Пример HTML-страницы

Сүлүктү шаарындагы турак үйдөн өрт чыгып, 3 күжүрмөн эсеп тартылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен облусунун Сүлүктү шаарында турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн, 6-январь күнү Сүлүктү шаарында турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ошол замат саат 01:17де 1 күжүрмөн эсеп, ал эми саат 01:35те 2-күжүрмөн эсеп №52 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн тартылган.

Кошумча күч катары саат 02:05те Раззаков шаарындагы №74 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 4 өрт-өчүрүүчү куткаруучу чыгып, саат 02:30да жетишкен. Натыйжада саат 02:47де чектөөгө алынган жалын саат 03:17де толугу менен өчүрүлдү.

Тилсиз жоонун жалпы ээлеген аянты 300 чарчы метрге чейин жеткен. Бактыга жараша адам өмүрүнө коркунуч жаралган эмес.

Учурда материалдык чыгым жана өрттүн чыгуу себеби такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE