Пример HTML-страницы

Ош шаардык соту «Манас-Ата» кафеси боюнча доо-арызды кароосуз калтырды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаардык соту архитектуралык-курулуштук контролдоо боюнча башкармалыгынын «Манас-Ата» кафеси боюнча жазган арызын кароосуз калтырды. Бул тууралуу Ош шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, архитектура башкармалыгы сотко доо-арыз берүүдө тиешелүү далилдерди көрсөткөн эмес. Мындан улам сот аталган башкармалыкка доо-арыздагы кемчиликтерди оңдоо үчүн 10 күн убакыт берген. Бирок эч кандай аракет болгон эмес.

«Ош шаардык соту тарабынан 5-августа аныктама чыгыптыр. Анда доогер архитектура башкармалыгынын доо-арызы кароосуз калтырылган. Анткени Жарандык-процессуалдык кодекстин 134-беренесинин 2-бөлүмүнүн 4-5-пункттарына ылайык доо-арыз берилгенден кийин талаптары сакталып, негиздеп, жагдайлар менен ырастап бериш керек. Ошол жагдайлар ырасталган эмес, далилдер көрсөтүлгөн эмес. Ошондуктан бул доо-арыз кароосуз калтырылган. 5-августа аныктама чыгып, 15-авгуска чейин кемчиликтерди толуктоо боюнча убакыт берген. Бирок доо-арыздагы кемчиликтер толукталган эмес», — деп айтылат маалыматта.

Архитектуралык-курулуштук контролдоо боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Залкар Азимовдун айтымында, сотко «Манас ата» кафеси документте көрсөтүлгөн багытында иштесин деген жүйөө менен арыз жазылган.

«Сотко берилген. Кароодо турат. Белгилене элек. Биздин инспектор кабар алып жатат. Жакында болот дейт. Өзүнүн профилиндей иштетүү, документте көрсөтүлгөндөй үй багыты боюнча иштетилсин деп арыз берилген. Документи жок десең, үй деген документи бар. Кафенин жарыгы, суусу өчүрүлгөн, иштебей турат», — деди Азимов.

Эске салсак, 7-июлда «Манас-Ата» кафесинин профилин жеке турак жай кылып өзгөртүү боюнча Ош шаардык сотуна доо-арыз берилген.

Буга чейин аталган кафеде журналисттер менен администратордун ортосунда кайым айтышуу болгон. Журналисттер кафедеги санитардык нормаларды текшерүүнү көздөп, бирок имаратка кире алышкан эмес.

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы кафени текшерип, ээсине жана башкы ашпозчуга айып пул салган. Кафенин ишин токтотуп, суу жана электр энергиясын берүү токтотулган.

Кафенин боюнча ишти Ош шаардык мэриясы тарабынан атайын комиссия түзүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE