Пример HTML-страницы

Сага сүйүүм түбөлүккө сакталат.

https://kyrgyzcha.site/?p=44993&preview=true Кызыктуу окуялар.

Сага сүйүүм түбөлүккө сакталат.

 

… Түн ортосунда таттуу уйкуда жаткан Айнуранын телефонуна кат келди… Көзүн араң эле ачып окуп жатты… Кандайсың Айнура? Периштедей болуп уктап жатсаң керек, жагымдуу түш көр деп Кылыч…

— Муну окуган Айнура мурдун тырыштыра уфф деди. . Уйкусу бузулуп андан ары уктай дагы албады, бир топ убакыт өткөн соң, кайрадан Кылычка өзү звонок кылды…

— Ой Айнура кандайсын? Сенин үнүңдү уккум келип олтурган…

— Жаман Кылыч менде баары жаман, убакыт түгөнүп калгансып түн бир маалда кат жөнөтөсүңбү? Эми уйкум келбей жатат сенин айындан уктуңбу? Деп трубканы тарс коюп салды… Өзүн күнөөлү сезип олтурган Кылыч асманга карай, эхх Айнура сенде бүгүн эле уйку жок болсо, менде сени көргөн күндөн баштап таттуу уйку эмне экенин унуткандаймын, сенин жылмайыңкы жүзүң көз алдымдан эч кетпейт, кандай кылып жүрөгүңдү багындыра алат экенмин, кандай кылып жүзүңдү өзүмө бурдура алат экенмин… Деп терең үшкүрүп койду…

Уйку сурап оордунан араң турган Айнура Кылычтан дагы кат келгенин көрдү, аны окубастан эле өчүрүп койду… Күндө ушундай, басса турса Кылычтан кат келет… Кутман таң… Кайырлуу кеч… Сени сагындым… Көргүм келет… Ушуга окшогон каттар Айнураны тажатып жиберди, канча Кылычка катуу айтпады, баары бир эч нерсе болбогондой сезимге толтура каттарын жибергенин токтотподу.

Айнура окуу жайдагы көп сынактардын жеңүүчүсү, сулуулар сынагы болобу, окуу сынагы болобу көп ийгиликтерге жеткен төрт тарабы төп келишкен, ай чырайлуу кыз….. А Кылыч болсо жөнөкөй гана карапайым жумушта иштеген, эч жерде окубаган жигит… Экөө көчөдө мындай болуп таанышып калышат… Айнура бир сынактын жеңүүчүсү болуп курбулары менен майрамдап, кеч үйүнө жетейин дегенде көчө балдары Айнураны ортого алып тономокчу болушат, так ушул кезде Кылыч кечки машыгуудан келе жатты… Жалгыз кызды кыйнап жаткандарды көрүп, жини келип алардан Айнураны куткарып алып үйүнө жеткирип коёт…

Башында баары жакшына болчу, Айнура көп ийгиликтерге жетишкен соң, көзүнө эч ким көрүнбөй калат… Асмандан түшкөнсүп, Кылычты дагы эмес жакын курбуларын дагы менсинбей кетти, бул нерсе Айнураны каттуу өзгөртүп жиберди… Албетте ийгиликтерге жетишкен соң ар түрдүү мода дүйнөсүнөн сунуштар түшө баштады, андан соң кино дүйнөсүнө аралашты… Кудай ар түрдүү кылып сынайт, кээде башынды көккө жеткирсе, кээде ылдый каратып коёт…

Ошол күндөрдүн биринде, Кылыч Айнураны кечки тамакка чакырып, үйлөнгүсү келе турганын айткысы келди, көпкө күттү бирок Айнура келбеди, башын жерге салып, Айнуранын элесин көрүүнү самады… Анын балбылдап жанган көздөрүн бир көрүүгө зар эле… Чыдап тура албады, макул Айнура мени жаман көрсөң жаман көр, бирок мен сага баары бир жетем, азыр жанына барам деп, Айнураны көздөй жөнөдү… Алтынчы кабатка көтөрүлүп бара жатты, эмнегедир эшик ачык экен… Үйдүн ичинен Айнуранын каткырыгы угулат, эшиктин кичине ачылган жеринен, Айнуранын бир жигит менен кучакташа олтурганын көрдү, колдорунда кызарган вино, а Айнура жарым жыланачтанып тиги жигитке оордунан туруп бийлеп кирди. Айнураны суктана карап олтурган тиги жигит Кылычка эмнегедир тааныш учурады… Ооба ал жигит белгилүү актерлордун бири эле… Муштумун түйүп тишин кычырата тиштенип алган Кылыч, эшикти тарс эттире туртуп, сыртты көздөй чыгып кетти… Ичинен Айнураны жанынан артык сүйүп алганы үчүн биринчиден өзүн жек көрүп жатты… Дүйнөдө эң эле оор сыноолордун бири бул сүйүү экен, же анын даарылай турган дабасы жок… Ошол күндөн баштап Айнурага кат жөнөтүүнү токтотту, ичи өрттөнүп күйүп жатса дагы башкаларга окшоп ичип, же бузулуп кетпеди… Жөн гана өзүнүн иши менен алектенип жатты…

А Айнура болсо, башынан жомоктогудай күндөрдү өткөрүп жатты, жанагы белгилүү актерго бир жолу берилип алган, кыялында ошого турмушка чыксам дейт…

Бир күнү ал актёр жигит, Айнурага келип… Айнура жакында мен үйлөнүп жатамын, тоюма чакырамын келгин деди… Ордунда нес болуп турган Айнура, кандайча? Тамашаңды койчу, мен кантемин анда? Анын үстүнө менин сенден боюмда бар болсо деп жашын шорголотту… Вот именно!!! Сенин боюнда болсо сени кантип алмак элем, мен кайдан билем ал баланын кимден экенин, мен кайдан билем мага чейин ким менен болгонуңду, так что ал сенин проблемаң… Менин сендей жубайым болушун каалабаймын, деп сыртка чыгып кетти…

Башына таш менен койгондой Айнура селейип калды, себеби мындай катуу сөздү биринчи жолу укту, оюнда мага көп жигиттер үйлөнгүсү келет, мен баарын өзүмө карата алам деп ойлочу… Бирок, ыйман гана баарын кызыктырганын эсинен чыгарып койгонун эми билди…

Көзүнүн жашын көл кылып буркурап ыйлап жатты, артынан калбай баарына даяр болгон жигиттердин бири дагы жок эле, сырын тең бөлүшөөргө курбу кыздары дагы жок эле, бул ааламда жалгыз калгандай сезип жатты өзүн… Өзүнүн чектен чыгып кеткенин эми сезип жатты, бирок кеч эле ичиндеги түйүлдүк чоңоюп жатат, жакында баары билинет ошондо мени менен сыймыктанган ата-энем элдин бетин кантип карайт деп ыйлап жатты… Эртең эле баланы алдырып салам деп жатты, бирок ичтеги түйүлдүк чоңоюп калган соң, алдырганга болбойт эле, айласыз үй камагынан чыкпаганга туура келди, айылдагы ата- энесине гастрольдоп жүрөм деп жалган айтып койгон, кылган иштери үчүн каттуу өкүнүп жатты… Ошондо эсине Кылыч келди, анын мээримдүү көздөрү, жылуу колдору, дайыма Айнураны бүт нерседен коргоп турчу, Айнуранын көңүлүнө карап, айды дагы алып бергенге даяр эле… Мына ушуларды эстеп алып, айласыз ыйлап жатты, кечир Кылыч мени чынында сүйөт элең, а мен ошого жиним келген, акмак башым, сенин сүйүүңдү кадырлай албадым, көзүм тумандап калбадыбы Эми карачы сенин жылуу кучагыңа, мээримдүү көз карашыңа зармын деп сүйлөнүп ыйлап жатты… Ошондо Кылычтын анча мынча калган каттарына, маани берип окуп жатты, ар бир сөзүндө жылуу сезимдер катылган, аттиң Кылыч ошондо эле сен менен калганымдачы, сен айткандай сөздөрдү, бир дагы жигит айтбаптыр… Кадырыңды эми сездим, колдогу бар алтындын баркы, жок болгондо сезебиз деген ушул экен да… Эхх деп үшүкүрүнүп алды… Күзгүгө караса, ичи томпоюп чыгып калыптыр, өзү аябай кыйналды, түрдүү тамактарды жегиси келип, көп нерсеге талгак болду, бирок жанында эч ким жок… Айы күнү жетип түн бир маалда толгогу башталды, өзү тез жардам чакырып ооруканага жетти, оорусу күчөп, чыдагыс болду… Ошондо апасын эстеп кетти, кээде ичи катуу ооруса кээде басылгандай болот, акыры ошентип кыйналып жатып, кочкордой уул төрөдү, атасынын өзү эле тармал чачтары, капакара болгон чачтары… Сүйүнчүлөгөнгө эч ким жок эле, баласын кучактай ары карап алып ыйлап жатты, себеби жанында чогуу төрөп жаткан келиндерге ар ким белектерин алып келип куттуктап жатышты, эртең эле ангыраган эки бөлмөлүү үйүмө барат экенмин да деп, жашы жаздыкка тамып жатты… Үч күн өткөн соң чыкмакчы болуп даярданып жатты, башка келиндердин жолдоштору келип, баласын кучактай аялын жетелеп кучактап чыгып бара жатышты, а Айнура жападан жалгыз, эч нерсеге көңүлү жок маңдайга жазганын көрөбүз да эми деп уулуна карай сүйлөнүп жатты… Ооруканадан чыга бергенде, Айнуранын көздөрү жайнай түштү, себеби алдында Кылыч колуна толтура гүл кармап, дагы бир колуна бажырайта шаар кармап турду, аман-эсен көз жарып алдыңбы деп Айнуранын эки бетинен өөп, колундагы баланы алып өөп койду… Айнура эмне деерин билбей, Кылычтын мойнуна асылды… Кечирчи мени!!! Чүүшь болду Айнур баланы ойготосуң, жүр машинага олтур, бала үшүп кетет… Деп шыбырлай машинаны эшигин ачты, машина туура эле бир зангыраган үйгө келип токтоду, ичинен ак жоолук салынган мээримдүү аял чыкты, ал Кылычтын апасы… Айнуранын эки бетинен өөп жакшы тосуп алды… Эч нерсени түшүнө бербеген Айнура Кылычка кайрылды, төркү бөлмөгө жетелеп кирип, Кылыч бул эмне кылганын? Муну кандай түшүнсө болот?

Айнура билесңби сени канча издедим? Издебеген жерим калбады, кийин сен менен жүргөн актерго бардым, баарын айтып берди, өлтүргөнгө аз эле калды… Себеби сенин жашыңды агызгандарды мен жок кылам, сенин бактылуу болушуңду каалаймын, түшүндүңбү!!! Сени издеп үйүңдү араң таптым, кошуналарың айтышты ооруканага кетти деп, андан соң апама түшүндүрдүм, бирок бала меники деп айттым, бир кездери сага үйлөнөмүн деп бул шакекти алып койгонмун, эми тагынып ал…

Жок Кылыч мени кое бер, мен баарына татыктуу эмесмин, өзүм күнөөлүмүн эми өз мойнум менен көтөрүшүм керек… Айланага карачы ыймандуу кыз коп, а мен ыймансызмын бирөөдөн балалуу болуп сага тийгим келбейт, сенин өз балаң болот кийин, а мени кое бер мен татыксызмын… Деди баласын көтөрүп, сыртка чыкмакчы болгондо, колунан тарткан Кылыч, бооруна Айнураны катуу кысып алды; «ооба Айнура туура айтасың кыздар көп, бирок сен бирөөсүн, ооба өзүмдүн балам болгонун каалаймын, Кудай буйруса экөөбүздө болот. Ошон үчүн Айнура ишен мага сенин бир тал чачың жерге түшпөйт мен турганда, сени эч Ким капа кыла албайт, сенин бир сөзүңдөн кайтпаганың жагат… Адам адашпайм дейт бирок адашат… Сен дагы ошондойго кабылдың, бирок ошону түшүнгөнүң бул өзү эле жеңиш… Бул сага сабак болду, эми көп нерсенин кадырын билесиң, мен сага капа эмесмин Айнур, буйруса баары жакшы болот»- деди… Көзүнөн жашын мөлтүлдөткөн Айнура: «рахмат Кылыч сени

өмүр бою бактылуу кыламын… Мен чындыгында бактылуумун, менин сүйүүм түбөлүккө сага деп сакталат”- деди… Аңгыча Кылычтын апасы келип ай балдарым жүргүлө чай ичкиле чарчадыңар деп, колундагы ак жоолугун Айнурага салып койду… Эртеси эле Айнуранын ата -энесин чакырышып, баарын түшүндүрүштү чындыгында жиндери келгендери менен, күйөө баласы менен небересин көрүп тез эле жибип кетишти… Наристенин кыркы откон соң, дүркүрөтө той беришти, Айнура баштагыдай эмес, токтоо ыймандуу, кайын эне кайын атасын алаканына салып, бүт жумушка жетишет, баардык айыл ичи Айнураны жакшы келин деп макташат, бара-бара Айнура Кылычты жанынан артык сүйүп калды, бир аз жоголсо эле көздөрү томсоро Кылычты издеп калат, а Кылычтын сүйүүсү андан дагы өтөөр эле… Кылыч окубаганы менен иштин майын чыгара аткарат, натыйжада тез эле бутуна туруп кеткен болчу… Арадан жылдар өтүп, Айнура кичинекей өзүнө окшогон периште кыз тороп берди…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE