан бери психоневрологиялык стационардык аялдардын жатак мекемесинде эмгектенет. Ал аймактык кабарчы менен болгон маегинде өзүнүн ишмердүүлүгү жана мүмкүнчүлүгү чектелген айымдардын тагдыры тууралуу айтып берди.

Каарманыбыз Каракол шаарындагы И.Ахунбаев атындагы медициналык окуу жайда билим алган. Эмгек жолун тагдырдын оор сыноосуна кабылган адамдар менен иштөөдөн баштаган.

«Алгач бул мекемеде иштеп баштаганда корко берчүмүн. Жаштык экен десем да болот. Ошентип декреттик өргүүгө кетип кийин кайра келдим. Бул жердеги жумушума мындагы бизден кызмат алуучулар менен иштешүүгө көндүм. Бейтаптардын оорулары дайым эле кармабайт. Маал-маалы менен десек болот. Көбүнчө жаз жана күз мезгилдеринде болот. Бирок, учурунда дарылануу жүрүп тургандыктан өздөрүн жакшы сезип жүрүшөт. Биздин мекеме жабык деп аталганы менен айымдар эркин эле жүрүшөт. Убактыларын туура пайдалануу үчүн бул жерде өздөрүнүн шыгына жараша кол өнөрчүлүк менен да алектенишет», — деди ал.

Социалдык стационардык мекемеге келген айымдардын тагдыры ар кандай экенин Медина айым айтып өттү.

«Биздин кызмат алуучулар ар кандай тагдыр менен келгендер. Айрымдары тубаса оорулуу болсо, кээ бири төрөттөн кийин жабыркагандар. Акыркы учурда үй-бүлөлүк зомбулуктан, күйөөсүнөн таяк жеп, психикалык жактан жабыркаган айымдар көп болууда. Бул жердеги айымдар сулуу, билимдүү десек да болот. Эки дипломдун ээси болуп, көрүнүктүү кызматтарда иштеген айымдар да ушундай тагдырга туш болуп калышат. Алар менен сүйлөшүп, сырдашкан учурубуз болот. Эсинде калган жакшы учурларын, көбүнчө балалыгын жана жакындары тууралуу айтып беришет», — деди медайым.

Учурда Медина Эрмек кызы 3 баланын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE