Пример HTML-страницы

ОшМУга Индиянын элчилигинин өкүлдөрү келди. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushОш мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков Индиянын Кыргызстандагы элчилигинин 2-катчылары Р.Кумар жана Н.Понноппан менен жолугушуп, билим берүү, илим жана маданият маселелери багытында пикир алышты. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушууда IT, медицина тармактары боюнча Индиянын эл аралык долбоорлоруна кызматташтык сунушу айтылды. Ушул жылдын 17-18-июнь күндөрү Ош шаарында белгилөө алдында турган эл аралык йога күнүн ОшМУ менен биргеликте уюштурууну сүйлөшүштү.

«Жолугушуунун алкагында коноктор Индиядан келип, ОшМУда билим алып жаткан студенттердин ден соолугун кароого, билим алууга түзүлгөн шарттары менен таанышты. Студенттер менен жолугуп, пикир алышты.

Учурда ОшМУда 3000ден ашуун индиялык студент эл аралык медицина факультетинде билим алышат. Аларга жергиликтүү студенттер сыяктуу билим алууга бардык шарттар түзүлгөн. 1-курска келген студенттер окуу жайдын медициналык клиникасынан акысыз короодон өтүшөт», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE